СУУКТА КОЛГО КАНТИП КАМ КӨРҮҮ КЕРЕК?

Суук түшкөнү колуңуздун териси кургап, кесилип, улам-улам крем сүйкөсөңүз да жардам бербей жатабы? Анда төмөнкү кеңештерди колдонуп көрүңүз.

1. Сөзсүз мээлей кийиңиз. Мээлей кол терисин сууктан сактоонун эң натыйжалуу каражаты. Көчөгө чыгып бара жатканда да, өзгөчө үй тазалоо алдында да. Үйдү тазалоодо химиялык каражаттарды колдоноруңуз шексиз. Химиялык каражаттар кир, тактарды эле кетирбестен, колдун терисинин эпидермисин жабыркатып, аны табигый коргоочу касиетинен ажыратат. Андыктан үй тазалоо алдында сөзсүз резина мээлей кийиңиз. Бул эрежени жыл мезгилине карабай эске тутуу керек. Ал эми күз ортолоп, кыштын карааны кылайгандан баштап колду жылуу мээлейге катуу керек.

2. Азыктандыруучу крем. Сыртында кол крем деп жазылып турса эле сүйкөй бербеңиз. Суук мезгилде кол терисин азыктандыруучу (питательный) крем алуу керек, жылуу мезгилде нымдандыруучу (увлажняющий) аласыз. Нымдандыруучу крем суукта колду ого бетер кургатып жиберет. Ал эми курамында А, Е тобундагы витаминдери бар азыктандыруучу кремди күнүнө 3-4 жолу сүйкөгөндү адат кылып алсаңыз, кол териңиз дайыма жумшак, серпилгич болуп жүрөт. Ал эми курамында глицерин бар кремди кышкысын албай эле коюу оң. Анткени глицерин териге абаны өткөрүүгө тоскоолдук жаратат да, териге бырыш түшө баштайт.

3. Нымдандыруучу самын. Кышкысын кол жууганга антибактериалдык эмес, нымдандыруучу самын алган жакшы. Антибактериалдык самындын курамындагы триклозан заты кол терисин кургатып жиберет. Ал эми нымдандыруучу самындын курамына түрдүү майлар жана Е тобунун витаминдери кошулат. Андыктан нымдандыруучу самын менен колуңузду жууп, артынан азыктандыруучу крем сүйкөп койсоңуз жаңылбайсыз.

4. Ысык сууга жуубаңыз. Эшиктен үшүп-шишип келгенден кийин алгач эле колду ысык сууга сала калсаң жылый түшкөндөй сезилесиң. Бирок бул адат кол терисине өтө зыян. Сууктан дароо ысык температурага өтүүдө кан тамырлар тарып, теридеги кан айланууну жайлатат. Натыйжада тери жетиштүү азыктанбай, өзүн-өзү калыбына келтире албай калат. Андан көрө сууктан үйгө киргенде колду жылуу сууга жууп, сөзсүз кургатуу керек.

5. Вазелин. Азыр косметологияда миң түркүн крем, маскалардын түрү бар. Андыктан вазелинди көп колдонгон адам жок. Косметолог, дерматологдор да вазелинди көп колдонбогула дешет. Ошентсе да өтө суук мезгилде эшикке чыгардын алдында колго вазелин сүйкөп алсаңыз, сууктан жана шамалдан сактайт. Бирок дайыма эмес, бир жумада 1-2 жолу.

6. Скраб. Крем сүйкөсө да кол териси кургай бергенинин дагы себеби бар. Ал үчүн теринин өлгөн клеткаларын алып салуу керек. Бул учурда скраб жардамга келет. Скраб менен терини тазалагандан кийин крем сүйкөсөңүз сөзсүз жыйынтык болот. Скрабды бир жумада бир колдонуу керек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан