Чолпон Султанбекова, Жогорку Кеңештин депутаты: “ПРЕЗИДЕНТТИК БАШКАРУУНУ ТАНДАДЫКПЫ, ДЕМЕК, ЧЫДАЙЛЫ”

Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, экс-вице-премьер Чолпон Султанбекова менен өлкөдөгү саясий кырдаал, саясаттан тышкары жашоосу, чоң эне, таене болуу бактысы тууралуу кенен баарлаштык.

– Саламатсызбы, Чолпон айым? Парламент комитети Кыргыз-Өзбек чек арасы – Кемпир-Абад боюнча келишим долбоорун жактырды. Сиз “макул” деп добуш бердиңиз, бул чечимиңиз эмнеге негизделди?

– Саламатчылык. Кемпир-Абад маселесин айрымдар өтө эле саясатташтырып жиберишти. Биз комитетте карап, чечим кабыл алган маселе ошол суу сактагычты эки өлкө чогуу башкарат деген эле долбоор. Кемпир-Абад биздики дегенибиз менен, 70 жыл бою ал жерге кире алган эмеспиз. Ташиев деле “кирип көрүп чыгайын десем киргизген жок” деп айтпадыбы. Буга чейин Ислам Каримов бул маселени сүйлөшүү үчүн керек болсо биз менен бир столго отурган эмес. Бизде азыр ушул көйгөйдү чечип алуу мүмкүнчүлүгү турганда кайсы бир күчтөр каршылык көрсөтүп жатышат. Бизди “чыккынчы” атап элге жаман көрсөткүсү келген топ бар. Комитетте суу сактагычты тең башкаруу келишимин гана колдоп бердик. Мен келишимди окуп, кыргыз эли үчүн пайдалуу эле иш болот экен деген чечимге келдим. Ошон үчүн колдодум. Биз туура кылдыкпы же туура эмеспи, ага тарых баа берет. Сынчылардын айткандарына терикпейм.

– Каршы болгон кесиптештериңиз “келишимде кооптуу жагдайлар бар” деп жатышат. Алар айтып жаткан аргументтер эмне үчүн негиздүү эмес деп ойлойсуз?

– Эми кечке айта берсе бардык нерсе кооптуу боло берет да. Алар кайсы жерин кооптуу деп айтып жатканын мен билбейм. Алар айткан нерсени мен келишимден көрө алган жокмун. Аябай сонун келишим. Кечээ төрага туура пикирин айтты “сен эл өкүлү болуп шайланып келгенден кийин туурабы же туура эмеспи, “ооба” же “жок” деген добушуңду беришиң керек” деди. Ушул ойго толук кошулам. Миңдеген адамдын добушун алып келип отурасың парламентте, айрымдардын жыйындан качып чыгып кеткени аябай туура эмес жорук.

– Эл суунун өзүнөн да, анын астындагы жердин берилишине көбүрөөк каршы болуп жатат...

– Ооба, анткени эл арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлбөй калды. Айрым кесиптештерим “бул маселени канча бир жылга жылдырып туралы” деп жатышат. Антсек кийинки муунга азыркыдан да оор көйгөйдү таштап кетебиз, аларга кыйын болуп калат. Азыр эки жактын кызыкчылыгын эске алып чечүү үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөр болууда. Кийинки муундун тушунда Өзбек бийлиги азыркыдай лоялдуу болобу же жокпу, аны да ойлонсок жакшы болмок.

– Өлкөдө жакында массалык кармоолор болуп, 20дан ашык адам камакка алынды, арасында айымдар көп. Бул окуяда кандай пикирдесиз?

– Бул окуя боюнча мен деле маалымат каражаттарынан окуп, билип жатам. Кармалгандардын арасында мен сыйлаган айымдар бар. Айымдарды камабай, башкача чектөө киргизишсе болмок. Үйдүн куту аял да, кичинекей баласы барлар бар экен арасында. Мен кечинде үйгө барганда балама чай коюп, тамак жасап берем. Болбосо ал кургак бир нерселерди жеп эле жатып алат. Айымдар үй-бүлөсүнө абдан керек, аларды коё берип коюшса жакшы болмок. Аял киши качан эле бийликти басып алчу эле? Айкөлдүк, сабырдуулук керек бизге. Оппозициянын иши ошо да, ачуу сын айтат, бийликке келгиси келет, аны туура кабыл алышыбыз керек.

– Өлкөгө оң рулдуу унааларды киргизүү керектигин айтып келе жатасыз. Демилгеңиз катуу каршылыктарга учурап жатат окшойт, себеби эмнеде?

– Чынында, өкмөт менен абдан талашып-тартышып жатабыз. Алардан макулдук ала элекпиз. Ушул аптада да Бакыт Төрөбаевге кирип Марлен Маматалиев экөөбүз сүйлөшөбүз. Маселени оң жагына чечишибиз керек. Ар кайсы өлкөдөн калган “таштанды” унаалардын автопаркына айландык. Башка өлкөлөр унааларын бизге чыгарып, өздөрүнүн мамлекеттик автопаркын тазалап жатышат. Биздин элдин эмне сапаты жакшы унаа айдаганга акысы жокпу? Көп унааларда катализатор жок, мына, жакында көз карандысыз чет өлкөлүк уюм анализ жүргүзүп, пандемияга караганда түтүндөн көп адам көз жумарын аныктаптыр. Биз ЕАЭБдин эрежелерин карап чыктык, келишимде жүк ташуучу унаалар менен автобустарга гана чектөө коюлган экен. Жок дегенде 3 жылга макулдук алып автопаркыбызды тазалап алышыбыз керек. Оң рулдуу унаалардан көп кырсык болот деген пикирге кошулбайм. Мен 2-3 жолу унаа базарын кыдырып сатуучулар, алуучулар менен баарлаштым, алар “рулу оң жакта болобу, сол жактабы, айырмасы жок, айдоочу жол эрежесин мыкты билсе болду” деп жатышат. Демек, биз унааларды эмес, айдоочулук күбөлүк берип жаткан мекемелерди көзөмөлгө алышыбыз керек.

– Депутат катары божомолуңуз кандай, Кыргызстанды жакынкы жылдары эмне күтөт? Бардык пландан караганда...

– Дүйнөдө абал тынч эмес. Кичинекей өлкөбүз, сен оппозиция, мен позиция болбой ынтымакта бекем турушубуз керек. Бизге коркунуч жараткан сырткы күчтөр жок эмес. “Президент кетсин, премьер кетсин, тиги жаман, бул жаман” дей турган заман эмес азыр. Качанкыга чейин ушинтип ыркырашып жүрө беребиз? Өнүгүү туруктуулук бар жерде гана болот. Азыркы дүйнөдөгү тынч эмес абалдан да пайда таап жашаганды үйрөнүшүбүз керек. “Эң чоң кирешелер согуш убагында болот” деген сөз бар, ошон үчүн алысты карап оокат кылганыбыз жакшы.

– Азыркы бийликти диктатурага, узурпацияга айыптагандар бар. Саясий курска көз карашыңыз кандай?

– Эл өзү “парламенттик башкаруу болбойт экен” деп, президенттик башкарууну колдоп берди да. Демек, колдоп бергенден кийин анын ачуусуна да, таттуусуна да чыдашыбыз керек. Азыр бир нерсе болсо эле “депутаттар эмне отурасыңар, чечпейсиңерби?” дешет. Бизде азыр мурункудай ыйгарым укуктар жок. Сабырдуулук кылып туралы, президент анча-мынча маселелерди ыкчам эле чечип жатат.

– Аял кишиге саясатта карьера жасоо жеңил эмес болсо керек?

– 3 жолу парламентке депутат болдум, бир нече мамлекеттик кызматтарда иштедим. Ооба, аял киши үчүн саясий карьера жасоо өтө кыйын. Аялдарга квота жок болсо такыр эле саясатка келе албай калмакпыз. Анткени бизде “аял үйдө отурушу керек” деген түшүнүк калыптанып калган. Саясатта эң чоң мектепти өттүм. Тагдырыма ыраазымын. Мени депутат кылып шайлаган Кадамжай элине ыраазымын. Баяман (ред.: жолдошу, маркум Баяман Эркинбаев) мага “Кадамжай элин таштаба, “Алышты” таштаба, балдарды татыктуу тарбияла” деп керээз айтып кеткен. Ошол керээзинин баарын колдон келишинче аткардым деп ойлойм.

– Чоң эне болгон, небере жыттаган кандай экен?

– Улуу баламдан 3 неберем бар, кызым жакында төрөдү. Чоң эне, таене болуу бактысын сөз менен айтып жеткире албайсың. Эс алуу күндөрү неберелерим менен жолугам, эл менен пикир алышам, спорт залга машыкканы барам. Бизнестин баарын балдарыма өткөрүп бергем. Алар атасынын жолун татыктуу улантып жатышат.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан