ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 7-ноябрдан 13-ноябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Убактыңыздын көбүн жеке өнүгүүгө, билимге, дүйнө таанымыңызды кеңейтүүгө арнаңыз. Аралыктан иштешүү, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана таанышуунун ролу өсөт. Аптанын экинчи жарымында өнөктөшүңүз менен мамиле жакшырат. Бул бизнеске жана романтикалык мамилелерге да тиешелүү. Сүйүктүүңүз менен мамилеңизди буга чейин жакындарыңыздан жашырып жүргөн болсоңуз, аны ачыктоого убакыт келди.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Буга чейин сиз үчүн жабык болгон темаларга кызыгууңуз артат. Алтынчы туюмуңуз ойгонуп, боло турган окуяларды алдын ала сезип, туя аласыз. Айланаңызда адамдарга болгон таасириңиз күчөйт. Эмоцияңызды башкарып, негативдүү сөздөргө маани бербеңиз, жаманга теңелем деп репутацияңызды булгап алышыңыз мүмкүн. Ошондой эле жылуу кийинип, ден соолугуңузга көбүрөөк көңүл буруңуз.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Никедеги түгөйүңүз менен болгон мамилени иреттөөгө аракет кыласыз. Өзгөчө мындай аракет көптөн бери урушуп жүргөн, өз ара түшүнүшүүнү каалаган жубайларга тиешелүү. Ажырашып кеткендер да мамилесин калыбына келтире алышат. Апта ошондой эле романтикалык мамилелердин өнүгүшүнө шарт түзөт. Бойдоктор, жакында бирөө менен таанышып, сүйлөшүп баштаган болсоңуз, андан белектерди, сюрприздерди жана баш айланткан сүйүүнү күтө бериңиз.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Техникалык жабдыктарды саткан чакан дүкөн ачам десеңиз, сизди ийгилик коштойт. Бат бутка туруп бизнесиңизди кеңейтүүгө жетишсеңиз болот. Ден соолугу үчүн тынчсыздангандар дыкат медициналык текшерилүүдөн өткөнү туура. Эс алуу күндөрүн туугандардын жана достордун чөйрөсүндө өткөрүү жагымдуу маанай тартуулайт. Үй-бүлөдөгү психологиялык климат жакшырып сизге гармония тартуулайт.


АРСТАН (23.07-23.08)

Арстандар аптада чыгармачылыкка көбүрөөк убакыт бөлүүсү керек. Анткени сиз ырахаттануу менен жасаган кайсы жумуш болбосун эң жакшы натыйжа берет. Балким, романтикалык таанышуу орун ала турган саякатка чыгасыз. Бул мамилелер абдан тез башталат жана көп жагымдуу эмоцияларды тартуулайт. Көпчүлүк менен баарлашууга өзгөчө ыңгайлуу. Мурда араздашып жүргөн кошуналар, тааныштар жана достор менен тил табыша аласыз.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Аптада материалдык жана турмуш тиричилик маселелери оңой чечилет. Насыяга кыймылсыз мүлк сатып алууга ыңгайлуу учур. Себеби карызыңызды убагында жабууга сизде көп мүмкүнчүлүктөр түзүлөт. Каржылык абалыңыз бир топ жакшырат. Бул айлык акынын көбөйүшүнө же жумушта бонустардын берилишине байланыштуу болушу мүмкүн. Жумушта жетекчиңиз сизди кызматтык тепкичтен көтөрүү чечимин да кабыл алышы мүмкүн.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Достор жана тааныштар менен көп байланыштарды түзөсүз. Эски тааныштар менен жолугуп калышыңыз мүмкүн. Алар менен баарлашуу сизди ностальгияга чөмүлтүп, кээ бир окуяларды кайра баалоого мүмкүнчүлүк берет. Сүйүү мамилесинде эгерде мурун ажырашып кеткен сүйүктүү адамыңыздын кайрылып келишин кааласаңыз, сизде мүмкүнчүлүк бар. Саякатка жана туристтик сапарларга чыгуу үчүн да ыңгайлуу мезгил.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Убактысынын көбү үй тиричилиги менен өткөн чаяндар үй шартында иштеп киреше табууга жакшы мүмкүнчүлүк алышат. Сунушту дароо четке какпай, ойлонуп көрүңүз. Мал чарбачылыгы менен алектенгендер малдын башын кантип тез көбөйтүүнүн жолун издешет. Тиричилик буюмдарын сатып алууну каалагандар азырынча коё турушканы оң, техниканы билген адам менен дүкөнгө барып тандаганыңыз туура. Сүйүктүүңүздү кызганам деп чектен ашып кетпеңиз.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Өзгөчө аракеттериңиз менен көпчүлүктү таң калтырасыз. Айрыкча сүйүүгө жаңы кабылгандар сүйүктүүсүн таң калтырыш үчүн ар кандай экстремалдуу жоруктарга барышы күтүлөт. Чыгармачыл жаачыларды, айрыкча ыр жазууга, сүрөт тартууга кызыккандарды ийгилик коштойт. Жубайлык мамилелерде өз ара түшүнүшүү орун алат. Жубайыңыз менен бирге келечекти кыялданууга аракет кылыңыз. Бул сиздин мамилеңизди абдан бекемдейт.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Акыркы мезгилдеги окуяларды анализдеп, аларды түшүнүү үчүн сизге убакыт жана жалгыздык талап кылынат. Карьераңызда ийгиликке жете аласыз. Сизге азыркыга караганда престиждүү жаңы кызматты ээлөө сунушу түшүшү мүмкүн. Аптада ден соолугуңуз бир топ жакшырып, иммунитетиңиз бекемделет, энергия топтойсуз. Бойдоктор жаңы таанышкан адамы менен сүйүү мамилесин түзүүгө шашпаганы оң.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Бир кезде сизди ызаланткан, капа кылган окуялар тууралуу көп маалымат аласыз. Сунуш: ал окуяларга себепкер адамдар менен жакшы мамилеңизди уланта бериңиз, болгону сырыңызды ачпай өзүңүзгө бекем болуңуз. Адамдар менен көбүрөөк баарлашыңыз, көп күлүңүз, тамашакөй, позитивдүү адамдар менен мамиле түзүңүз. Бул сизге депрессияга түшпөөгө жардам берет.


БАЛЫК (20.02-20.03

Аптада материалдык маселелериңизди чечүүгө көңүл буруңуз. Сизде кирешеңизди көбөйтүү мүмкүнчүлүгү болот. Жумушта кесиптик милдеттериңизди туура аткарбай жаткандыгыңыз үчүн эскертүү алышыңыз ыктымал. Эс алуу күндөрү үйүңүздө тазалоо иштерин жүргүзүңүз, эски, керексиз кийимдерди, буюмдарды ыргытыңыз. Жашооңузда да жаңылануу болуп, жаңы багытка кадам таштайсыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан