ДАСТОРКОНДО АЗИЯ КЕСМЕЛЕРИ

Түштүк Корея, Япония, Кытай сыяктуу Азия өлкөлөрүнүн тасмалары менен кошо ашканасы да бизге келип жатат. Аларды жасап көрүп, даамын татууну каалагандар үчүн бул жолу Азия кесмелеринин рецепттерин сунуштайбыз. Булардын жасоодогу башкы эреже – ашыкча кууруп же эзилте бышырып жибербөө. Жашылчалар бышканда кыртылдап турушу керек.

ТАЙ КЕСМЕСИ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Күрүч крахмалынан жасалган кесме – 250 грамм

Тоок эти – 450 грамм

Болгар калемпири – 1 даана

Жумуртка – 1 даана

Туздалган жер жаңгак – 50 грамм

Лайм – 3 даана

Күрүч уксусу – 2 аш кашык

Чили соусу – 1 аш кашык

Кумшекер – 1,5 аш кашык

Суу – 1 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Сарымсак – 4-5 тишче

Көк пияз – 4-5 талча

Кинза – 3-4 талча

Даярдоо ыкмасы:

1. Кесмени жылуу сууга салып 20-30 мүнөт коё турабыз.

2. 2 лаймдын кабыгын кырып алып, ага майдаланган жер жаңгакты кошуп аралаштырып коёбуз. Бул тамак бышканда үстүнө себеленет.

3. Бир идишке 2 аш кашык лайм ширесин, кумшекер, күрүч уксусу, чили соусу жана сууну кошуп аралаштырып соус даярдайбыз.

4. Казанга майды куюп, узунунан тууралган тоок этин, майда тууралган сарымсакты салып 5-7 мүнөт кызарта кууруп алабыз да, үстүнө болгар калемпирин, 3-4 бөлүккө бөлүнгөн көк пиязды салып дагы 2 мүнөт кууруйбуз. Жумуртканы чалып, көмөч казандын бир тарабына аз-аздан куюп кууруйбуз. Үстүнө суусу сарыккан кесмени салып, соусту куюп аралаштырабыз да, капкагын жаап 1-2 мүнөт демдейбиз.

5. Даяр болгон тамагыбызды тарелкага салып, лаймды 4 бөлүккө бөлүп чекесине коюп, үстүнө жер жаңгак менен лайм аралашмасын себелеп коёбуз.

ЯПОНДОРДУН КЕСМЕСИ

Керектелүүчү азыктар (4 порция үчүн):

Гречка кесмеси – 200 грамм

Уй же кой эти – 500 грамм

Сабиз – 1 даана

Болгар калемпири – 1 даана

Брокколи – 100 грамм

Кургатылган базилик – жарты чай кашык

Соя соусу – 80 миллилитр

Таттуу чили соусу – 2 аш кашык

Өсүмдүк майы – 3 аш кашык

Туз – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Этти ичке узун туурап, соя соусунун 50 миллилитрин куюп, базилик кошуп 20-30 мүнөт маринаддап коёбуз.

2. Кайнап жаткан сууга тузду мала татытып, кесмени салып 3-5 мүнөт кайнатып бышырабыз. Чыгарып муздак сууга чайкап жиберебиз да, суусу сарыгышы үчүн чоң сүзгүчкө сала турабыз.

3. Калган соя соусу менен чили соусун кошуп аралаштырып даярдап алабыз.

2. Сабиз менен болгар калемпирин ичке узунунан керте туурап, брокколини узунунан 2-3кө бөлөбүз.

3. Куурмач үчүн калың көмөч казан же казан ылайыктуу. Казанга майды куюп, ысыганда этти салып чоң отто эки тарабынан 5-7 мүнөт кызарта кууруп алабыз. Сабизди салып 5 мүнөттөй, артынан болгар калемпирин салып, туз татытып 3 мүнөттөй кууруйбуз да, брокколини кошуп аралаштырып 2-3 мүнөт капкагын жаба турабыз.

4. Куурмачка кесмени кошуп, үстүнө соусту куюп аралаштырып 1 мүнөт коё турабыз да, оттон чыгарабыз. Ичтейди ачкан кесмебиз даяр!

УДОН КЕСМЕСИ

Керектелүүчү азыктар (4-5 порция үчүн):

Удон кесмеси – 200 грамм

Тоок эти – 400 грамм

Кабакча – 1 даана (орточо)

Сабиз – 1 даана (орточо)

Болгар калемпири – 1 даана

Пияз – 1 баш

Сарымсак – 2-3 тишче

Көк пияз – 1 боо

Өсүмдүк майы – 25 миллилитр

Соя соусу – 30 миллилитр

Теряки соусу – 50 миллилитр

Имбирь упасы – жарты чай кашык

Күнжүт – 1 чай кашык

Туз, мурч – татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

1. Алгач сабиз, кабакча, болгар калемпири, пияз, көк пиязды ичке узун туурап алабыз. Тоок этин булардан бир аз чоң тууроо керек. Сарымсак майда тууралат.

2. Кесмени кайнап жаткан сууга салып, таңгакта көрсөтүлгөн бышыруу мөөнөтүнөн 2-3 мүнөт эрте чыгарып, муздак сууга чайкап жиберебиз.

3. Куурмач үчүн калың көмөч казан же казан ылайыктуу. Казанга өсүмдүк майын куюп, ысыган кезде имбирь упасын салып аралаштырабыз да, артынан тоок этин, туз, мурч салып кызарганча 5 мүнөт кууруп алабыз. Пиязды салып 2-3 мүнөт кууруп, артынан сабизди салып аралаштырабыз. Ал да 2 мүнөт куурулат. Болгар калемпири менен кабакчаны салып, 1 мүнөттөн ашырбай кууруп алып, артынан сарымсак менен соя, теряки соусун кошуп аралаштырып, 1-2 мүнөт капкагын жаба турабыз.

4. Кесмени куурмачка кошуп аралаштырып, отту азайтып дагы 1 мүнөт күтөбүз. Оттон чыгарып, күнжүт менен көк пиязды кошуп аралаштырып дасторконго суна берсек болот.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1038, 28-октябрь-3-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан