Санжар Мыкыев, шоумен: «ТЕЛЕДЕ ИШТӨӨДӨН ЫРАХАТ АЛАМ»

Бул апта алпаруучу, шоумен, тамада Санжар Мыкыев күзгү образ менен гезитибиздин башкы бетин кооздоду. Маданият, тойдогу кызыктар, окурманга сабак болчу окуялар менен коштолгон маекке назар салыңыз.

– Саламатсызбы, Санжар мырза? Үчүнчү ирет ата болупсуз, бешик боосу бек болсун!

– Саламатсыздарбы? Рахмат. Кудайга шүгүр, кыздуу болдук. Кызымдын атын Алима деп койдук. Азыр мен 3 сулуу кыздын атасымын. Үчүнчү кызым төрөлүп, эми толук кандуу ата болгонду үйрөндүм окшойт.

– Кыздарыңыздын мүнөзү, аларды тарбиялоо ыкмалары менен бөлүшүп кетсеңиз...

– Кудайга шүгүр, бизге ата-энебиз бала тарбиялоодо жакшы база түзүп берди. Эң маанилүүсү – билим берүү. "Адам үчүн эң оору – күн сайын адам болуу" дегендей, адам болгонду үйрөтүш керек. Билими азыраак болсо да, адамгерчилиги бийик адам коомго пайдалуураак. Билимине адамгерчилиги төп келсе, анда ал идеалдуу адам. Апам биздин билим алуубузга басым жасап, атам баарын камсыздап турду. Биз деле велосипед ойлоп таппай, ошол эле үлгүнү колдонуп жатабыз. Каржылык камсыздоо жагы менде болсо, таалим-тарбия берүү жагы келинчегимде. Кыздарым кичинекей, укмуш ата-эне болуп жатабыз дегенге азыр эрте.

– Сырттан караганда сүрдүү көрүнөсүз. Үйдө кандайсыз, башка Санжарга айланасызбы?

– Сүрдүү көрүнөсүң деп көп айтышат. Өзгөрбөйм деле, кандай болсом ошондой элемин бардык жакта. Үйдө кыздар менен ойнойм, менден өткөн шайыр адам жок. Жылмайып эле жүргөнгө аракет кылам.

– Жогоруда Чыңгыз Айтматовдун жакшы сөзүн мисал келтирдиңиз. Адамга күн сайын адам болуу канчалык оор?

– Бул сөздүн маанисин жакында эле түшүндүм. Адам болуу оңой эмес. Аябай бай болушуң мүмкүн, билимдүү болушуң мүмкүн, бирок адам менен адамдай мамиле түзгөндү билбесең баары бир тыйын. Статусуна карабай бардык адамдарга жакшы мамиле кылып, сыйлаш керек. Мектепте бир мугалимибиз сонун окуя айтып берген. Мектепте маанилүү сынак болот. Ал сынакта “биздин тазалык кызматкерибиздин аты ким?” деген суроо болот. Сынакка катышкан окуучулар “агай, бул чын эле олуттуу сурообу? Биз кванттык механиканы, математиканы, тригонометрияны окуп жатсак, мунун кандай тиешеси бар?” дешет. Агай “бул эң маанилүү суроо” деп жооп берет. Көбү тазалык кызматкеринин атын билбей коюшат. Мугалимдин балдарга айтайын дегени – кандай кыйын профессор болсоң да айланаңда жүргөн адамдардын көңүлүн алып жүрүшүң керек деген маани. Ошол окуя мага абдан таасир берген. Адамдарга статусуна карап мамиле кылбайм. Анан бир жерге барганда тазалык кызматкерлерин көрсөм, салам айтып, маанайын сурап коём. Ошол көңүл буруу үчүн ал адам бир күн кечке бактылуу болуп жүрүшү мүмкүн. Улам жумшак болуп, адамгерчиликтүү болууга, башкалардын көңүлүн алууга аракет кылып калдым.

– Дагы кандай сапаттарга ээсиз?

– Убакытты бош өткөргөндү, куру сөздү, кошоматчылыкты жаман көрөм. Жасалма эмесмин, кандай көрүнсөм ошондоймун.

– Тамадалык жана телеалпаруучулук, кайсынысы сизге көбүрөөк ырахат тартуулайт?

– Теле дүйнөсүнөн ырахат алам. Экранга чыкканга чейин көп иш бар да. Кылдаттыкты талап кылган оор жумуш. Ошондой оордугу жагат. Тойдогу кызмат – бул кошумча жумуш. Албетте, ал дагы жагат.

– Тойлордо кызыктуу окуялар көп болсо керек?

– Ооба, көп болот. Ырчылар күнүнө 6-7 тойго барып жетишет го. Бизге келип “сураныч, мени ырдатып койчу, шашып жатам” дей беришет. Бир жолу ошентип Жанета (ред.: Баялиева) эже чуркап келди. Эмне той экенин да сураган жок. Немистер корпоратив өткөрүп жатышкан эле. “Макул” деп чыгарып койдум. Ал ырдап жатса тигилер келип “Санжар, бул ким? Сен бизге сюрприз кылдыңбы?” дешти. “Жок, силер чакырган турбайсыңарбы” десем, “биз чакырган эмеспиз” дешет. Жанета эже ырдап бүткөндөн кийин мага келип акысын сурады. “Эже, сизди мен чакырган эмесмин” десем, “апей, анан ким чакырды? Кокуй, айтып койбойсуңбу” дейт. Ал мага антип айтканга деле мүмкүнчүлүк берген эмес да. Көрсө, эже ырдай турган той ошол ресторандын экинчи кабатында өтүп жаткан экен. Ошентип бекер ырдап кеткен. Мени окуп жаткан болсо, айтарым, Жанета эже, экинчи антип шашпай жүрүңүз (күлүп). Анан ырчылардын тең жарымы Кара-Балтага, тең жарымы Токтогулга, Токмокко шаша беришет. “Кетип жаттым эле, ырдатып койчу” дешет. Мындан башка да түркүн окуялар болот.

– Тойлордо сизге жакпаганы эмне?

– Куру намыс. Кыйратып акылдуу эмес, бирок профессор көрүнгөнгө аракет кылгандар, жупуну болуп туруп бай көрүнгүсү келгендер бар. Ушул нерсе иренжитет. Адам өз деңгээлине жараша басып-турганы жакшы. Акыркы 2 жыл Кыргыздын тою жөн эле той эмес, элдин башын бириктирип, ынтымагын бекемдеп турган нерсе экенин көрсөттү. Кыргыздар оңою менен чогулуп эс албайбыз, тытынып эле иштеп жүрө беребиз. Тойдо эс алабыз, чер жазабыз, урук-тууган менен көрүшөбүз. Тойдо кыргыздын үрп-адаттарын көргөзгөнгө мүмкүнчүлүк бар. Каада-салттар тойлор бар үчүн сакталып келе жатат. Кыргыздын тоюнан айланса болот.

– Адам материалдык байлыктан өзүн чектей алабы?

– Напси эч качан тойбойт. Адамдын көзү топуракка гана тоёт деген сөз бар го. Алтынга оронуп жаткан адам деле дагы ушунча алтыным болсо дейт. Менимче, адамга эч качан байлык жетпейт. Колуңда барга шүгүр кылсаң, бакыт ошол. Акчанын түбүнө эч ким жете элек, жетпейт дагы.

– 33 жашка чыккыча жашоо кандай сабак берди сизге?

– Иштеген тишейт. “Болбой жатат” деп кечке эле наалый берген адамдар бар го. Менимче, алар жалкоолор. Кыймылдасаң эле ийгилик келет. Мен дагы да жаңы нерселерди үйрөнөм. Азыр 33 гана жаштамын. Сиздердин гезитке берген алгачкы маектеримде “кыялым – Бишкектен үй алуу” деген элем. Кудайга шүгүр, азыр андан көбүрөөк нерсеге жеттим.

– Азыркы кыялыңыз кандай?

– Мындан да чоңураак үй алуу (күлүп). Тамаша, тарыхта из калтыра турган долбоорлорду ишке ашыргым келет. Көп адамга пайдалуу болгум келет. Келечекте Кыргызстанды дүйнөдө орду бийик өлкө катары көргүм келет. Кыргызстандын медиасына салым кошсом дейм. Учурда ошонун үстүнөн иштеп жатабыз.

– Баары ишке ашып, ийгилик коштосун! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан