АТА-ЭНЕНИН ҮЙДӨГҮ УРУШУ БАЛАГА КАНДАЙ ТААСИР ЭТЕТ?

Үй-бүлөдө ар кандай жагдай болот, кээде жубайлар урушат, талашып-тартышат. Кыргызда муну “казан-аяк кагышты” дейт. “Кандай болсо да балдардын көзүнчө урушпагыла” дешет адистер. Жубайлардын бири-биринин жаман жактарын айтып, кемсинтип, маскаралоосу балага жакшы таасир калтырбайт. Ата-эне бала үчүн – үлгү, идеал. Үйдөгү уруштун баланын ден соолугуна, психикасына жана келечегине тийгизчү таасири тууралуу кванттык психолог Ызаткан Жусупова кеңеш берет.

“УРУШТАР БАЛАНЫН МЭЭСИНДЕ ЖАЗЫЛЫП КАЛАТ”

– Кичине балдар өз алдынча чечим чыгара алышпайт. Психологияда бала атасына апасынын, апасына атасынын көз карашы менен карайт делинет. Мисалы, апасы “атаң жаман адам, үйгө акча таап келбейт же аз таап келет. Колунан эч нерсе келбейт” деген сыяктуу жаман сөздөрдү айта берсе, балада атасы тууралуу ошондой психологиялык көз караш пайда болот.

Атасы баласына “апаңдын акылы жок, силерди жакшы көрбөгөндүктөн кечке жумушунда же айылдап жүрө берет. Убагында үй жыйнабайт, шалаакы” дей берсе, балада апасы тууралуу ушундай көз караш калыптана баштайт.

Ушундан улам бала “ата-энем кандай адам болсо, демек, мен дагы ошолорго окшошушум керек” деген чечим чыгарат. Ошентип өзү байкабай, билбей апасы менен атасына окшошо баштайт. Ошентип, ата-эненин бири-бирин балага жамандоосу баланын өзүнө болгон көз карашын өзгөртөт. Башкача айтканда, бала ата-энесинин урушун көргөн сайын аны мээсиндеги программага жазып ала берет. Анан ошол программа менен жашап баштайт. Бала “ата-энем бири-бирин жакшы көргөн эмес, мен да өзүмдү жакшы көрбөйм” деп чечим чыгарат.

Баланы мындайга жеткирбеш үчүн ата-эне бири-бирин балага жамандабаш керек, урушканда бири-биринин кемчиликтерин айтып урушпашы зарыл. Мисалы, апасы атасы тууралуу балага жаман сөздөрдү айтып алган болсо, ал катасын түшүнүп, баласына “атаң тууралуу айткандарым менин гана ойлорум. Сен атаңды жаман көрүүгө милдеттүү эмессиң” деши керек.

“АТАСЫНА ТААРЫНГАН БАЛАГА АКЧА АЗ КЕЛЕТ”

– Атасы апасын көбүрөөк басынтса, урса, сөксө, бала апасына болушуп жүрүп, ага куткаруучу болуп алат. Мындай учурда бала өзүнүн эмес, апасынын жашоосу менен жашап баштайт. “Атам апамды урат, атам жаман адам” деп атасына таарыныч жаралат да, ал таарыныч өмүр бою калат. Чоңойгондо ал таарынычтын зыяны кандай болот? Бала таарынычтан улам атасынан келип жаткан энергияны кабыл албай жүргөн болот. Ал эми акча, ийгилик жаратуу, карьера жасоо, бизнес ачуу жана аны өнүктүрүүгө атадан келчү энергия жооп берет. Андыктан кийин канча иштесе да көп акча таба албай, ийгилик жарата албай кыйналат.

Ата-энеден энергия бала алыста жашаса деле келе берет. Андыктан аталар баласында таарыныч калтырбай татыктуу ата болушу зарыл.

“АПАСЫНА ТААРЫНГАНДАРДЫН АКЧАСЫНДА БЕРЕКЕ БОЛБОЙТ”

– Аял күйөөсүнүн жакшы жагын көрбөй, айтпай, тескерисинче, жамандап, басынтып, уруша берсе, бала апасына таарынат. Апасын кабыл албай баштайт. Мындай бала өзүн да кабыл албайт, апам жаман болсо мен да жаманмын деп ойлойт. Андай бала атасын жакшы көргөндүктөн кийин акча келе берет, бирок берекеси болбойт. Анткени береке энергиясы апада болот. Ошондуктан апасын жакшы көрбөгөн баланын тапкан акчасы токтобойт.

ДЕНЕДЕГИ ООРУЛАР ТААРЫНЫЧТЫН ДА БЕЛГИСИ

• Дененин оң тарабындагы органдар ооруса – бул баланын атага болгон таарынычынан, андан келип жаткан энергияны кабыл албай койгондон болот.

• Эгерде сол тараптагы органдар ооруса, демек, адам энесинен келип жаткан энергияны кабыл албайт. Мисалы, жатын оорусуна кабылгандарда апасына же багып чоңойткон чоң энесине карата таарынычы болушу мүмкүн.

• Баладагы омуртка, моюн оорулары да ата-энеге болгон нааразычылык, таарынычтын белгиси. Анткени омуртка, моюн таяныч органдарына кирет. Ата-эне болсо баланын таяныч-тирөөчү, аларга болгон таарынычтан таяныч органдарына зыян келе баштайт.

• Уруш-талаштан көңүлү калган бала ичинен сызып, жалгыздыкка ыктоону артык көрөт. Бул – балада ичимтаптык жана жалгыздыкты сүйүү мүнөзүн жаратып, жамаатка аралашуу, өз оюн ачык айтуу кыйынга турат. Чоңойгондо бул мүнөзүнүн залакасын көп тартат.

• Ата-энеси бири-бири менен көп урушкан балдардын тили кеч чыгышы мүмкүн.

ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?

• Эч качан балдардын көзүнчө урушпоого аракет кылгыла. Уруш баштап, үнүңүздү көтөрбөңүз. Өзүңүздүн мөнөзүңүздөгү кемчиликтердин үстүнөн иштеңиз. Психологго барыңыз, кеңеш алыңыз. Медитация, йога менен алектениңиз, мээни эс алдыруучу музыкаларды угуңуз. Стрессте ичте топтолгон жинди күнөөсүз адамдан чыгарып алган учурлар көп болорун унутпаңыз.

• Жан шеригиңизди кемчиликтери менен кошо кабыл алыңыз. Дүйнөдө идеалдуу адам жок. Сиз деле идеалдуу эмессиз.

• Эски таарынычтарды эстебөөгө аракет кылыңыз. Учурда кайсы маселени көтөргүңүз келсе, ошол тууралуу гана кыска, так айтыңыз.

• Жан шеригиңизге өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк бериңиз.

• Түгөйүңүздүкү туура эмес болсо, кыйкырбай акырын гана “мындай майда жаңылыштык ар кимде болот, андыктан кечиримдүү” деп уруштун жумшак бүтүшүн камсыз кылыңыз.

• Сиздики туура эмес болсо, моюнга алып, чырдын эрте токтошуна кам көрүңүз.

• Чыр-чатак көбүнчө жубайлардын экөө тең чарчап, кечке топтолгон чыңалуулары күтүлбөгөн жерден сыртка чыкканда болот. Андыктан кечкисин өзүңүздү кармап, үйдө жагымдуу абалдын өкүм сүрүшүнө аракеттениңиз. Айта турганыңызды эртең мененкиге калтырыңыз. Кечинде орчундуу сезилген маселе эртең менен болбогон нерсе болуп чыгышы мүмкүн.

• Кокус балаңыз урушуңуздарды угуп калса же урушка кийлигишкиси келсе, “бизди карабай, барып бөлмөңдү жыйна!” деген сыяктуу сөздөрдү айтпаңыз. Балага “биздин кээде бири-бирибизге жинибиз келе түшөт, бирок баары бир бири-бирибизди жакшы көрөбүз, эми кыйкырышпайбыз. Түшүнбөстүктү чечиштик, сен буга капа болбо” деп айтыңыз. Бирок ошондон кийин ага берген убадаңызга туруңуз. Бул – өзүңүздү тарбиялаганыңыз жана балаңыз үчүн кам көргөнүңүз.


 

Ата-эне бири-бирине жана баласына сүйүүлөрүн ачык айтып билдирип турса, үйдө чыр-чатак болбосо же аз болсо, балада өзүнө болгон ишенич пайда болот. Ата-энесинен кандай энергия чыкса ошондой кабыл алып, баланын бактылуу, ийгиликтүү болуусуна жол ачык болот. Ата-эне баланы сөз менен эмес, үлгү менен тарбиялай турганын эсиңизден чыгарбаңыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан