Нуржан Түмөнбаева, ырчы, обончу: «КҮЙӨӨМ ЫРДАШЫМА КАРШЫ ЧЫККАН БИР УЧУР БОЛДУ»

Дайым жылмайып жүрөт, эстрада ырларын да, фольклордук ырларды да ийине жеткире ырдайт. Ал – ырчы Нуржан Түмөнбаева. Ырчы менен чыгармачылыгы, үй-бүлөсү, балалыгы тууралуу кеп курдук.

– Арыбаңыз! Маданияттын мыкты кызматкери наамыңыз кут болсун! Концертиңизди жакшы өткөрүп алдыңызбы?

– Бар болуңуздар! Рахмат. Концертти мен айткандан көрө, элдин айтканы жакшы. Ошентсе да мен ойлогондой өттү. Биринчи концертим болгондуктан, көңүлүмө толду. Ушунун баарын уюштуруп баштан-аяк чуркаган Мунара сиңдиме рахмат!

– Негизи, чыгармачылыкта жүргөнүңүзгө канча болду?

– 25 жыл болду. Кечээ эле ырдап чыга калган жокмун, өнөрдүн үстүндө көп жыл эмгектендим, окудум. 2-классымдан баштап комузда ырдап, музыкалык мектепте комуз, Ныязалы атындагы окуу жайда кыяк бөлүмүндө окудум. Андан кийин Кыргыз улуттук консерваториясында элдик ырларды ырдоо багытында 5 жыл, ага кошумча кыяк бөлүмүн сырттан окудум. Жалпы 14 жылым музыкалык билим алууга кетти. Билим алган сайын алгың, үйрөнгөн сайын үйрөнгүң келе берет экен. 2014-жылдан бери Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Маданият жана искусство университетинде мугалиммин. Ал жерден режиссёрлукка сырттан окуу бөлүмүнө тапшыргам, учурда 6-курсмун. “Маржан” тобунда ырдайм, “Манас” театрында дастанчымын, Борбордук аскер үйүндө солистмин.

Ошто окуп жүргөндө “Чабыт” деген теледолбоорго катышуу үчүн Бишкекке келгем. Калыстар тобундагы Роза Аманова эжеме өзүнүн ырын ырдап берип өтүп кеттим. Аталган долбоордо 3-орунду алдым. Бир жылдан кийин Улуттук консерваторияга тапшырып, башка агайга туш келип калганда Роза эже “бул менин окуучум” деп өзүнө алган. Ошондон бери Роза эженин шакиртимин, ага ыраазымын.

– Чыгармачылыкта дагы кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Акыркы 2 жылдан бери жакшы эле эмгектенип жатам. 6 клип тарттырып, 10дой ыр жаздырдым. Ага чейин кыздарым кичинекей болгон үчүн кирише албай жүргөм. Жеке ырчы катары ырдап чыгышыма Кенже Дүйшеева эже түрткү болду. Анын “ушинтип эле жүрө бересиңби, ырың, үнүң бар, ырда, 40 жаштан кийин кыйын болуп калат” деген кеңеши таасирлентти.

– Кичинекей мамлекетиңиз тууралуу сөз кыла кетели...

– Өзгөндүн кызымын, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Адыр деген айылынан болом. Өмүрлүк жарымды Таластан таптым, аты Самат, бирге түтүн булатканыбызга быйыл 11 жылдан ашты. Кудайга шүгүр, үч кызыбыз бар, улуусу 10 жашта, кичүүлөрү 5-6 жашта.

– Чыгармачылыкты да, үй-бүлөнү да бирдей алып кетүү оорбу?

– Кыз киши үчүн чыгармачылык татаал жол. Ушунча билим алгандан кийин аны колдонушуң керек да, концерттерге чыгышың керек. Үй-бүлө иштери, бала тарбиясы деген нерселер бар, кыйын эле болот. Өмүрлүк жарым колдоп келе жатат. Кайын журтум “Нуржан, азаматсың” деген сайын күчтөнөм. Үй иштерин да таштап салган жокмун, чогуу алып кеткенге аракет кылып жатам. Күйөөм жалгыз бала, ата-энебиз менен чогуу турабыз.

– Социалдык тармактагы баракчаңыздан “Тийбе мага, жолтоо болбо, суранам” деген ырыңызды окудум эле. Жолдошуңуз башынан эле колдойбу ырчылыгыңызды?

– Ырдашыма абдан каршы чыккан бир учур болду. Анткени 3-4 жыл катуу оорудум, ошол учурда “мага сенин ырың эмес, ден соолугуң керек” деп туруп алды. Сиз айткан ырды ошол учурда жазгам. Азыр колдоочум да, демөөрчүм да, сынчым да өмүрлүк жарым. Үй-бүлө башчысы деген үй-бүлөнүн бекемдигин сактап калууга аракет кылат да. Мени аяп турат, “ооруп каласың, жылуу кийин, көз тийип кетет” дей берет. Ал мени аяган сайын күчтөндүм.

– Канча обонуңуз бар?

– Биринчи жолу 2-классымда обон жараткам. “Торпогум” деген ырдын сөзүн да, обонун да өзүм жазгам. Аны азыр кыздарыма да үйрөтүп койгом. Бала кезде ыр жазымыш этип жүрчүмүн, анын баарын апам чогултуп коюптур. Музыкалык окуу жайда окуп жүргөндө “Кечиккен махабат” деген ырга Айпери деген курбум экөөбүз обон жаратканбыз. Калган обондорум Улуттук консерваторияга келгенде жаралды. Учурда 10дон ашык обонум бар. Негизи, бир обонду көпкө чейин бышырып, анан чыгарам. “Жарыма” деген ырдын обонунун үстүнөн 5 жыл иштедим.

– Бала кездеги кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз...

– Айылда чоңойгон кызмын, айылга барганда балалык күндөрдү эстегим келип, кошуналардын баарынын үйүнө кирип чыгам. 3 баланын энеси болдуң, чоңойдуң деген нерсе жок менде. Ар бири менен кобурашып отурган жагат. Анан жаман көлөчтү сүйрөп алып айылдын сыртына чыгып отурганды жактырам. Атам тракторист да, анын май болгон кийимдеринин, короодогу малдын жыты, ыш жыттанган очок, баары башкача. Шаардагы 2 кабат үйүң, байлыгыңдын баары айылдагы кепедей үйүңө жетпейт. Бала кезде аябай тентек элем. Сабакта отурганда терезеден атамдын трактор айдап өтүп баратканын көрүп калсам, мугалимден суранбай эле чуркап чыгып кетчүмүн. Биздин айылдан алысыраак Бабыр деген айыл бар, ошол айылдын кыздары менен дос болуп ойноп жүрчүбүз. Бир жолу 8-9-класс кезим, апам “сабактан эртерээк кел, ашар кылабыз” деди. Макул деп кетип, мектептен ары Бабырга волейбол ойногону кетип калдык. Үйгө келсем, апам бир колуна бала көтөрүп алып чый-пыйы чыгып иш кылып жүрүптүр. Ошондо “эрте кел” дегенин эстеп жатпаймынбы. Апам мени үйдү айлантып кубалап жүрөт (күлүп). Ушул окуяны көп эстейм. Анан айылдагы отуруштардын баштоочусу элем, кыздарды ата-энесинен аларды отурушка жиберүүсүн суранат элем. Бир чоң апабыз мугалим эле, аныкына барсам “ии, Ыдырыстын ээн баш кызы келген турбайбы, балекеттин баарынын башынан чыккан ушул кыз” деп урушса боло. Чынында эле ушундай болчу. Качан, кантип токтолуп калганымды өзүм деле билбейм.

– Келиндин келгендегиси эстен кетпейт дейт. Эсиңизде калган окуя?

– Мени төркүлөтүп алпаратышат. “Маржан” тобунда Майрам деген курбум бар, ал кезде апамдын (ред.: кайненеси) атын билбейм да. “Майрам, жанагы “Арзыкан” деген ырды ырдап койсоң” деп жатам, көрсө, апамдын аты ушундай экен да. Маектин башынан бери күйөөмдү өмүрлүк жарым дегенимдин себеби да ушундан, кайнатамдын аты ушундай (ред.: Жолдош). Башында кайнатамдын каякта иштээрин билчү эмесмин, бир жолу короодо жүрсөм аскер кийимчен бирөө шашып келип үйгө кирип кетти. Күйөөмө чалып “үйгө аскердик формачан бирөө кирип кетти, баргандан коркуп жатам” десем, “бар кара, ууру болуп жүрбөсүн” деди. Аңгыча эле үйдөн атам чыгып калды, көрсө, атам салык кызматында иштейт экен.

– Маегиңизге рахмат!

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан