БЕТИҢИЗГЕ МАССАЖ ЖАСАП ЖАШАРЫҢЫЗ

Баары, айрыкча аялзат жаш бойдон жүрүүнү каалайт. Жаш өткөн сайын жүзүнө түшкөн ар бир бырышка кайгырат. Албетте, бул табигый нерсе. Ошентсе да теринин жаштыгын узартса болорун заманбап технология, ыкмалар далилдеп келет. Анын бири – бетке туруктуу массаж кылып туруу. Бул ийне сайдыруу жолу менен жасалчу ыкмалардан да жакшы натыйжа бериши мүмкүн. Үй шартында бетке кантип массаж жасоо керек? Адис Шайыр Урустемова айтып берет.

Жалкоолонбоңуз, жыйынтык болот

Бетке массаж жасоонун эң башкы артыкчылыгы – анын жашартуучу натыйжасында. Жалкоолонбой, системдүү түрдө массаж жасоого көңүл бурсаңыз, албетте, жыйынтыгын көрөсүз. Беттин контуру билинип, бырыштар жазылып, бет териси тартыла баштаганын байкайсыз. Буга кошумча, бетиңиздин түсү жакшырып, тунук тартат.

Бетке массаж жасоонун пайдасы

• Лимфанын иштешин тездетет – шишиктер азаят;

• Беттеги шишик, токсин, суунун баарын айдап чыгат;

• Бырыштардын санын жана тереңдигин азайтат;

• Беттин терисинин түсүн жакшыртат;

• Теринин кан менен камсыз болушун жакшыртат;

• Маанай жакшырат, стресске чыдамдуулук жогорулайт, адам стресстен тезирээк чыгат;

• Массаждан кийин теринин суу балансы калыбына келет;

• Кызаруу, исиркектер кетет;

• Тиштин бүйлөсүнүн ооруларына дагы пайдалуу;

• Гайморит жеңилдейт;

• Уктай албай жүргөндөрдүн уйкусу калыбына келет;

• Өз алдынча массаждын туура аткарылышы менен териге безеткинин чыгышы азаят;

• Булчуңдун кысылуулары жоголгондо баш оорулар кетет, себеби булчуң кысылганда кан тамырларды кысып коёт дагы, башка кан жетпей калат, ошондон баш оору пайда болот.

Канча жаштан баштаса болот?

Бетке массажды профилактика катары 16 жаштан баштаса болот, 25 жаштан баштап туруктуу жасаган жакшы, анткени көздүн айланасында эң алгачкы бырыштар пайда боло баштайт. Бетте безетки пайда болуп, тери тешиктүү, майлуу болсо да жасап турган жакшы. Картаюу процесси башталганда териде фибробласттардын саны жана анын функционалдык активдүүлүгү азаят. Фибробласт – коллагенди, эластинди, гиалурон кислотасын жана теринин бекемдигине, ийкемдүүлүгүнө жооптуу башка компоненттерди синтездеген тери клеткалары. Көздүн астында шишиктер, экинчи ээктин пайда болушу, теринин кургашы, кан айлануу начарлап, теринин күрөң тарта башташы, булчуңдардын иштөөсү начарлап, жогорку жактагы булчуңдардын катуусунан бет териси ылдый көздөй ага баштоо, туура эмес уктоо, күнгө күйүп калуу сыяктуу бат картайтуучу факторлордун алдын алуу үчүн массажды туруктуу жасап турсаңыз, лимфа агымы, кан айлануу жакшырат, беттин өңү тунук тартып, агарып жандана баштайт. Массаж жасоо булчуңдарды активдүү иштетип турат, бет тартылат.

Жашы өткөн айымдарда бырыштар аябай тереңдеп кеткен, булчуң катып калган, тери ийкемдүүлүгүн жоготуп, ылдый салаңдап катып кеткен учурда алгач күчтүү адистен массаж алып, анан өз алдынча туруктуу массаж жасап жүрүү жакшы.

Эмне менен жасаш керек?

Процедуранын натыйжалуу болушунда массаж майын туура тандоо маанилүү. Мүмкүн болушунча массажга арналган крем менен жасаган жакшы, эгер ал жок болсо, атайын массажга арналган майлар бар, аны алып, ага күндө өзү колдонуп жүргөн кремден бир аз аралаштырып жасаса болот. Жөн гана бетке арналган азыктандыруучу крем же май, гель сыяктуу каражаттарды бир жолу гана колдонууга болот, эгер көп колдонсо булар теринин сыртындагы эпидермисти – чел кабыкты кургатып салат, мунун натыйжасында бет кургап, түлөп, тескерисинче, тартылышып, бырышууну пайда кылат.

Үй шартында массаж жасоо жолдору

Биринчи этап – колуңузду таза жууңуз. Массажды бет терисин даярдабай жасоого болбойт! Бул териге зыян келтириши мүмкүн, андыктан бетти дагы жууп-тазалайбыз.

Экинчи этап – нымдандыруу. Бетке кургак териге массаж жасоого болбойт. Бул жагымсыз гана эмес, кооптуу да. Теринин чоюлуп кетүү коркунучу бар, ал тургай кан тамырларды жабыркатышы мүмкүн.

Үчүнчү этап – беттеги массаж сызыктары боюнча кыймыл жасоо (жогоруда сүрөттө). Бул сызыктар булчуңдардын табигый ишинин багыттары. А массаждын негизги максаттарынын бири – дал ушул булчуңдарды эс алдыруу. Мындай сызыктарды эстеп калуу абдан оңой: алардын бардыгы ылдыйдан жогоруга жана беттин борборунан периферияга карай барат. Эгер укалоодо тескери кыймылдасаңыз, териде бырыштар пайда болот, тереңдейт. Өтө көп күч жумшабаңыз, кыймылдарды акырын, жумшак аткарыңыз.

Техникасы

• Колуңузга майды, кремди же гелди тегиз сүйкөңүз;

• Жылмакай, назик кыймылдар менен каражатты массаж сызыктары боюнча сыйпаңыз;

• Каштын ортосунан чачтын түбүнө жана чыкыйга чейин бир нече кыймыл жасаңыз. Андан кийин манжаларыңызды мурундун учунан үстү менен чыкыйга чейин, андан соң моюнга массаж жасоого өтүңүз;

• Андан кийин ээгиңизге көтөрүлүп, анын ортосунан кулак көнчөгүнө чейин бир нече кыймылдарды жасаңыз;

• Көздүн айланасына тегерек кыймылдарды, ооздун астына жарым тегерек, каштын жанын манжанын учтары менен тегерек кыймыл менен жасайсыз;

• Андан кийин ооздун тегерегинде иштеңиз: кыймылдар эринден жаак сөөктөрүнө чейин, эриндердин бурчтарынан кулактын көнчөгүнө чейин болушу керек;

• Ээктин ортосунан кулак калканына чейин;

• Мурундун, ооздун айланасындагы бүктөмдөрдү тегиздөө үчүн мурундун үстүнөн (кайкысынан) жаактын бурчтарына жылыңыз;

• Мурундун үстүнөн төмөндөн жогору карай жана тескерисинче;

• Ээктин ортосунан моюндун жогорку бөлүгүнө чейин, экинчи ээктин аймагына көбүрөөк иштөө менен;

• Теридеги май калдыктарын тазалоочу кыймылдар менен тазалаңыз;

• Аягында бетиңизди жууп, жумшак, таза кагаз сүлгү менен кургатыңыз.

Эскертүү! Массаждан кийин үй шартында жасалган маскалар эң жакшы. Себеби массаждан кийин клеткалар ачылып калат дагы, үй шартындагы жашылча-жемиштерден жасалган маска терини витаминдер, микроэлементтер, клетчаткалар менен азыктандырат, терини жумшартат, ийкемдүүлүгүн арттырат, бет таза, тунук болуп калат.

Кандай учурларда болбойт?

• Дене табы көтөрүлүп жаткан учурда;

• Курч респиратордук вирустук инфекция, анын ичинде COVID-19 менен ооруп жатканда;

• Беттин терисинде, эриндеринде герпес бүдүрлөр болсо;

• Ириңдеген безетки барда;

• Кайсы жериңизде болбосун, сезгенүү ооруларында;

• Артериалдык кан басым жогору учурда;

• Көздүн кан басымы жогору кезде;

• Экзема, псориаз, купероздун күчтүү кармаган учурунда;

• Бетте жаралар, сыйрылуу, күйүк, кесик барда;

• Кан ооруларында;

• Онкологиялык ооруларда.

Канча убакта бир жасоо керек?

Сеанс менен аптасына 2 жолудан кем эмес жасоо керек. Натыйжа тезирээк болушун кааласаңыз, күн алыс массаж жасоого убакыт бөлүңүз. Аны 6-10 жумадан жасаган жакшы. Бир жасаганда 10-15 мүнөткө чейин созулат. Ар бир кыймылды 2-3 мүнөттөн жасаса болот, бирок бир жерди узак убакытка чукуп отуруп алганга болбойт. Бетке массаж жасоодо моюн, декольте да маанилүү. Бул бөлүктөргө абдан кылдат мамиле кылыңыз.

Эринбеңиз, сулуулугуңузга күнүнө 15 мүнөт бөлүңүз!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан