ЖАРГАНАТ– ВИРУС АЛЫП ЖҮРҮҮЧҮ КАНАТТУУ

Жарганаттар сүт эмүүчүлөргө кирет жана Антарктида, Арктика, тундрадан башка бардык аймактарда жашашат. Тропикалык жана субтропикалык аймактарда көп кездешет. Колдору учууга ылайыкташып, канатка айланган. Тиштери курч, көздөрү начар көргөн бул канаттуу кантип жашоо өткөрөт, жемин кантип таап жейт? Кызыксаңыз макалага көз жүгүртүңүз.

Өлкөдө 16 түрү кездешет

Жер шарында 700дөй түрү бар, Кыргызстанда 16 түрү кездешет. Алардын 5 түрү: жазы кулак, ак боор жебе кулак, бухара така тумшугу, кичи така тумшук, кош эрин жарганат Кызыл китепке киргизилген.

Денесинин узундугу 6-9 сантиметр, салмагы 5-40 грамм. Жашоосунун узактыгы 32-40 жыл.

Байырлаган жерлери – үңкүр, бош калган шахта, ээн калган имарат, үй, жардын, дарактардын жаракалары.

Эмне үчүн башын ылдый салаңдатып укташат?

Жарганаттар түнкү жашоо образын карманышат. Уктаганда башын ылдый салаңдатып укташат. Сөөктөрү морт келгендиктен буттары менен жерде баса алышпайт жана башка канаттуулар сымал жерден күүлөнүп учуп кете алышпайт. Ошондуктан аларга башын ылдый салаңдатып уктаган оң. Учуу үчүн бир нерсеге жыбышып турган бутун коё берсе эле болду. Энергия, убакыт да үнөмдөлөт. Бул айрыкча кооптуу учур жаралган кезде маанилүү. Жарганаттардын буттары асылып турууда булчуңдарына күч келбегидей жана ага көп энергия кетпегидей болуп түзүлгөн.

Адамдар уга албаган үн чыгарып турушат

Жарганаттардын кулактары чоң, бул үндөрдү мыкты угуу үчүн керек. Алар учуу мезгилинде адамдар уга албаган ультра үн толкундарын тынымсыз чыгарып турушат. Ал толкундар алардын алды жагында эмне болсо, мисалы, мамы, дубал, электр линиялары, ага урунуп, андан чыккан үн жаңырык болуп кайра угулат. Ошол үндөн жарганаттар алдыдагы нерсе эмне экенин жана алардын көлөмүн, бийиктигин, узундугун так аныктай алышат, аларга урунбай өтүп кете алышат. Бул эхолокациялык жөндөм деп аталат. Жарганаттар начар көрсө да, караңгыда эч нерсеге урунбай уча алганы ушундан улам. Мисалы, алды жакта жоон зым тосмо болсо аны 17 метр аралыктан, ал эми абдан ичке зым тосмону 4 метр аралыктан сезе алышат.

Вампирлер ачка калгандарга соргон канынан кусуп беришет

Түрлөрүнө жараша жалгыздап, чакан, орто жана чоң колония болуп жашашат. Бразилия бырыш эриндүү жарганаттары миллиондоп чогуу өмүр сүрүшөт.

Көп түрлөрү курт-кумурска менен азыктанышат. Европаны, Орусияны байырлаган күүгүмчүл гигант жарганаттар чымчык, кескелдирик, бака жейт. Айрым жарганаттар балыкка аңчылык кылышса, кээ бир түрлөрү дан, мөмө-жемиштерди жеп, нектар соруп жан багат. Борбордук жана Түштүк Америкада жашап, кан соро турган жарганаттардын 3 түрү бар: кадимки, ак канаттуу жана байрак шыйрактуу “вампирлер”. Денесинин узундугу 9 сантиметрге чейин, салмактары 40 граммдан ашпайт. Булар канаттуулар менен сүт эмүүчү жаныбарлардын канын соруп жашашат. 20 мүнөттөн 1 саатка чейин тынбай кан соро алышат. Кан соруп жатканда алардын ашказаны чоюла берет.

Кан белокко бай болгону менен, углеводго жарды. Андыктан жарганаттар организминдеги углеводдорду толукташ үчүн бат-бат кан сорууга аргасыз болушат.

Кадимки “вампир” жарганаттар адамдардын дем алуусунан алар чогуу же жалгыз уктап жаткандыгын ажырата алышат. Бул түрү үй жаныбарларынан уй, жылкы, чочконун канын көбүрөөк сорушат.

Болжол менен аңчылыкка чыккан 10 “вампирдин” ичинен төртөөсүнүн жолу болбой ачка калат. Мындай учурда аңчылыктан олжолуу кайткандары аларга соргон канынан кусуп берип, тамактандырат. Адатта, энеси баласына же уялаштарына ушундай камкордук көрөт. Эгер жарганат 3 күн ачка калса, анда өлөт.

Өз же чоочун экенин жытынан билишет

Кыш түшөрү менен чээнге киришет. Абанын температурасы төмөндөгөндө жарганаттын жашоо активдүүлүгү, зат алмашуусу, дем алуусу жана жүрөгүнүн кагуусу кескин азаят.

Жарганаттардын жыт сезүүсү да мыкты өнүккөн. Мисалы, Бразилия бырыш эриндүү жарганаттары балдарын жытынан издеп таба алышат. Жыт аркылуу курмандыгын да таба алышат жана “өз”, “жат” экендигин айырмалай билишет. Тропикалык жана субтропикалык өлкөлөрдү байыр алгандар 1 жылда 2 ирет, ал эми суук жана мээлүүн климаттуу аймактагылары 1 жолу тукумдап, бир же экиден тууйт.

Пайдасы

Жайы менен 1 чакан жарганаттар колониясы 350-700 миң, ал эми чоң топтору 10 миллион курт-кумурска (булардын көбү айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтери) жеп адамзатка пайда алып келет. Жайында 1 саатта 100 чиркей жей алышат. Дан, жемиштерди жеп, нектар соруп жан баккан түрлөрү өсүмдүктөрдүн уруктарын жайылтып, гүлдөрдү чаңдаштырып пайда келтирет.

Душмандары – жырткыч куштар, мисалы, үкү, ылаачын, шумкар, карчыга, ителги жана адам болуп эсептелет. Жылан, ласка, суусар да жарганаттарга коркунуч алып келет.

Адамзатка зыяны

Жарганаттар кутурма оорусун, Марбург, Эбола, COVID-19 вирустарын алып жүрүүчүлөр. 2002-2003-жылдары Кытайдагы атипиялык пневмония эпидемиясы адам жарганат этин жегенинен улам келип чыккан делет. 2004-жылы Батыш Африкадагы Эбола эпидемиясынын чыгышынын күнөөкөрү да жарганат болгон деп айтылат.

Жарганатты Азиянын, мисалы, Кытай, Вьетнам, Лаос, Камбоджа, Филиппин, Индонезия, Африканын айрым аймактарындагы адамдар тамак-ашка колдонушат. Гриль кылып, сууга кайнатып же майга кууруп жешет.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан