ЖАҢЫ КЕЛИН БОЛГОНДОГУ КЫЗЫКТАР

“Келиндин келгендегиси эстен кетпейт” дейт эмеспи. Жаңы бүлөгө кошулуу, ал үйдүн ички эрежелерине ыңгайлашууда көп эле кызыктуу окуялар баштан өтөт. Бул жолу белгилүүлөрдөн жаңы келин болуп келгендеги кызыктарын сурап көрдүк.

Баян Сыдыкова, ырчы: “Ичеги-карын артам деп ашмалтайын чыгаргам”

– 2009-жылы турмушка чыккам, 19 жашта болчумун. Өзүм Чүйдүн кызымын, Ат-Башыга турмушка чыктым. Эки иним бар, жалгыз кызмын да. Үйдөн иш кылчу эмесмин, баскетбол, волейбол ойноп, ырдап-чордоп эле жүрө берчүмүн. Жолдошум үйдүн кичүү баласы, кайнененин колундамын. Чүй менен Нарындын салтында айырма бар да, ошентсе да “мен билем” деп эле билерман боло берчүмүн. Төркүнүмдү эшик-төр көрсөтмөйгө чакырып коноктоп жатканбыз. Союш союлганда эле “ким ичеги-карын артат?” деп калышты, мен кыйын болуп Кенже деген кайнежеме “мен билем, мен артайын” деп жатпаймынбы. Бала кезимде уйдун, жылкынын ичеги-карынын кесип, бөлүп-бөлүп жууганын көргөм да. Ошондой кылып кескилеп жууп салыпмын. Жууп бүтүп сүйүнүп “бүттүм” деп үйгө көтөрүп кирсем эле кайнежем “ии-ий, бул мындай артылбайт да, Ат-Башыда ичеги-карын башкача артылат” деп кейип калды. “Эмне, чүйлүктөр ушинтип артабы?” десе сыр бербей “ооба” деп коём. Анысы аз келгенсип дагы бир сыйра чайкап коёюн деп ойлоп, ошол жерде турган канистрадагы сууга чайкасам, ал канистра бензин жыттанат экен. Ошентип биротоло кашасын чыгаргам. Азыркыга чейин “биздин билерманыбыз, ичеги-карын арт, Баян” деп тамашалап калышат. Азыр эми, Кудайга шүгүр, ичеги-карын артканды да, олобо жасаганды да үйрөндүм. Кичүү келин болгондуктан баарына жетишкенди да, жумуш кылганды да жакшы эле өздөштүрдүм.

Салидинас, ырчы: “Айнек парданы өзүм илип таң калтыргам”

– Эсимде, турмушка чыккандын эртеси тамак жасадым. Батыраак жасалат, жеңил деп фунчоза жасадым, өзүмдүн апам “фунчоза деле тамак” деп курсагыбыз ачканда үйдөн жасап берчү. Жолдошум Урмат “фунчоза дагы тамакпы?” деп таң калган.

Буюмдар ордунан жылып калса ар бирин ордуларына коюп чыкчумун, азыр деле ошондоймун. Анан жаңы келин болуп барганыма карабай “тиги буюм каякта, бул каякта?” деп баары менден сурашчу. Үйдөгүлөргө акырындан ар бир буюмду орду-ордуна коюуну үйрөтүп келе жатам. Чачылып жатканды жактырбайм. Жаңы келгенде өзүмдүн себимден айнек парданы алып туруп, баары уктаганда ашканага илип койгом эч кимге айтпай эле. Негизи апам бардык ишти эч кимге айтпай эле жасай берчү, мен да ошону үйрөнүп калгам да. Кайненем көрүп таң калып, “биз азыр кайнагаңды чакырып илдиртели деп жатпадык беле” деп күлдү эле.

Азада, “Эки сулуу”: “Уктап калып, саат 11де тургам”

– Ойлоп көрсөм, көп кызыктуу деле окуя болбоптур. Үйгө жаңы алып келген күндүн эртеси уктап калып, эртең менен саат 11де турганым эсимде. Эч ким деле ойготпоптур. Турсам, апам “апей, сен эмне эрте туруп алдың, барып уктай бер” деп коёт. Саатты карасам 11 болгон. Азыр ойлосом, уйкусун кандырып алсын дешкен тура. Дагы бир жолу апам “сырник жасаганды билесиңби, сырник жасачы” деди. Шек билдирбей “ооба” деп коюп, интернеттен рецепттерин карап, апам ашканага кирсе телефонумду ката калып, эптеп жасап бергем. Ошентсе да сырнигим сонун болгон.

Айгерим Саматова, актриса: “Гүлчөтай жасасам, кайнатам “оо, ат кулак го” деген”

– Жаңы келин болуп барганда аябай чарчап, уктап кала берчүмүн. Бир күнү дагы уктап калып, шашып сыртка чыксам баары эшиктин алдында жүрүптүр. Мени бир башкача карашты, өзүм да бир кызыктай болдум. Анан машиненин айнегинен өзүмдү карасам эле башымда жоолук жок (күлүп). Кайра чуркап кирип салынып чыккам. Көнбөгөнгө жоолук салынганды унутуп кала берчүмүн, азыр биринчи кезекте жоолугумду салынам.

Биринчи жолу тамак жасаганымды айтып берейин, Талас гүлчөтайын жасагам. Бизде, Таласта муну куурулма гүлчөтай дейт да. Тамагымды алып келип дасторконго койсом эле кайнатам “оо, ат кулак го” деп жатпайбы. “Ии, бул эмне дегени, камырым аттын кулагына окшоп калганбы?” деп коём. Көрсө, Токтогулда бул тамакты ат кулак дешет экен.

Гүлзаир Сагынова, ырчы: “Кайнагамдын атын айтып алып, баары күлүшкөн”

– Жаңы келин болгондо үй-бүлөм менен таанышып, сүйлөшүп отурганбыз. Үйдө башка коноктор да бар эле. Мен консерваторияда окуганымды айтып берип жаткам. "Кимде окуйсуң?" деп сурашты эле, “Токтобек Асаналиевдин окуучусумун” десем баары каткырып күлүп калышты. Эмне болгонун түшүнбөй калдым, отургандар “мейли, мейли, башынан көндүрө бер” деп күлүштү. Көрсө, улуу кайнагамдын аты ошондой экен. Салт боюнча, мен кайнагамды тергеп атын айтпашым керек болчу да.

Нарындан болом, Жалал-Абадга келин болдум. Ал жактын көп салттарын билбейт экенмин, эртең менен эрте туруп эшик шыпырыш керектигин да билчү эмесмин. Ал үйдө улуу кайнагамдын жубайы бар эле, 3-4-күн болуп калганда эшикке суу сээп шыпырып кирди. Анан мен ага жардам берип шыпырышып койгом. Бул салтты кийин билдим. Салт-санаадагы өзгөчөлүктөрдөн, бизде, Нарында эркек киши чай куйбайт да, а ал жакта аялдар чай демдеп дасторкондун чекесине чайнекти коюп коё беришет. Башында кайнагаларымдын жанында чайнек турса бир кызыктай көрүнүп жүрдү.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан