ЖЫЛДЫЗДАР СЮЦАЙДЫН ДҮРБҮСҮНДӨ...

Сюцай – кызыктуу илим. Адамдын туулган датасын карап, ал адам тууралуу маалымат ала аласыз. Мүнөзүнүн жакшы, начар жактарын билип, адам өзүнүн үстүнөн сюцай илими боюнча иштесе, жашоосун жакшыртып, бактылуулукка багыт ала алат. Мисалы, карьера түзүп, көп киреше таап, чыгармачылыгын өстүрө алат. Бул ирет шоу-бизнес өкүлдөрүнүн туулган датасын карап сюцай адиси Азизбек Момукулов менен бирге талдап көрдүк.

Тубаса лидер ырчылар

Сюцай боюнча, адам кайсы датада төрөлсө, ошол сандын программасы менен планетасынын таасиринде болот. Сандар 1ден 9га чейин алынат. Эгер адамдын туулган күнү 2 орундуу сан болсо, анда ал 2 санды бири-бирине кошуп, 1 орундуу сан чыгарып алуу керек. Мисалы, 10-октябрда туулсаңыз 1+0=1. Демек, аң-сезим саныңыз – 1. Эгерде 29-ноябрда туулсаңыз, 2+9=11. Бул 2 санды кошсок, 1+1=2. Аң-сезим саныңыз – 2.

1 санында туулган ырчылар Нурлан Насип (10-сентябрь), Айгерим Расул кызы (10-октябрь,), Сайкал Садыбакасова (10-декабрь), Нурмат Садыров (19-октябрь), Омар (19-ноябрь).

Аң-сезим саны 1лерди башкарган планета – Күн. Күндүн энергияларын алып жүргөндүктөн жылдыз болгусу келишет. Булар – тубаса жетекчилер, лидерлер. Дүйнөгө башкаруу үчүн келгендер, башкача айтканда, хан же ханышалар. Эгосу күчтүү, бийликти самаган, идеалист да, материалист да боло алган адамдар. Бийликте болушса да, чыгармачылык жаатта болушса да локомотив катары оор жүктү тарта алышат. Стратегиялык ой жүгүртүүлөрү күчтүүлөр, күчтүү мотиваторлор. Бирок булардын эгосунда (акылы, ой жүгүртүүсүндө) өз мыйзамдары бар жана ошону менен жашашат. Кандай маселе болсо да башкалардын ой-пикирин укпай, өз алдынча чечим чыгарышат. Көп учурда мунун азабын тартышат. Аң-сезим саны 1лер өздөрүнүн ыгына көнгөндөр менен гана узакка мамиле түзүшөт. Жалгыздыкты жактырышат, өз курагынан жаш көрүнүшөт. Колдорунда биотоктору бар.

Мурдагы президенттер Аскар Акаевдин (10-ноябрь) жана Курманбек Бакиевдин (1-август) да аң-сезим саны – 1.

Терс жактары – агрессияга жакын, табиятынан өзүмчүлдүк, деспоттук бар. Катуу депрессияга түшүп кеткен учурда жаман адаттарга жеңилип бериши мүмкүн.

Адамдарды кантип бөлөт: Сөзүн уккандарды жана тилектештерди өз адам көрөт, камкордукка алат. Пикирин колдобогондор “жат” адамдар.

Тубаса психолог, дипломаттар

Ырчылар Мирбек Атабеков (туулган күнү 11-август) жана Эрлан Андашевдин (29-август) аң-сезим саны – 2. Колдоочу планетасы – Ай. Күчтүү дипломаттар, реалисттер жана тубаса “Тышкы иштер министрлери”. Табиятынан психолог жана эзотериктер (алдын ала туюу сезими күчтүүлөр). Эгосу – башка адамдарды жана жагдайларды түшүнүүгө багытталган. Назик, сезимтал, сүйкүмдүү, өжөр, абдан чыдамкай адамдар. Кыялындагы идеяны, мейли чыгармачылыкта же башкада болсун, ичтеринен абдан бышырышып, анан ишке ашырышат. Достордун, ата-эненин, дегеле бардык адамдардын тилин бат таба алышат. Бирок Ай планетасынын таасиринде болгондуктан буларга жылуулук, сүйүү жетишпегендей сезиле берет.

Эс-тутумдары күчтүү болушат. Бирок туура чечим кабыл алыш үчүн 3 күн ойлонушат. Шашылыш кабыл алган чечимдери көбүнчө туура эмес болуп чыгат. Анткени эс-тутуму организминин ар жеринде жайгашкан, алардан жооп келип жыйынтык чыгарууга убакыт талап кылынат. 3 күндө чечим чыгарышпаса, буларга кеңеш берүү керек. Болбосо, депрессияга түшүшөт.

Негизи, аң-сезим саны 2лер жанында таяныч болуп жүрүшү үчүн аң-сезим саны 1лерди издей беришет. Ал адамдын жардамы тийсе жаны жай алып калат.

Булардын дагы бир өзгөчөлүгү – бир нерсени толук түшүнүү үчүн түбүнө чейин казышкандыгы. Айрымдар буларды ушул сапаты үчүн жактырышпайт же тескерисинче. 2 санын алып жүргөн эркектер “плейбой” болушат. Аялзатына эмне керек экенин билишет, ошого жараша мамиле кылышат.

2 саны – сууну да билдирет. Ооруганда дарыны таблетка түрүндө ичсе жардам бербейт, суюк дарыларды ичиши керек. Суу жээгинде көп жүрсө энергия алышат, идеялар жаралат.

Терс жактары – эки анжы болуу, күмөн санай берүү, депрессияга жакындык кирет.

Адамдарды кантип бөлөт: Мени түшүнөт жана түшүнбөйт деп ылгайт.

Аскердик духту алып жүрүүчүлөр

Ырчы Сыймык Бейшекеев (туулган күнү 9-сентябрь) жана актёр Аскат Сулаймановдун (27-май) аң-сезим саны – 9. Колдоочу планетасы – Марс. Булар тубаса аскер адамдары, аскердик демди алып жүрүүчүлөр. Эгосу – жеңишке багытталгандар. Андыктан буларга “Келди, жасады, жеңди!” деген ураан таандык. Алдыга умтулган, шамдагай, чапчаң, эмоциясы ашып-ташып турган адамдар. Ошол эле учурда ишенчээк, өзүнө бирөөнүн кам көрүп турушун талап кылгандар.

Жан дүйнө мүдөөсүн идеясы аркылуу ишке ашырышат. Идея тапса, энергиялары толуп-ташып, тоону да томкорууга даяр болуп чыга келишет. Идея жокто жалкоолук диванга тартып турат. Андыктан алдыда жүрүшү үчүн дайыма идея керек. Экстремалдуу спортко жакын, адреналин алуу менен өздөрүн күчтүү, бактылуу сезишет.

9 санындагылар тактик жана авантюристтер. Жардам берүү энергиясын алып жүрүшөт. Андыктан кандай жагдай болсо да ойлонбой туруп кыйынчылыкка туш болгон адамга кол сунушат. Алардан ыраазычылык күтүшөт.

Узакка ойлонууну жаман көрүшөт, дароо чечим кабыл алып, ишке киришкендер. Хирургия, аскер тармагы, укук коргоо органдарында иштешсе өздөрүнүн дараметин толук көрсөтө алышат.

Ашыкча амбициялуу, эмоционалдуу болгондуктан кээде көп ишти бир учурда баштап алып, аягына чыгара албай калышат. Өзүнүн позициясы жана пикири үчүн күрөшүп жатып, башкаларга басым көрсөтүп алышат. Сүйүү да эмоция, андыктан сүйүүнү түшүнүп баалай алышат, бул жаатта жакшы чыгармаларды жаратуу буларга жеңил. Акчага, байлыкка сергек, акыл-эс менен мамиле жасашат.

Саны 9дарга айтылчу кеңеш – “оң колуң кылган жакшылыгыңды сол колуң билбесин”.

Терс жактары – пароноиддик, кызыл кандуулук.

Адамдарды кантип бөлөт: айланасындагыларга “жакшылыкты билет, билбейт” деп мамиле кылышат.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан