КОЛ САЛУУДАН КИЙИНКИ БАТКЕН КЫШКА ДАЯРБЫ?

Сентябрда Тажикстандын кол салуусунда Баткенде 420 үй талкаланып, жашоого жараксыз абалга келген. Бул үйлөрдү тез арада калыбына келтирип берүүнү Министрлер кабинети өз моюнуна алган. Алдыда кыш, маалыматка таянсак, 420 үйдүн бири да толук курулуп бүтө элек. Иш эмне үчүн жай жүрүүдө? Ансыз да моралдык оор абалда турган Баткендин тургундары суукта сыртта калбайбы? Абалга саресеп салдык.

Дүйшөбек Жалилов, Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы: “ҮЙЛӨР УБАГЫНДА БҮТҮП, ТАПШЫРЫЛАТ”

– Баткен районунда курулуучу үйлөрдүн саны – 315. Азыркы тапта 163 үйдүн пайдубалы курулууда. 96 үйдүн пайдубалы бүтүп, 17 үйдүн дубалы тургузулуп жатат.

Лейлек районунда 104 үй курулушу керек. Азыркы тапта 7 үйдүн пайдубалы курулууда, 35 үйдүн пайдубалы бүттү. Баткен шаарына 1 үй курулат, учурда дубалы тургузулуп жатат.

Курулуш кадимкидей эле жүрүүдө. Бирок ишке тоскоол болгон да себептер бар. Мисалы, жаан-чачын болуп курулуш иштери бир аз жай жүрүп калды.

Достук айылында курулуучу үйлөрдүн траншеялары казылып, пайдубалдары түптөлүүдө. Бирок бетон даярдоого суу жетишпестиги зыянын тийгизип жатат. Ак-Сай айылынын айрым тилкелеринде Тажик тараптын аткылоосунан электр чубалгылары зыян тарткан, Баткен
РЭСи аларды калыбына келтирип бүткөнү калды. Электр энергиясы бериле электе бетон аралаштыруучу шаймандарды иштетүү кыйынчылык жаратты. Бардык маселе жакынкы күндөрдө чечилип, курулуш иштерин толук бүтүрөбүз.

“КАПИТАЛДЫК ОҢДООГО АКЧА КОТОРОБУЗ ДЕШКЕН, КОТОРУША ЭЛЕК”

–Аты-жөнүм Орозгүл Карабаева, Баткен районунун Достук айылында жашайм. 5 балабыз бар. 16-сентябрда чоң үйүбүз менен времянкабыздын ортосуна снаряд түшүп жарылган. Чоң тамыбыздын чатыры талкаланып, шыбы түшкөн. Терезелердин айнектери күбүлүп, айрым терезелер ыргып кеткен, эшиктер сынган. Времянканын дубалынан жарака кетип, шыбы тешилип калган. Жамгыр жааса ичине суу электен аккандай кирип жатат. Бастырмабыз, эшик алдындагы унаабыз, дарбазабыз да талкаланган.

Атайын түзүлгөн комиссия келип, үйүңөр капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж деп каттап кеткен. Реквизиттерибизди бергенбиз. Оңдоп-түзөөгө акча которулат дешкен, бирок азыркыга чейин которула элек. Учурда ата-энемдин үйүндө жашап жатабыз. Суук түшүп, кыш жакындап калды. Эми качан акча которулуп, суукта үйдү кантип оңдоп-түзөөрүбүздү билбей отурабыз.

Биздин айылда дагы 2 үй капиталдык оңдоого муктаж.

“ҮЙҮБҮЗ БҮТМӨК ТҮГҮЛ, ИШ БАШТАЛА ЭЛЕК”

– Аты-жөнүм Гүлбахар Балтаева, Лейлек районунун Арка-2 айылынан болом. 5 балам бар. Сентябрдагы окуяда Тажик тараптагылар 22 коюбузду айдап кетип, үйдү тоноп, өрттөп жиберишиптир. Үйдүн дубалынан башка эч нерсе калган эмес. Атайын түзүлгөн комиссия “үй кайра курулууга муктаж” деп каттап кеткен. Кыш жакындап калды, үй курулмак түгүл, иш баштала элек.

Жалал-Абадда майып балдардын санаторийи бар экен, ошол жерде 10 үй-бүлө баш калкалап жатабыз. Тамак-аш берип жатышат. Үйүбүзгө кетебизби же ушул жерде кыштайбызбы, белгисиз. Өкмөт эртерээк кыймылдаса болот эле. Ар жерде баш калкалаган байкуш болдук.

“АЙЫЛДА ЖАЛПЫ 37 ҮЙ ТУРГУЗУЛАТ”

– Аты-жөнүм Айсулуу Садирова, Баткен районунун Миң-Өрүк айылынын тургунумун. 16-сентябрда 8 бөлмө үйүбүздү тоноп, өрттөп, кой-эчкилерибизди айдап кетишкен. Келинимдин 3 бөлмө толо себи да күйүп кетти.

Миң-Өрүк айылында жалпы 37 үй өрттөлүп, жараксыз болгон. Учурда ал үйлөр сүрүлүп, орду тазаланууда. Айрым үйлөрдүн пайдубалынын орду казылып же куюлуп баштаса, куюлуп бүтүп калгандары да бар. Дубалы тургузула баштагандары да бар. Суук түшүп калды, эми качан курулуп бүтөт деп түйшөлүп жатабыз.

Өкмөттөн 200 миң сомдон бөлүндү, ошого тамак-ашыбызды алып жашап жатабыз.

Суранган 10 чакты үй-бүлөгө, анын ичинде бизге да контейнер үйлөр берилген. Башка үйү жок калгандар кошуналарынын, туугандарынын үйүндө жашап жатышат.

“ӨРТТӨНГӨН ҮЙҮБҮЗ ЖАҢЫЛАНЫП ЖАТАТ”

– Мен Гүлнара Алимова, Баткен районунун Самаркандек айылынын Жайылма участогунда жашайм. Почта бөлүмүндө иштейм. Тажик тараптын кол салуусунан качып баратканда үйүбүз бүтүн эле. Биз кеткенден кийин үйүбүзгө 2 снаряд түшүп, күйүп кетиптир. Үчүнчү снаряд короонун ичине түшүп, жарылбай калыптыр.

19-сентябрда айылга кайтып келсек үйүбүздүн 1 катар дубалы эле калыптыр. Ичиндегинин баары күлгө айланыптыр. 2 бөлмө времянкабыз бар эле, анын айнектери сынып, дубалынан жарака кетиптир. Эптеп меш куруп, ошол времянкада жашап жатабыз. Турмушка берген кызыма сеп даярдадым эле, алар да өрттөнүп кетти. Учурда өкмөт жаңы үй курууга киришти. Узундугу 13 , туурасы 8 метр. Долбоору боюнча ашканасын кошкондо 4 бөлмө. Душ, дааратканасы ичинде. Пайдубалы куюлуп бүттү. Кыш, кум түшүрүп коюшту. Эртеңден баштап ичин толтуруп, анан дубалдарын тургузуп башташат. Адистер келип үйдүн курулуш сапатын текшерип жатышат.

Жайылма участогунан 5 үй толук күйүп кеткен.

Самаркандек айыл өкмөтүнө караштуу Паскы-Арык айылына 5, Самаркандек айылына 10, Орто-Сай айылына 1 үй салынат дешти айыл өкмөттөн.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан