Максат Токтоналиев, бийчи: «САГЫНЫП ОШТОН БИШКЕККЕ 2 СААТКА КЕЛИП КЕТКЕМ»

Бийчи Максат Токтоналиев менен жубайы Азада Шамшиева сүйүү баянын айтып беришти. “Экөөбүз тең өзүбүз каалагандай жарга туш болдук”,- дешет алар. Жаш жубайлардын кантип таанышып калганы, кыз-жигиттик мамилеси кызык болсо маекке көз жүгүртүңүз.

– Куш келипсиздер. Маекти экөөңүздөрдүн жолуңуздар кошулган күндөн баштайлы, ээ?

Максат: – Биз 2016-жылы 1-январда, Жаңы жыл күнү таанышканбыз.

Азада: – Саат 12ден кийин курбулар “келгиле, жолугуп, салют атып, кар менен ойноп, бири-бирибизди куттуктайбыз” деп калдык. Чогулгандан кийин “бир жерде сүйлөшүп отуралы” дедик. Курбуларым Максатты таанышчу. Алар “Максат караокеде иштейт да бүгүн. Ошол жакка чакырып жаткан, шоу-программа болмок” деп калышты. Ошол жакка бардык. Мен кыздарга таарынып алгам. Анткени үйдөн калың кийинип чыккам да, а алар болсо жакшынакай кийинип алышыптыр. Ошол жерден таанышып калганбыз. Бир топ күндөн кийин курбум “Максат сага жазып жаткан турбайбы” деп калды. Анда Инстаграмда жекече кат жазышуу функциясы жаңыдан иштеп баштаган. Мен билчү эмесмин, кыздар үйрөтүштү. Анан ошол жактан сүйлөшүп калдык. Бир күнү жолугуп, киного барып келдик. Ошентип жакын болуп кеттик.

– Биринчи жолугушууда бири-бириңиздерге кандай таасир калтырдыңыздар?

М.: – Менин дагы да жолуккум келди. Бул болсо “мейли, бара берейинчи” деди болуш керек (күлүп).

А.: – Биринчи жолукканда экөөбүздө тең эле укмуш кызыгуу болгон эмес. Сүйлөшүп көрөлү дедик. Сүйүү сезимдери 2-3 айдан кийин башталган.

М.: – Азада менден бир жашка кичүү. Ага чейин өзүмдөн кичүү кыздар менен сүйлөшүп көрдүм, тил табыша албай кыйнала берчүмүн. Экөөбүз дароо эле тил табышып кеттик. Кийин тез-тезден жолуга баштадык. Ошол кезде Мирбек Атабеков менен бир айга гастролго кеткем. Ошондо сүйүп калганымды түшүндүм. 6-7 күн иштегенден кийин тапкан акчама учакка билет алып Бишкекке учуп келгем. 2 саатка жолугуп, кайра кеткем. Анда биз Ошто иштеп жатканбыз.

А.: – Бир апта жок болуп кеткенде сагындым. Келсе, аябай сүйүнгөм. Кетпей эле койсо экен дегем. 6-7 күн ушунчалык узак болду, дагы 20 күн кантип өтөт дедим ичимден. Сезимдер пайда болгонун ошондо түшүнгөм мен дагы.

– Ар бир адамда болочок жубайына карата талаптары болот эмеспи, силерде кандай талаптар бар эле?

М.: – Келинчегим тың болсо экен дечүмүн, Азада тың. Эң негизгиси – мени чын дилинен сүйсө дечүмүн. Сүйүү ашып-ташып жатат азыр (күлүп).

А.: – Кызганыч жөнүндө сурабай калыптырсыңбы (күлүп)?

М.: – Ооба, сурабай калыптырмын.

А.: – Мен адамгерчиликтүү, иштегенди билген адам болсо дечүмүн. Максат бекер отурганды жаман көрөт, иштегиси келип турат. Негизгиси – ата-эне, бир туугандарына болгон мамилеси жакшы болсо дечүмүн. Анткени өзүнүн ата-энесин, бир туугандарын сыйлабаса, меникин кантип сыйламак эле? Максат оюмдагыдай, шүгүр.

– Кызганыч жөнүндө айтыңыздар анда...

М.: – Буюмдардан деле кызгана берет. Мен көбүнчө кыздар менен иштейм, ошолордон кызганат. Телефондон кызганат, кызымдан, жумушумдан кызганат. Ушунусу бар.

А.: – Жок, андай эмес. Жумушуна келсең супсулуу, кымча бел кыздар толтура. Мен деген балалуу болдум, баары бир жаш өткөн сайын 18 жаштагыдай болбойсуң да.

М.: – Болуп эле турбайсыңбы?

А.: – Мындайга көп маани берчү эмесмин. Өзүмдү дайыма сулуу кыздардын катарына кошчумун. Сүйлөшүп жүргөндө бир жолу “студияга келе бер” деп калды. Барсам студияда 30дай модель кыз жүрөт. Эми элестетип жатасызбы, бою 170 сантиметр, чачтары узун, супсулуу, шиш такаларды кийип алышкан кыздар. Мен болсо чачымды төбөмө түйүп, шлёпка кийип, пакеттерди көтөрүп алып кирип бардым. Жүрөгүм токтоп кала жаздаган. Азыр деле окуучу кыздары менден 10 жаштай кичүү. 18-20 жаштагы кыздардын сулуулугу башкача да. Ооба, баарынан кызганам.

– Максат мырза үйлөнүү сунушун кандай киргизди?

А.: – Максат шоу менен коштолсо деп ойлонсо керек. Ошого даярданып жүрсө, улам чалып кызгана берип 2-3 жолу андай планын бузуп койгом.

М.: – Мирбек Атабеков менен жакшыбыз да. Анын “Жаным” деген ырын жаттагам. Атайын барып пианино үйрөнүп жаткам. Кайсы бир кечеде Мирбек ырдамак. Мен артында пианино ойноп отурган болом. Бирок мени эч ким көрбөйт. Жарык мага тийгенде мен ырдап баштамакмын. Пианино үйрөнүп жатсам улам чала берген, “каякта жүрөсүң?” деп. Анан жиним келип, “болду, кылбайм” дегем. Анан бир күнү “байлардын тамагын, стейк жеп келели” деп Италия ресторанына чакырдым. Ошол жактан сунуш киргизгем.

– Кызыңар тууралуу айтып бергилечи...

М.: – Кызым тим эле таттуу. Мен үчүн өмүр бою эле таттуу болот болуш керек. Көз тийбесин, сонун кызыбыз бар. Кызым ушул жылы “Мини мисс жана мистер” сынагында 2-орунду алды. Кичинесинен билинет экен, чыгармачылыкка жакын.

– Үйдө кимге жакын?

А.: – Атасынын кызы. Кичине кезинен Максатты жыттап уктачу. Антсе бул жыргап, кыймылдабай жатат.

– Баш кошконуңуздарга 4 жыл болуптур. Мамиледе, каржылык жактан кризистер болдубу?

М.: – Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт дейт. Каржылык жактан кризис болду. Мурдагы жылы жол киребизге акча жок калган учур болду. Экөөбүз тең андайга чыдап коёбуз.

А.: – Каржылык кризис боюнча, сүйлөшүп баштаганда эле “ортобузда эч качан акча турбайт” деп чечишип алганбыз. Ошону карманабыз. Мамиледеги кризис тууралуу айтсак, үйлөнгөндөн кийин бир жыл аралыгында бири-бириңе көнүшүң керек да. Мен баш кошконго чейин эле Максат түндө иштээрин, жумуштан кийин кээде достору менен жолугуп, футбол ойноп же көрөрүн билчүмүн. Бирок ушуга көнө албай жүрдүм, жиним келчү. Бул учурда апам да (ред.: кайненеси) Максатка чалып “Ай, каякта жүрөсүң, Азада мага турмушка чыкты беле? Жаныңа алып жүрбөйсүңбү” деп урушчу. Анан кээде алып кетип досторунун аялдарына жолуктуруп койчу, “ушул жакта отуруп турчу, кенен көрүп келейин. Апам экөөңөр жедиңер го” деп (күлүп). Андан башка кризис болгон жок. Бири-бирибизди түшүнгөнгө аракет кылабыз. Түшүнбөй баратсак чыдаганга аракет кылабыз (күлүп).

– Маегиңиздерге рахмат. Дайыма бактылуу өмүр сүрүңүздөр.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Гуля
2022-11-05 22:03:00
Бактылуу болгула
0
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан