Асел Кадырбекова: «ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ ЭҢ ЧОҢ КАТАМДЫ ЭМИ ТҮШҮНДҮМ»

Алтын түскө боёлгон күздүн фонунда эстрада жылдызы Асел Кадырбекова гезитибиздин башкы бетине көрк кошту. Апта каарманы менен ырчылык карьерасы, аялдык бакыт, турмуш сыноолору жаатында эркин маектештик. “Оор сыноодон кийин толук калыбыма келип, чыгармачылыкка жаңы дем-күч менен кириштим” деген ырчынын маеги көз алдыңызда.

– Саламатсызбы, Асел? Күз мезгили, салкын тарткан аба ырайы маанайыңызга кандай таасирин тийгизип жатат? Жаз жөнүндө көп ырдайсыз...

– Саламатчылык. Мага күздүн айлананы сары түскө боёп, алтындай кылып турган табияты жагат. Чынында, жашоомдогу көп жагымдуу окуялар жаз мезгилинде болот экен. Турмушка чыкканым, наристелүү болгонум, айтор, көп окуялар. Ошон үчүн да жазды жакшы көрсөм керек. Мен үчүн күз – туруктуулуктун мезгили, жашоом бир ыргакта жана тынч өтөт.

– Учурда эмне менен алексиз? Байкашымча, “иштейм, ырдайм, баарына жетишем” деп тызылдаган мурунку Аселге окшобойсуз?

– Туура, жашоомдогу ар кандай жагдайларга байланыштуу чыгармачылыкта узакка тыныгуу жасаганга туура келди. Турмушка чыкканда, кыздуу болгондо үйдө отуруп калдым. Кырсыктагандан кийин көптө калыбыма келдим. Эми чыгармачылыгымды улантууга эч кандай тоскоолдук жок. “Кой, иштейин” деп өзүмдү түрткүлөп дем берип жатам. Чыгармачылыкка жеңди түрүп, жаңы дем-күч менен киришүүнү сиздерге интервью берүүдөн баштадым окшойт. Алдыда жакшы пландар бар. Бирок мурункудай “баарына жетишем” деп тытынбайм.

– Инстаграмда дагы мурункудай активдүү эмессиз, “бакыт тынчтыкты сүйөт” деген ырымды карманып жатасызбы?

– Туура, “бакыт тынчтыкты сүйөт” деген чын экен. Мындан ары жеке жашоом жабык болот. Чыгармачылыктагы эң чоң катамды эми түшүндүм. Мурун негативдүү комментарийлерди жазып, турмушубузга чейин кийлигишкен интернет колдонуучулары бар болчу. Көрсө, алардын биздин жашоого кийлигишүүсүнө өзүбүз күнөөлүү экенбиз. Инстаграмда эмне жеп, эмне ичкенибизди, ким менен каякта жүргөнүбүздү коомчулукка жарыялап жаткан соң алар тараптан айтылчу жаман сөздөргө да даяр болушубуз керек тура. Себеби ал адамдарды көшөгөбүздү ачып өзүбүз киргизип койдук. Ошондуктан мындан ары жашообуз жабык эле болсун деп чечтим.

– Бул нерсени түшүнүүгө жашоодон алган сабактар таасир эттиби?

– Бардык нерсе тажрыйба, турмуштун сабагы менен келет экен да. Жаш, курч кезде баарын үстүртөн кабыл алат экенсиң. Албетте, карып калдым дебейм, бирок жашоодо сабак алчу көп эле окуялар баштан өттү.

– Кызыңыз Дария чоңоюп калды. Аны инилүү же сиңдилүү кылууну пландап жатасыңарбы?

– Албетте. Бала жытын дагы жыттагым келет. Кырсыктагандан кийин “эми төрөй албай калбаймынбы?..” деген күмөн ойлор болгонун жашырбайм. Баары бир коркот экенсиң. Ичимдеги ошол уйгу-туйгу шектүү ойлорго чекит коюп, жакында эле тажрыйбалуу дарыгерлерге көрүнүп, бир сыйра медициналык текшерилүүдөн өттүм. Дарыгерлер “баары жакшы, балалуу болосуң, кыжалат болбо” дешти. Ошондо “өхх” деп көөдөнүмдү өйкөп жаткан санаадан кутулуп, жеңилдей түштүм. Айрымдар “кош бойлуусуңбу?” деп да сурап жатышат. Азырынча жок, Кудайым убакыт-саатын буюрса, ата-эне болууга дайыма даярбыз.

– Адатта, көпчүлүк аялдарда төрөттөн кийин ашыкча салмак менен күрөшүү башталат. Сизде бул жагы кандай болду?

– Ооба, салмагымды абдан көзөмөлдөйм. Мурда көп тамак жесем деле толчу эмесмин. Азыр көбүрөөк суу ичип койсом деле өзүмдү толуп кеткендей сезе берем. Эл көзүндөгү адам болгон соң келбетибиз да дайыма элдин сынында. Орто салмакты кармап жүрсөң кийим да жарашыктуу болот, дүкөндөн ылайыктуу кийимди да оңой табасың дегендей.

– Болуп өткөн окуяларды анализдеп бир чечимге келүү, өзүңүздү өзгөртүү оор болдубу?

– Жашоом кырсыкка чейин жана кырсыктан кийин деп экиге бөлүнүп калды. Ооба, өзгөрдүм, адамдарга болгон мамилем, жадакалса кийинүү стилим өзгөрдү. Анткени өзүмдү таптым, өзүмдү сүйгөндү, баалаганды үйрөндүм. Оюм чачыранды болуп, өзүмдү таппай жүргөн мезгилде курстарга бардым, психологияны изилдедим. Көрсө, кыргыз аялдары балам, апам, күйөөм, кайын журтум деп отуруп өзүбүздүн кайсы орунда экенибизди билбей калат экенбиз. Адам өзү биринчи орунда турушу керек экен. Мен өзүмдү сүйгөндү үйрөндүм.

– “Айымдардын жакшы көргөн бир курбусу – бриллиант” дешет, сиздикичи?

– Мен эми гана алтынга кызыгып баштадым. Мурун жалтыр-жултур тагынчактарды, күмүштү көп тагынчумун. Алтын өтө керектүү буюм экени мага эми жетти (күлүп). Өзүмө-өзүм алтын белек кыла баштадым. Кичине акча чогултсам эле “кой, алтын алып коёюн” деген адат таап алгам.

– Сиз үлгү туткан адам?

– Өкүл ата-энем. Өкүл апама аябай суктанам, үлгү тутам. Биздин үй-бүлөдө кандай кыйынчылык болбосун колдоп, ээрчитип, жол көрсөтүп турушат. Өкүл ата-эненин негизги миссиясы ушул да. Биздин да 2 өкүл балабыз бар.


– Асел ашканада кандай кожойке?

– Көбү мени үйдө эч нерсе жасабайт деп ойлойт. Үйдө бардык кожойкелердей эле жөнөкөй келинмин. Оштон болгондуктан палоону, маставаны жакшы жасайм. Ал эми камырдан жасалган тамактарды анча жасай албайм.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Tiken
2022-11-09 14:32:00
Салтанат Шекеновага окшошуп чыгыптыр... Или мне так кажется... Качан корсон наалынып жургону жургон.
-1
Birimdik5555
2022-11-12 10:32:00
Азаматсын, уй-булон менен бактылуу болуп коп балалуу болгула. Сулуу, назик кыз
+1
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан