КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Узак жолдон чарчап келген Тимур үйгө көңүлү суз кирди.

– Кандай?- деди эшикти ачкан Айсарага ооз учунан.

– Жакшы, өзүң жакшы келдиңби?- деди Айсара өзүн күнөөлүү сезе. Тимур бул суроону жоопсуз калтырды. Мындан кийин үйдүн ичинде тынчтык өкүм сүрдү. Тимур уктоочу бөлмөгө кирип сырткы кийимдерин жерге таштай салып эле чылым алып чыгып күйгүздү. Удаасынан бир нече чылым чекти. Айсара буга үн деген жок, ашканадан чыкпай жүрө берди.

– Кел биякка, ашканага байланып калдыңбы?..- деди Тимур бир топтон кийин.

– Бул эмне?- телефондон Айсаранын клубдан тартылган видео, сүрөттөрүн катары менен көрсөтүп жатты. Айсара унчуккан жок, мас болуп калган эле, өзү тартылган видео, сүрөттөрдү өзү деле азыр көрүп жатты.

– Мен буларды...- деп мукактана токтоп калды.

– Мындайыңды токтот. Ушул акыркысы болсун. Эгер дагы ушундай кыла турган болсоң, анда менден жакшылык күтпө. Мен сени аяп отурбайм,- телефонун жерге бир чапты. Бул түнү экөөнүн ортосунда башка сөз болгон жок. Экөө эки бөлөк бөлмөгө жатып алышты.

xxx

Байыш акыркы күндөрү үйгө анда-санда гана келчү болду. Болгон күчүн көп акча табууга жумшап жатты. Ичиндеги жырткычтык мүнөзү биротоло ойгонгондой эч кимди аябай калды. Карыздарынан аз-аздан кутулуп жатты. Байыштын жалгыз максаты – карыздарынан кутулуп, Орусиядан чыгып кетүү эле. Азыр анын оюнда жалгыз гана ушул нерсе. Карлыгач, ал көтөрүп жүргөн курсактагы наристе анын оюна да келбей калды. “Кыргызстанга кетип кутулууга болбойт, алыска кетүүгө камылга көрүшүм керек” деп ойлонгон Байыш Европага кетүүнүн жеңил жолдорун караштырып баштады. “Сырыңды эки адам билсе, анда жалпыга жайылганы” деген сөздү карманып, өзүнүн пландары тууралуу эч кимге шек алдырган жок. Интернет желесин кароо менен алек болуп жаткан Байышка Руслан телефон чалып чакырды. Байыш көп күттүрбөй айтылган дарекке барды.

– Кандайсың анан? Бизге окшоп арстан болушуң менен куттуктайм!

– Эмне болгон арстан?- Байыш Русланга түшүнбөгөндөй карады.

– Бас, сени Шерзат чакырып жатат.

– Тынччылык элеби?

– Бара көрөсүң. Сюрприз болуп турсун, же чыдамың кетип жатабы?- деп күлүп калды Руслан. Байыш экөө бат эле Шерзат жайгашкан дарекке жетишти. Шерзат терезеден сыртты карап чылым чегип туруптур.

– Өткүлө,- деп отургучту көздөй кол жаңсады босогодо турган экөөнө.

– Байыш, коркуп жаттың эле иштегенден, азыр кадимкидей дасыгып калганыңды көрүп турам. Эми бүгүндөн баштап сен Русландын жетегинен чыктың. Сен эми өз алдыңча аракет кыласың. Өзүңдүн командаңды түз,- деп тамагын кырынып койду, көзүнүн кыйыгы менен Байышты астейдил карап.

Байыш унчукпай манжаларын мыкчып кырсылдатып отурду. Анын оюнда команда түзүп, булардай болуп бул ишке сүңгүп кете турган ою жок эле. Ал булардан ушунчалык тездик менен кутулууну самап жаткан.

– Эми сен иштин көзүн жаңы келгендерге үйрөтө баштайсың. Өзүңдөй тайманбаган кызматкерлерди чыгарсаң жакшы эмеспи. Бирөөлөрдү жетектеп, жол көрсөткөнгө даярсыңбы?- Руслан сөзгө аралашты.

Байыш башын ийкеди. Ичинен “карыздар бүтөрүнө аз калды, силерге изимди таптырбай кетпесемби” деп ойлонуп турду.

xxx

Байыштын суук, көңүл кош жасаган мамилесине Карлыгач кадимкидей көнүп калды. Мурдагыдай үйгө келбей калганда издөө, телефон чалуу, түн бир оокумга чейин күтүү деген такыр токтоду. Курсагындагы балага деле Байыштын күйүмдүү ата болорунан акырындап үмүтү үзүлө баштады. Өз арбайын өзү согуп, өз жанын өзү багуу менен алек. Курсагы чоңоюп калганы дүкөндө товар тизип иштөө дагы оорчулук жарата баштады. Буттары ооруп кыйналып жатты. Төрөсөм кантип жан багам деген суроо аны көбүрөөк ойлондура баштады. Кыргызстанга кетсемби дейт. Кайра “ал жакта мени күткөн киши бар беле? Эжем болсо телефон чалуума жооп бербей жатат. Курсагымды чандайтып барсам, “күчүгүм, келегой” деп үйүнө киргизет беле? Бирок бул жактагы чогултуп жаткан акчамды алып барсам бир топко жашаганга жетет. Бала менен отуруп калсам, Байыш болсо ушинтип кабарсыз болуп кете берсе кантип жашайт элем?” деп ойлонот. “Карыздарынан кутулса бизге караар, карыздары тытып турса тынч жашай албай жатса, мага көңүл бурууга, акча берип турууга кайдан шарты болсун? Ансыз да ишин таштап мен үчүн Москвада жүрбөйбү” деп кайра Байышты аяйт. Карлыгачтын күндөрү ушул ойлор менен алпурушуунун айланасында өтүп жатты.

xxx

Жардамга муктаж аялзатына колдоо көрсөтүүчү борбор ачылганда Айсара мынча көп аялзаты кайрылат деп күткөн эмес. Кайрылгандардын көп экенине таң калды. Айрым аялдар бул жакта баш калкалап, айрымдары ар кандай жардамдарды алып жатышат. Күн сайын ар кандай оор тагдырларды угуп, ыйлаган көздөрдү көрүп зээни кейип жатты Айсаранын. Болгон убактысын ушул жактын ишине арначу болду. Көпчүлүк аялзатына психологиялык жактан жардам керек экенин түшүнгөн ал жакшы психологдорду кызматташууга чакырып, алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатып акыры психологдорунун санын кыйла көбөйттү. Эл аралык уюмдарга долбоор өткөрүп, алардан колдоо таап, борбордун шартын жакшыртуу менен алек болуп жатты...

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан