АЙЫМДАРДЫН ИДЕАЛЫ - ИБРАГИМ ЧЕЛИККОЛ

Араб менен грек улутунан түзүлгөн үй-бүлөнүн уулу Түрк жергесинде ийгиликке жетип, түрк актёру катары көптөгөн өлкөлөргө тааныла алды. Анын ишенимдүү, терең көз карашынан эле күчтүү мырза экенин сезсе болот. Албетте, мындай мырзаларга айымдар магниттей тартылат эмеспи. Ибрагим Челикколдун миллиондогон күйөрмандарынын теңинен көбү айымдардан турат. Анын үстүнө быйыл Ибрагим мырза бойдок статусун алып, өзүнө “аңчылыкка” жол ачты.

Туулган жери: Түркия, Измит

Туулган жылы: 1982-жыл, 14-февраль

Жылдыз белгиси: суу куяр

Бою: 187 сантиметр

Кесиби: актёр, модель

Тартылган белгилүү сериалдары: “Ак-кара сүйүү”, “Сен төрөлгөн үй – сенин тагдырың”, “Ырайым”, “Сүйүүгө мас” жана башка

Үй-бүлөлүк абалы: быйыл кайрадан бойдок статусунда

Хоббиси: баскетбол, сууда сүзүү, кикбокс, теннис, сёрфинг

Кангал породасындагы иттерди жакшы көрөт. Актёрдо бул породадагы иттеринин саны – 11

Атасы – араб, апасы – грек, Али аттуу уулу бар

Баскетбол

Ибрагим төрөлгөндө атасы деңиз флотунда офицер эле, апасы да ошол флотто кызмат өтөчү. Алар уулунун келечектеги кесип тандоосуна эч кандай чектөө коюшкан эмес. Андыктан Ибрагим баскетболду сүйүп чоңойду. Мектеп жашындагы жигит профессионалдык деңгээлдеги оюндарга катышып, келечекте Түркиянын атынан эл аралык сынактарда ойночу спортчу болмок. Бирок 18 жашка чыкканда ал баскетболдогу карьерасын токтотту. Буга себеп 50 жашка чыккан атасынын каза болушу эле. Пенсияга чыккан атасы жаңы иш баштайм деп кудуңдап сүйүнүп жүргөн. Бирок капыстан жүрөгү токтоп, бул дүйнө менен кош айтышкан. “Атам кеткенден кийин оюнга чыгып көрдүм, көздөрүм трибунада кыйкырып мени колдоп отурган атамды издей берди. Ал менин буга чейинки бир дагы оюнумду калтырбай келчү да. Ошол жерден өзүмдүн жүрөгүм токтоп калайын деди. Атам жок баскетболдун да кызыгы кетти...” деп эскерет Ибрагим жашоосундагы оор жоготуусун. “Атамдан кийин апам эжем экөөбүздү катуу эле кармап чоңойтту. Ошентсе да мен үйдүн кичүүсү катары көбүрөөк мээримге, сүйүүгө, камкордукка бөлөндүм окшойт. Аялдардын курчоосунда жашаганым менин жашоого жумшагыраак кароомо салым кошту окшойт. Апама да, эжеме да ыраазымын”.

Модель

Баскетболду таштагандан кийин Измиттен Стамбулга келген Ибрагим университеттин экономика факультетине тапшырат. Бирок туура эмес кесип тандап алганын сезип, 1 жылдан кийин эле окуусун таштап салган. Жигиттин колу-жолу бош жүрүүсүнө тагдыр да каршы болгондой аны көчөдөн моделдик агенттикте иштеген кыз көрүп калып жумушка чакырат. Ошентип Ибрагимдин моделдик карьерасы 19 жашында башталган. Бардык параметрлерге төп келген жигит Европа подиумдарына да чакырууларды ала баштайт. Жаңы кесиби ушунчалык жагып, өзүн бул жаатта өнүктүрүү үчүн моданын мекени болгон Италияга барып, ал жакта 8 жыл иштеп калат. Дүйнөлүк атактуу бренддердин жүзү болгон Челиккол кайра мекенине келе берген. Бул ирет модель эмес, ишкер катары. Стамбулда элиталык кийимдери сатылган дүкөндө Ибрагимдин бакыйган сүрөттөрү илинип турар эле. Дал ошол сүрөттөрдөн Ибрагимде харизма бар экен деген белгилүү режиссёр Осман Синав дүкөндүн ээсин таап, кино дүйнөсүнө чакырган.

Актёр

Кино дүйнөсүнө 25 жашынан аралашуу негизи кеч деп саналат. Кошумча актёрдук билимиң жок болсо сынчылардын таламына калдың дей бер. Ибрагим да ошондой болду. Сериалдагы дебюттук ролунан кийин кино сынчылардын каарына калган жигит “болду, барбайм” деген. Бирок режиссёрлор башка тасмаларга тартылуу сунуштарын бере беришти. Акыры кайра киного кайтты. “Иффет”, “Басып алуу 1453” тасмаларынан кийин гана Челикколдун актёрлук талантынан күмөн саноолор азайып, ал Түркиянын жылдызы болуп чыга келген. Популярдуулугу арткан актёр жылына бир нече долбоордо иштеп баштаган.

Анан кыргыз күйөрмандары да күтүп көргөн “Ак-кара сүйүү” сериалы чыкты. Башкы ролдордо актёр Ибрагим Челиккол (Фериттин ролунда) жана актриса Бирже Акалай (Аслы). Аслы ар бир бейтаптын өмүрү үчүн күрөшкөн дарыгер, Ферит болсо, тескерисинче, көз ирмебей адам өмүрүн кыюуга алы жеткен мерез адам. Аслы адам өлтүрүү процессине күбө болуп калып, күбөнүн көзүн тазалоо милдетин Ферит алат. Бирок кызга боору ооруп аман калтырган ал, акыры Аслыны сүйүп калат. Ак+кара жээктеги адамдардын биригүүсү, кагылыш, жек көрүүдөн жаралган сүйүү, айтор, азыркыга чейин бул сериал көрөрмандын көз алдында. Ферит менен Аслынын сүйүүсүнө суктангандар бул түгөйлөрдү #АсФер деп атап алышкан. Режиссёрлор каармандарга болгон көпчүлүктүн сүйүүсүн көз жаздымда калтырбай “Сүйүүгө мас” сериалын тартып, башкы ролго кайрадан Ибрагим менен Бирже тартылды.

Жөнөкөй жашоону сүйгөн жөнөкөй адам

Шаардын ызы-чуусунан качкан Ибрагим жаратылыш коюнундагы айылга үй салып алган. Жаныбарларды сүйөт, айрыкча иттерди. Өз үйүндө кангал породасындагы 11 ит багат. Туугандары менен биргеликте ферма ачкан, ал жакта көчөдө жүргөн жолбун иттерди, кожоюндары таштап кеткен, майып болгон эки жүзгө жакын ит багылат.

40тын кырынан ашкан актёр мыкты спорттук дене түзүлүштө. Бул анын сууда сүзүү, сёрфинг, баскетбол, кикбокс, теннис ойноп, спорт менен тыгыз байланышта болгонунун көрсөткүчү.

2021-жылы жайында Түркиянын түштүгүндөгү токойлордон чыккан өрт жарым айга созулуп, жаратылышка бир топ зыян келтиргенинен маалыматыңыз бардыр. Өрт бүткөндөн кийин интернет желесине көпчүлүккө кошулуп Ибрагим Челикколдун алоолонгон отту өчүрүп жаткан видеолору тарап кеткен. “Башка атактуулар жылуу үйүндө отуруп алып “ий, жаман болду” деп жазып жатканда, Ибрагим алдыңкы катарда өрт менен күрөшүп жатты” деген ыраазычылыктар көп болду.

Кайрадан бойдок

“Сексуалдуу мырза”, “Жыл адамы”, “Эң харизмалуу актёр” сыяктуу наамдардын ээси Ибрагим Челиккол жеке жашоосун болушунча жашырып келет. Албетте, ага тасмаларда чогуу ойногон актрисаларды жармаштырып келишет. Айрымдары менен чынында эле кыска убакытка сүйүү романдарын куруп койгон учурлары да бар. Нике шакегин болсо чыгармачылыктан такыр алыс, архитектор-дизайнер кесибин аркалаган Михре Мутлуга таккан. 2017-жылы үйлөнгөн түгөйлөр 2019-жылы уулдуу болуп, ага Али ысымын ыйгарышкан. Сыртынан караганда идеалдуу түгөйлөр быйыл май айында ажырашканы маалым болду.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан