СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Чөп үстүндө ойнолуучу хоккей федерациясы түзүлдү

Бишкекте чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча федерация түзүлүп, 25-октябрда расмий ачылышы болду. Ачылыш аземдин жүрүшүндө Казакстандан келген хоккейчилер көргөзмө оюн көрсөтүшүп, жергиликтүү оюнчулар менен мелдеш өткөрүштү.

Федерациянын президенти болуп, аталган федерацияны түптөгөн Кубан Атагараев дайындалды.

Белгилей кетсек, чөп үстүндө ойнолуучу хоккей спорту боюнча эл аралык хоккей федерациясынын курамына 126 өлкө катталган. Ошондой эле бул спорт түрү 1908-жылы Жайкы Олимпиада оюндарынын тизмесине киргизилген.


Көк бөрү боюнча Өлкө чемпиондугу башталды

Талас облусунда 26-октябрда көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиондугу башталды. Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан келген 14 команда катышууда:

Чоңдор арасында А тайпасы:

Ош облусу

Талас облусу

Нарын облусу

Чоңдор арасында В тайпасы:

Чүй облусу

Бишкек шаары

Ысык-Көл облусу

Жаштар арасында А тайпасы:

Жалал-Абад

Ош

Бишкек

Чүй

Жаштар арасында

В тайпасы:

Талас

Баткен

Ысык-Көл

Нарын

Алгачкы күнү чоңдор арасында Талас облусу Ошту 5:2, Чүй облусу Бишкекти 3:2 эсебинде жеңсе, жаштар арасында Жалал-Абад Ошту 8:0, Бишкек Чүйдү 8:2, Талас Баткенди 8:1, Нарын Ысык-Көлдү 4:2 эсебинде утту.

Бокс: Курама команда Азия чемпиондугуна барат

Бокс боюнча Кыргыз курама командасы Иорданиянын борбору Амман шаарында өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Турнир 31-октябрда башталып, 13-ноябрга чейин созулат. Кыргыз курама командасында жалпы 12 спортчу намыс талашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан