Дастан Лепшаков, бильярдчы: “МУРДАГЫ КУМИРИМ, АЗЫР МЕНИ КУМИР ТУТАТ”

Каарманым орус бильярды боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону (“Курама пирамида”, 2014-жыл), чоңдор арасында 2 жолку Дүйнө чемпиону (“Динамикалык пирамида”, 2015-жыл, “эркин пирамида”, 2022-жыл) Дастан Лепшаков. Дастан мырза менен жеңиштери, толкундануулары, атаандаштары тууралуу кеп кылдык.

– Дастан, дүйнөнүн 2 жолку чемпиону болушуңуз менен куттуктайбыз! Чемпиондук кандай өттү?

– Рахмат. Орусиянын “кара тизмесине” түшүп калып, 2,5 жылдан бери турнирлерге чыга албай жүргөн элем. Биз орус бильярдын ойногонубуз үчүн турнирлер көбүнчө Орусияда болот. Бул жылы “кара тизмеден” чыгып калыптырмын. Биринчи оюнум Сургутта болду. Көптөн бери катышпай жүргөндүктөн ал турнирден утулуп калдым. Ысык-Көлдө өткөн Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду алдым. Андан кийин эле Беларуска барып 2-орунду ээледим. Орусияда “Кремлдин кубогу” турнири болуп, анда да 2-орунду алдым. Анан “Империя кубогу” эл аралык чемпиондугуна барып, 1-орунду алдым. Мындан 2 күндөн кийин эле Дүйнө чемпиондугу башталды. Ал жактан Азизжон Мадаминов коло, мен алтын медаль уттум. Ошентип Кыргызстандын намысын коргоп келдик.

– Азаматсыздар. Жеңериңизге ишендиңиз беле?

– Негизи 3-орунга жеткенде утарыма ишенип калам. Бул ирет да утарыма ишенгем. Көптөн бери турнирге катышпаганга турнирдин сүрү пайда болуп баштаган болчу. Финалдын башында элдин сүрүнөн өтө албай утулуп баштагам. Андан кийин өзүмдү колго алдым. Азыр табыма келип калдым. Мен 2017-жылы эле 2-жолу Дүйнө чемпиондугун утушум керек болчу. Ушул эле Югорск шаарында болгон анда дагы. Ошондо 5:4 эсебинде Иосиф Абрамовду утуп бараткан болчумун. Бир шар киргизсем утмакмын, ошондой учурду колдон учуруп алгам. Бул ирет финалга чыкканда ошол учур эсиме келди. Мында жеңишти колдон чыгарбашым керек дедим. Кудай буюруп, жеңдим. Мурда Дүйнөлүк чемпиондукта бильярд таблицасында 1-2-3-орунда турчумун. 10-орунга чейин түшүп кеткем. Азыр кайрадан биринчиге чыктым.

– Эң кыйын атаандаш ким болду?

– Баары кыйын атаандаштар. 2,5 жылда баарынын оюндары өстү да. Көбүрөөк кыйынчылык жараткан кыргызстандык оюнчу Мухамед Каримберди уулу болду.

– Эмне болуп “кара тизмеге” кирип калдыңыз эле?

– Карантиндин астында Орусиядан учуп келгем, чартердик рейс болчу. Ошол учактагынын баарын “кара тизмеге” киргизип коюшкан. Бул учурда Казакстанда болгон чемпиондуктарга катышып жүрдүм, Казакстанда машыктыруучу болдум. Азияда чемпиондуктар аз болот.

– Дүйнө чемпиону болуш үчүн бильярдчыга кандай сапаттар керек?

– Эң биринчи аракетчилдик, анан кызыгуу керек. Мен Таласта ойноп баштагам. Улуу байкем бильярд залын ачып, бир столду карап жүргөн бала болчумун. Ошентип жүрүп кызыгып кеткем. 5-6 айдан кийин эле облустук турнирлерге катыша баштагам. Кийин анан мени эч ким токтото албай калды (күлүп). Облустук деңгээлде 8 жолу жеңишке жеткенден кийин Бишкектен машыктыруучулар чакыра башташты. Үйдөгүлөр “азырынча жаш” деп каршы болуп жүрүштү, бирок менин каалоомду көрүп макул болушкан. Анда 13-14 жашта болчумун. Бишкектен башында жыйынтык көрсөтө албай жүрдүм. Өжөрлөнүп отуруп ийгиликке жеттим десем болот. Көчөдө түнөп калган учурлар болду. Айтайын дегеним, кызыгуу, өжөрлүк керек. Фантазия да керек, фантазияң жакшы болсо бильярдды жакшы ойнойсуң. Эң башкысы, катуу мүнөз керек. Албетте, буйрукка да байланыштуу. Буюрбаса, канча кыйын болсоң да ута албайсың. Өмүр бою легенда болуп жүргөндөр, бирок Дүйнөлүк чемпиондукта утпагандар бар.

– Жеңиштин даамын сыпаттап бериңизчи...

– Биринчи жолу Дүйнө чемпиону болгонумда анча билинген эмес. Баары бүткөндөн кийин толкунданганымды сезгем. Чын эле кыялыма жеттимби дегем. Кыялым Эмгек сиңирген спорт чеберин алуу болчу. 1 жолу Дүйнө чемпиондугун алсаң, Эл аралык класстагы спорт чеберин берет. 2 жолу утсаң Эмгек сиңирген спорт чебери аталасың. Эми ошол боюнча арыз тапшырабыз. Кудай буюрса, алдык десем болот, анткени 2 жолу утсаң сөзсүз берилет. Кийинки максатым – Каныбек Сагынбаевден ашуу (күлүп). Ал Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону да.

– Бильярдда кумириңиз ким?

– Мурун Никита Ливада болчу, менден 2 жашка улуу бала. Мен бильярдды жаңы ойноп баштаганда ал Дүйнөлүк чемпиондукту утуп койгон. Ысык-Көлдөн 2-орунга чыгайын деген этапта акыркы партияда андан утулуп калдым. “Империя кубогунда” аны уттум. Азыр тескерисинче, ал мени кумир тутат. Чемпиондуктан кийин сүйлөшүп отурсак, “мурун сен мени кумир тутчу элең го, азыр мен сени кумир тутам” деди. Ал 3 жолу чемпион болду. Бильярдда Кыргызстандын деңгээли күчтүү. Чемпиондуктардын астында күчтүү өлкөлөрдүн гимнин алдын ала даярдап коюшат да. Кайсы чемпиондукка барбайлы, биздин гимнди сөзсүз алдын ала эле даярдашат.

– Снукерди тандап кетүү боюнча ой болгон эмес беле?

“Снукерге өтүп кетпейсиңби” деп көптөр айтат. Орус бильярды менен снукердин айырмасы чоң, техникалары башка. Снукер боюнча да спорт чеберимин. Бирок башынан орус бильярдын ойноп келе жаткандан кийин ушуну менен эле кеткен оң го. Снукер боюнча Дүйнө чемпиондугуна чейин жетем десем, анда кайра төрөлүп, жаш кезимден ойноп башташым керек.

– Бильярддын арты менен материалдык жактан бутка турса болобу?

– Мен 14 жашымдан бери өз алдымча оокат кылам. Меникиндей жыйынтык көрсөтсө, бутка турса болот. Бильярд деп жүрүп үй алдым, атама унаа белек кылдым. Үйдө 6 бир тууганбыз. Бир туугандарыма белектерди берип турам, жардам керек болсо бере алам. “Империя кубогун” утканымда алтын менен бриллиант аралашкан шакек беришти. Жыл сайын чемпиондукту уткандарга берет. Ошону атама белек кылдым, бул менин кыялым болчу. Үйдөгүлөрдүн баары бильярдды жакшы билишет, менин атаандаштарымды да жакшы билишет. Мен турнирлерге барбай калганда атам Азизге күйөрмандык кылып жүрдү. Дайым оюндарды көрүшөт. 90 жаштагы чоң атам да оюндарымды көрүп, мени колдоп турат. Бирок атам “чыдабайм” деп түз эфирлерди көрбөйт. Оюндун жыйынтыгын угуп, анан отуруп алып көрөт. Үйдө атам да, 3 байкем да бильярдды жакшы ойношот.

– Жакшы. Бир туугандарыңыздын баары үй-бүлөлүү экен. Сизди да өз катарына чакырып жатышабы?

– Ооба, үйдө эң кичүүсүмүн. Кудай буюрса, кийинки жылы үйлөнөм. Бул жылы үйлөнөм деп жаткам. Мен “кара тизмеден” чыгып, турнирлерге катышып калдым. Анын үстүнө ортодо бир жагдайлар жаралып, бир аз дагы күтүш керек болуп калды.

– Ушинтип жалаң жакшы жаңылыктар менен кубанта бериңиз! Маегиңизге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан