БАЛА ТЫЙЫН, СӨӨК, ИЙНЕ ЖУТУП АЛГАНДА...

Жөрмөлөгөн баладан тартып 6-7 жашка чейинкилер майда-чүйдө заттарды жутуп алган учурлар көп учурайт. Жутулган нерселер дем алуу жолуна, ашказанга өтүп кетсе, кызыл өңгөчкө тыгылып калса эмне болот? Бишкек шаардык балдар клиникалык тез жардам ооруканасынын көкүрөк хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Каныбек Молдоисаевден маалымат алдык.

Ата-энелердин шалаакылыгынан болот

Кичине балдарды эч качан кароосуз калтырбоо керек. Айрыкча балдар айлана-чөйрөнү таанып-билүүгө кызыкдар кезде. Бул 6 айдан тартып 7 жашка чейинки мезгил. Балдар оюнчуктардын майда бөлүкчөсүн, буурчак, тыйын, шуру, калемсаптын башы, ийне, сөйкө, шакек, төөнөгүч, балыктын кылканы жана башкаларды жутуп алышат. Мындай жагдайда балдардын ооруканага түшүшү үзүлбөйт. 2022-жылдын 1-январынан бүгүнкү күнгө чейин биздин бөлүмгө 300 бала түштү. Жутулган заттардын баары медицинада организмге чоочун заттар (инородное тело) деп аталат. Жутулган нерсе кайра чыкпай калса, албетте, организмге зыянын тийгизет. Балдардын чоочун заттарды жутуп алышына ата-энелердин, чоңдордун шалаакылыгы же кайдыгерлиги күнөөлүү. Көп учурда жутулган нерсе кызыл өңгөчтөн карынга, андан ичегиге өтүп баланын заңы менен сыртка чыгып кетет. Кокус чыкпай калса эмне болот? Кепти ушул жаатта улантабыз.

Ийне, төөнөгүч жутуп алса...

Белгилери: Эгер жутулган ийне же төөнөгүч кызыл өңгөчкө сайылып калса, бала тынымсыз ыйлайт, шилекейи агып, аны жутушу кыйындайт. 5 жаштан өткөндөр кайсы жери ооруп жатканын айтат же көрсөтөт. Ийне, төөнөгүч сайылган жер сезгенет, канайт, кээде тешилип калышы да мүмкүн.

Диагноз үчүн рентгенге тарттыруу керек. Ийне, төөнөгүч металл болгондуктан рентгенден кайсы жакта турганы көрүнөт. Айта кетчү нерсе – бала эмне зат жутса дагы диагноз коюу үчүн рентген аркылуу текшерилет.

Дарылоо: Кызыл өңгөчкө сайылып калган ийне эзофагоскоп аппаратынын жардамы менен алынат. Өпкөгө өтүп кетсе бронхоскоп аппараты аркылуу чыгарылат. Бул үчүн наркоз берилип, кулкун аркылуу атайын кыпчуурлар менен сууруп чыгабыз. Бул иш 20-30 мүнөткө созулат.

Ийне өпкөгө өтүп кеткен учурда баланын өмүрүнө коркунуч туулат. Бронхоскоп менен алып чыгууга мүмкүн болбосо операция жасап, бронхту кесип, ийнени алып чыгууга туура келет.

Бир окуяны айтып берейин. 8 айлык бала ойноп жатып төөнөгүч жутуп алган, ал кызыл өңгөчүнө киргенде ачылып, сайылып калган. Аны эзофагоскоп аппараты менен алып чыкканбыз.

Тыйын жутуп алса...

Тыйындын чоңун жутуп алса, кызыл өңгөчүнө жалпагынан такалып туруп калат. Майда тыйындар ашказанга өтүп кетет, кээде кызыл өңгөчтүн былжыр челине жабышып калган учурлар да болот.

Азыркы чыгарылып жаткан тыйындардын сапаты начар болгондуктан такалып калган жерди сезгентет. Узак мезгилге туруп калса тыйын карайып, кычкылданат. Турган ордунун тегерегин оюп баштайт. Врачка текшертпесе, оюлган жер ириңдеп кетет.

Белгилери: Баланын шилекейи агып, аны жута албай калат, кусат. Тамак иче албай ыйлайт, шалдырайт, ичи өтүшү мүмкүн, көкүрөк тушун ургулап көрсөтөт.

Дарылоо: наркоз берилип, тыйындар эзофагоскоптун жардамы менен чыгарылат.

Сөөк жутуп алса...

Адатта, жутулган сөөктүн чоңу кызыл өңгөчкө, майдалары бронхко такалат. Балабы, чоң адамбы, сөөк жутуп алганда, далысына чапкылоого болбойт. Себеби сөөк ички органдарга кетип калышы мүмкүн. Майда сөөктөр өпкөгө, тагыраагы, бронхко өтүп кеткенде таптакыр тийбеш керек. Бронхту жарым-жартылай же толук бүтөшү мүмкүн. Толук бүтөгөндө бала дароо жөтөлөт, бала дем ала албай көгөрөт, кыйкылдайт. Каза болуп калуу коркунучу бар. Сөөк өпкөгө кетип калганы билинсе баланы капталынан жаткырып тез арада ооруканага жеткирүү зарыл. Бронхко көбүнчө тооктун майда сөөктөрү тамакка аралашып өтүп кетет. Кызыл өңгөчкө көбүнчө майда жалпак сөөктөр такалат.

Белгилери: Кызыл өңгөчкө такалганда шилекейи агып аны жута албай калат, тамагы оорутат, ыйлайт. Өпкөгө өтүп кеткендин белгилерин жогоруда айттык.

Дарылоо: Кызыл өңгөчтөгү сөөк бронхоскоп менен чыгарылат. Алып чыгып жатканда абайлаш керек, сөөктүн учтуу жери болсо кызыл өңгөчтү тилип кетиши мүмкүн.

Семичке, буурчак жутуп алса...

Жаңгак, семичкенин данеги, жер жаңгак, буурчак же жүгөрүнү жутуп жибергенде өпкөгө өтүп кетсе, бронхто туруп калат. Эң коркунучтуусу – буурчак, жүгөрү. Алар көөп чыгып, дем алуу жолун бүтөп калса, бала дем ала албай чарчап калышы мүмкүн. Мындай учурлар көбүнчө түшүм жыйнап жаткан кезде учурайт.

Белгилери: Бала дем ала албай кыйналат, демигет, аба жетишпей көгөрөт, тыбырчылайт.

Дарылоо: Бронхоскоптун жардамы менен алынат.

Мык жутуп алса...

Мык жутуп алуу аз кездешет. Мык оор болгондуктан ашказанга өтүп кетет. Кээде учтуу жагы менен ашказанга сайылып калышы мүмкүн.

Белгилери: Баланын ичи ооруп, кусушу мүмкүн.

Дарылоо: Ашказандагы мык гастроскоп аппараты менен чыгарылат. Эгер ашказандан ары өтүп, ичегиге сайылып калса анда операция жасоого туура келет.

Ата-энелерге эскертүү!

4 жашка чейинки балдарга чагып жегенге жаңгак, жер жаңгак, семичке бербеңиздер. Майда бөлүкчөлөрү бар оюнчуктарды, легону 6-7 жашка чейинкилерге бербеген жакшы. Ийне, мык, сөйкө жана башка майда нерселерди баланын колу жетерлик жерге коюуга болбойт. Жогоруда дарыгер айткан белгилер байкалса, баланы дароо врачка алып барып текшертүү зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан