Каныбек Разыков, куудул: “АТАМ НЕБЕРЕМ ИСХАК РАЗЫКОВ БОЛОТ, ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТПӨГҮЛӨ ДЕГЕН”

Кыргызда “аккан арыктан суу агат” дейт. Ата жолун жолдоп, куудулдук өнөрү менен элге таанылган Каныбек Разыков маектешим. Айтылуу куудул, сатирик Рахман Разыковдун уулу, “Беш тапандын” бир тапаны маңыздуу кеп куруп берди. Атасы, үй-бүлөсү, чыгармачылыгы тууралуу кенен сүйлөштүк.

“Келинчегимди бир көргөндө жактыргам”

– Мектепти айылдан окуп бүттүм. Билимим орто. Ош мамлекеттик университетинин бизнес жана менеджмент факультетине тапшырып, 2-курста ийгиликтүү айдалып кеткем (күлүп). Эми деле жогорку окуу жайга тапшырсам деген оюм бар.

Сахнага, куудулдук өнөргө атамдын арты менен келдим. Тамадалык да кылам. Учурда Кара-Суу районунун Кызыл-Шарк айылында жашайм. Үйүмдү атам ыраматылык 1991-жылы 19 миң рублга сатып берген.

Келинчегимдин аты Айзада, экөөбүз “5 абышка, 5 кемпир” долбоорунда иштеп жүргөндө тааныштык. Бир күнү чогуу иштегендер “бир кыз биздин командада иштегиси келет экен, Рахман агайга айтсак макул деди. Гастролго алып албайлыбы?” деп калышты. Макул дедим. Келди, тааныштык. Бир көргөндө эле жага түшкөндөй болду. Көрсө, 11-класста окуйт экен, биздин интермедия, сатираларыбызды көрүп чоңоюптур. 1 айдай иштешип, сүйлөшүп жүрдүк. “Мага тиесиңби?” десем, шар эле “тием” деди. “Анда мектепти аякта, анан баш кошолу” дедим. Ошентип аны айылына жөнөттүм. Бир күнү атам “уулум, качан үйлөнөсүң? “Беш тапандагы” Акыл экөөңдү чогуу үйлөнтсөм болот эле” деди. Айзада тууралуу айтсам, атам “мурун эле айтпайт белең, баягыда эле алып калмак экенбиз” деп тамашалады. Ошо менен үйдөгүлөр Айзаданыкына барышып сөйкө салышып, 11-классты бүтөрү менен киргизип алдык. 2011-жылы ноябрда Акыл экөөбүздүн тең үйлөнүү тоюбузду атам бир күндө өткөрүп берди.

Жубайымдын кесиби мугалим. Учурда лицейде башталгыч класстарга сабак берет. Мүнөзү токтоо, оор басырыктуу.

“2 уулумдун атын атам койгон”

– 3 уулубуз бар. Улуу уулум төрөлгөндө атама чалып сүйүнчүлөсөм абдан кубанды. “Атын Исхак Раззаковдун атынан коёбуз. Фамилиясын Разыковдон башкага өзгөртпөгүлө, окшош болсун” деди. Ошентип атын Исхак деп койду. Азыр 4-класста окуп жатат. Экинчи уулумдун аты Сыяр. Атам “неберем сый-урматта жүрсүн” деп ушул ысымды ыйгарган. Үчүнчү уулум атамдын көзү өтүп кеткенден кийин төрөлдү. Азыр 1 жашта, аты Абулбакир.

Апам карындашым Гүлмайрам менен бирге Кара-Суу шаарында жашайт. Карындашымдын жолдошу каза болуп калгандыктан анын балдарына каралашып, чогуу жашап жатышат. Апам ооруканада медайым болуп көп жыл иштеди.

“6 бир тууганбыз, катташып турабыз”

– Биз 3 апа, 1 атадан 6 бир тууганбыз. Биринчи апабыздан Сардар акем, жашы 43тө, жеке ишкер. Экинчиси – менин апам. Апамдын бизди чоңойтууда мээнети көп. Эленора эжем үй-бүлөсү менен Орусияда жашайт. Анан мен, карындашым Гүлмайрам бар. Гүлмайрам ырчы. Кээде концерттерге катышат, тойлордо ырдап жүрөт. Жаш айырмабыз 1 жаштан.

Үчүнчү апабыздан Дастан деген иним жана Чолпон деген карындашым бар. Дастандын жашы 28де, жеке ишкер. Чолпон учурда Бишкекте турат.

Сардар акем убагында “Бешилик”, “Беш тапандын” концерттерин уюштуруп, чогуу гастролдоп жүрдүк. Атам кайтыш болгондон бери “Беш тапан” интермедия, сатира ойлоп тапсак сындап бериңиз деп акеме кайрылабыз. Ал “бул жерин мындай кылгыла” деп акыл-кеңешин айтат.

Сардар акемдин мүнөзү, келбети, күлгөнү, сүйлөгөнүнөн бери атама окшош. Азыр атамдын кийимдерин кийип жүрөт, аны көрүп атамды көргөндөй болобуз.

Дастан инимди өзүм чоңойттум. Ал мектепти бүтүп, Түркияга окууга кеткиче дээрлик чогуу жүрдүк. Анын да атама көп жагы окшош. Менин үнүм, анан бирөө “мага жардам бер” десе өз ишимди таштап, аны менен кетип калмайым, кичи пейилдигим атама окшош.

“Бирөө капа кылса атам сүйлөбөй койчу”

– Атам бизди эч качан урушкан жок, биз да атабызга такыр үнүбүздү бийик көтөрүп сүйлөгөн жокпуз. Атама “мындай иш кылайын деп жатам” десем, “эгер ошол нерсе көңүлүңө туура келсе, кыла бер” деп колдоо көрсөтчү. Атам кимдикине барса да үйүнө шаан-шөкөт менен кирчү. Астананы аттаганда эле тамагын кырынып, күлүп, бажылдап сүйлөп, үйдү шаңга толтурчу. Неберелерин салып алып дүкөнгө алып барып каалагандарын алып берчү, эркелетчү.

Атамдын көпчүлүк билбеген бир мүнөзү бар эле. Бирөөгө капа болуп калса “сен ушуну туура эмес кылдың” деп айтчу эмес. “Кылдыңбы, болуптур!” деп коюп ага такыр сүйлөбөй койчу. Салам берсе алик алат, сүйлөшпөйт. Баарыбыз ошол мүнөзүнөн коркор элек. Сүйлөбөй калса “туура эмес бир нерсе кылган окшойм” деп кечирим сурап калчубуз.

2-классымда атамды ээрчип көп жүрдүм. Ал кезде такси менен жүрүп гастролдошчу да. Бир ирет “Аралаш” Көк-Жаңгакта 4 күн концерт койду. Концерттен кийин мейманканага түнкү саат 2-3тө келип укташат. Мен таңкы 6да туруп алып “ата, тамак ичем, курсагым ачты” деп ашкана ачыла электигин билсем да ээрчитип бара берчүмүн. Атам да унчукпай бара берчү. Таксиде уктап калса, такси бизди башка жакка алып кетчүдөй болуп ыйлап, атамды ойгото берчүмүн. Атам такыр урушчу эмес.

Мага “калп айтпа, туура жолдо жүр, бирөөнү алдаба” деп көп айтчу. Сахнада жакшы ойногонго аракет кыл, эл менен иштегенди үйрөн дечү. Менимче, бизге атам жакшы тарбия берди. Буюрса, жакында “Рахман Разыковду эскерүү” деген китеп чыгарганы турабыз. Куудул аяш атамдар, атамдын достору менен катташып турам.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан