(Башы өткөн сандарда)
Шериги ага: «Таанылбай калайын деген го», – деп каткырды да, ваннага кирип кетти. Артынан ваннага кирсем, биздин тиш щёткаларыбызды санап жатыптыр. «Та-ак, жети киши жашайт экенсиңер, бирөөңөр да бул дарекке катталган эмессиңер, 3000 рублдан чогулткула же бөлүмгө жүргүлө», – деди. Үйдө төртөөбүз болчубуз. Калган үчөө жумушта эле. «Алар үчүн да төлөйсүңөр» деди.
Биз жаныбызды жеп, актанып жатып төрт эле киши жашайбыз деп аларды ишендирдик. Мен: «Өзүбүз пол жууп иштесек, ушунча акчаны кантип беребиз? Айткан жактарына эле баралы», – дедим. «Сен бара бер, мен депорт боло турган алым жок, айылда үй-бүлөм акча күтүп, менин көзүмдү карап отурат», – деди биз менен жашагандардын бири. Акбермет мени жекире карап: «Анда үйгө жетелеп келбей эле эшиктен ары кете бербейт белең?!» – деди. Ошентсем болмок экен. Чекилик кылыптырмын. Эки полиция мыйыгынан күлүп, бизди улам шаштырып коюп күтүп турду. Болгон максаты – акча алуу, анан булардын бизден минтип акча алып жатканы мыйзамсыз... Бирок эмне дей аласың? Биздин ушул турушубуз да мыйзамсыз да. Баарыбыз документте Москванын ар бурчунда катталганбыз, бирок өзүбүз Москванын башка бир бурчунда жашайбыз. Анан кантип алар менен укугубузду талашат элек? Бизди мазактап тургандарына чыдап, көнүп төрт киши 3000 рублдан чогултуп бердик. Алар эч нерсе болбогон немедей акчаны чөнтөктөрүнө салды да, чыгып кетишти. Эми бурч-бурчта отурабыз мостоюп. Бири-бирибизди тиктебей, тамак жебей, сүйлөшпөй отурабыз. Бүгүн үйдө эң жек көрүндү киши менмин... Дем алыш өлдү, эже...
– Неге көчөгө документи жок чыгасың?!
– Ошону айтпайсызбы?..
– Бөлүмгө барсаңар, баарыңар «үйгө» кетет элеңер. Анан эмне кылат элең? Азыр «тазалагыла» деген буйрук бар. Силерди билип алды, эми үйүңөргө келе берет. Же миграция кызматын жиберип коюшу мүмкүн. Эшикти эч кимге ачпай, абайлап жашагыла.
– Коркуп калдым. Биринчи жолу түштүм да. Калчылдаганым көпкө чейин басылган жок.
– Корко турган эч нерсе болгон жок. Маанайыңды түшүрбө. Жашоо ошентип маал-маалы менен силкип турат.
– Москвада көп силкет экен...
– Өтүп кетет. Баарыбыз эле силкинип жатып эсибизге келгенбиз.
ххх
– Макмалдын: «Биз экөөбүз окшошпуз, биз экөөбүз бактысызбыз», – дей бергенине деле көнүп баратам. Толстойдун: «Бактылуу үй-бүлөлөр баары бири-бирине окшош, а бактысыз үй-бүлөлөр ар бири өз алдынча бактысыз», – деген сөзүн ичимден көп кайталайм. Элге, мени бактысыз дегендерге, «экөөбүз окшошпуз» дегендерге, өзүмө... Бирок курбумдун алдында Толстой суу кечпей калды. Дагы келип «бактысызбыз» деп ыйлап кетти. Эми бактысыз боло түшсөм деле, Тилекти эстесем деле, жалгыз экенимди ойлосом деле Макмалды эстеп жатам. Ал тургай бир канча окшоштуктарды таап чыктым. Ынанып баратканым ошол да...
Макмал мен билгенден бери эле сүйүү талашып келатат. Сүйүүнү талашып тартып алса болбой турган сезим экенин түшүнгүдөй деле болду, бирок болбой эле талашып келатат. Мен анын «экинчи сүйүүсүн» көрүп калдым. Анысы менен ээрчишип жүрүп эле бир кызга тарттырып жиберген. Тарттырып жибергенде, ага кошулуп тайпадагы кыздардын баары ошол жигитти талашканбыз. Филфакты элестетип жатасың да. Бир тайпада бир эркек болсо болду, болбосо жок. Жалаң кыздарбыз. Баарыбызга сүйүү кызык. Өзүбүздүн жигитибиз жок болсо, курбуларыбыздын жигитин кошо сүйүшөбүз. Макмалдын «экинчи сүйүүсүн» да ошенткенбиз. Кошо сүйүп, кошо талашканбыз. Бирок биз «жеңилип» калдык...
Ошондон кийин ал күйөөсү менен таанышты. Аны да талашты, аялынан талашып, сөз болуп жүрүп тийди. Ал талаштын башын мен да көрүп калдым, бирок акырына жетпей Москвага келе бердим. Кошо күрөшпөсөм да, ичимден Макмалды сүрөгөнүм эсимде. Ошого анын күйөөгө тийгенин укканда ичимден «Кудай жалгасын» дегем. Анан экөөбүз тең кабарсыз кеттик. Мен деле аны эстеген жокмун, издеген жокмун, ал деле мени издеген жок. 2-3 жыл алдын эле табыштык. Элдей болуп ал да Москвага келип калыптыр. Жолукканыбызда эле эки уулу менен ажырашканын, күйөөдөн көңүлү калганын, баягы көзү аккыча ыйлап жүрүп араң жеткен сүйүү түгөнгөнүн айтты. Ыйлады. Угуп отуруп аядым. Жапжаш кыз өзүнөн 15 жаш улуу кишиге турмушка чыкты. Чоң бүлөгө келин болду, ошончо чоң бүлөнүн кирин жууп, тамагын жасады. Айылдын түйшүгүнө түтүп, кыңк этпей ошончо кишинин кызматын кылды. Анын күнөөсү деле жок. Эринин күнөөсү. Эрине кошулуп Макмалды кордогон кайненесинин күнөөсү...
Ал Москвага келгенден бери мен анын «арызын уккуч» болуп иштейм. Көргөн күнүн мага жолуккан сайын айтып берет, айтып жатып ыйлайт. Башынан ыйлаак жан, кээде сөзүн токтотуп өксүп ыйлайт, кээде көзүнөн жаш төгүлүп жатса деле токтобой сүйлөй берет. Улам жашын жутуп, жашына муунуп жатса деле, мен аны укпай тура калып качып кетчүдөй болуп аптыгып сүйлөй берет. Сүйлөп жатып эле оюнун учугун таппай калмайы бар. Ошого башынан өткөндөрдү кээде эки кайталап айтып жиберет. Мен болсо: «Сен мага бул окуяны айтып бердиң», – дебей угам. Ошол үйгө баргандан тартып тамакты тоё жебегенин, бир дасторкондо бүлө менен чогуу отуруп чай ичпегенин, аны: «Сен тамак жедиңби, сен токсуңбу?», – деген деле киши болбогонун, өздөрү жаткан бөлмөгө бекитип тамак алып кирип, ошону иш арасында элге көрсөтпөй жегенин айтып берип отурса, мен анын күйөөсүнөн, кайненесинен шектенбей, ичимден Макмалдан шектенем. «Кантип эле ошондой болсун, ушуну кошуп койгон жокпу, апыртып койгон жокпу?» – деп шектенем.
Анан акыркы жылдары ажырашкан, күйөөсү таштап кеткен аялдардын көбү окшош нерселерди айтабы же мен ажырашкан аялдарды көп угамбы, айтор, аны уккан сайын, мен айтылып жаткан окуяны дагы бир жерден, башка бирөөдөн уккансый берем. Бирок ошентсе деле сөзүн бөлбөй угам. Уккандан башка берер жардамым жок, колумдан эч нерсе келбейт...
Макмал: «Күйөөм эрте кетип, кеч келчү, анан үйгө түнөбөгөндү адат кылды. Мен ошондо, ал үйгө түнөбөй баштаганда шектенсем, ойлонсом болмок экен, ошондо кетип калсам болмок экен», – деп көп өкүнөт. Эри жүрөнөөк чыгыптыр. Башка аялдар менен ылгабай, тартынбай, жаап-жашырбай жүрүптүр. Ал: «Эки бала төрөп бердим. Мени сыйлап койбойбу, мени сыйлабаса балдарын сыйлабайбы? Мен жапжаш болсом, анан эмнеге антет? Эркектерге эмне, катын болсо эле болдубу?!» – деп менден көп сурайт. Эркек тууралуу, эркектер тууралуу чала-була, үзүл-кесил түшүнүгү бар менден сурайт. Айлам кеткенде: «Ооба, кээ бир эркектер ошондой», – деп коём. Бирок сый эмне экенин түшүнбөгөн, билбеген, деги эле сый тууралуу ойлонбогон адамдар бар экенин айта албайм. Айтсам эле Макмалдын өзүнө сөз тиет, кеп кайра анын өзүнөн башталат. Мен аны дайым угуп отуруп кейийм, ойлоном...
(Уландысы кийинки санда)