Актан Рыскелдиев, шоумен: “СУУГА АГЫП, АМАН КАЛГАНБЫЗ”

Балалык! Өмүрүңдүн эң аруу, эң кызыктуу учуру. Бул күндөрдүн баркын, баасын балалык алыстаганда сезесиң. Бул жолу сиздер менен шоумен, алпаруучу, тамада Актан Рыскелдиевдин балалык күндөрүнө саякаттап келели.

“МЕКТЕПКЕ ЖЫЛАҢАЯК КЕТИП КАЛЧУМУН”

– 1-класска барганым да кызык. Нарын шаарында жашачубуз. Дастан (ред.: Жапар уулу, режиссёр) байкем экөөбүз ээрчишип жүрчүбүз, байкем 6га чыкканда аны 1-класска берип, 5 жаштагы мени бала бакчага алпарышат. Байкеме көнүп алгандыктан, бала бакчага барбай койдум. Мектептен келгенде дароо анын сумкасын аңтарып чыкчумун, алиппесин аны менен кошо окуп жаттап алгам. Ата-энем мугалим болчу, алар эртең менен мен уктап жатканда кошунабызга дайындап жумушка кетишет. Амалкөйлүгүмдү караңыз, мени үйдө экен деп ойлошсун деп бут кийимимди сыртка таштап, мектепке жылаңаяк кетип калчу экенмин. Сабак бүткүчө класстын сыртында тыңшап отура берчүмүн. Акыры атам февралда мени 1-класска алып барды. Мугалим алиппени окутуп көрүп, байкем менен чогуу бир класска алышкан. Китеп-дептеримди байкеме көтөртүп, эки колду чөнтөккө салып койкоюп барып келчүмүн. Ушундан улам атам азыркыга чейин эле мени “башкарма” деп калат. Мен окуу десе алиппени эле элестетип алыптырмын да. Көрсө, математика, жазуу деген сабактар бар экен, аларды апам урушуп жүрүп окуткан.

“АТАМ БААЛАРЫМДЫ КӨРҮП ТААРЫНГАН”

– Класста өзүмдөн 2 жаш улуулар менен окугандыктан, атаман болгон жокмун. Боюм кичинекей эле, ошентсе да көп мушташтым. Балдар арасында маселелер чыкканда аларга кошулчу эмесмин, кичинекейсиң деп кошпой коюшчу. 8-классты бүткөндө Бишкекке келдик. Бул жакта башында классташтарга кошула албай жүрдүм. 10-11-классты эптеп эле бүткөм, анткени эртең менен сабактан чыгып базарга барып апама жардам берип, араба түртүп, пирожки сатып, бут кийим тазалап, кыскасы, базардагы кара жумуштун көбүнө быштык. Анан кечинде келип уктап каласың. Ошого карабай байкем жакшы окучу, а мен ошол бойдон кыйратып окуган жокмун. Атам Нарында иштечү, 11-классты бүткөндө келип, аттестатымдагы бааларды көрүп “мугалимдин баласы болсоң, кылганың ушубу, сенден үмүтүм чоң болчу” деп таарынган. Ошондо намыстанып институтту жалаң “5ке” окуп, атама “мына кыпкызыл дипломум бар, менин колумдан келет, мурдагыдай эмесмин” деп мактангам.

“БИР ИШТИ АЯГЫНА ЧЫГАРЧУ ЭМЕСМИН”

– Кичинекейимде жалкоо, чалагайым болчумун, ошон үчүн апам мага көп ишенчү эмес. Байкем менден улуу болгону үчүн эрте чоңоюп, тапшырылган иштин баарын так аткарчу. А мен жарымына жеткенде ойноп кетип калчумун. Мисалы, базардан лимонад саткан цехке жиберсе, лимонаддын баарын жолдон сындырып келчүмүн. Араба түртүп барып уктап калчумун. Же пирожки сатып жүрүп, базарда бинго бар болчу, аны кызыгып карап отура берчүмүн. Анан "пирожки өткөн жок" деп кайра келер элем. Кечинде деле компьютердик клубдарга, футболго кетип калчумун. Сабактардан өзүмө жаккан гана сабактарды окудум. Дүйнө таанымым, көп нерсени билгеним, атам кичине кезимде гезит-журналдарга кроссворд-сканворд түзүп берчү, ошону карап отуруп калыптанган деп ойлойм. Атамдын арты менен көп гезит окудум, азыркыга чейин гезит көрсөм баса калып окуйм.

“КЕСКЕЛДИРИКТИ КЫЗДАРДЫН КОЮНУНА САЛЧУБУЗ”

– Балалык дегенде эле дароо Нарын эске келет. Тоо-талаалап муз тээп, чылгый суу болсок да ойноп жүрө берчүбүз. Биздин балалык сонун кезге туш келген экен, интернети жок көчөдө кызуу ойногон учурду дагы, интернет, компьютер бар заманды дагы көрүптүрбүз. Дөңгөлөк, чыгырык, наклейка, чикит, чүкө, тах-тах, жашынмак, баарын ойнодук. Иттерди сабап, эшектерди кармап алып куйруктарын кесип, чеги жок тентек элек. Бетимдеги тырык да тентектигимден калган. Жаныбарларды өлтүрүү боюнча мастер болчумун, бака, кескелдирик, ит, карга, көгүчкөн дегендердин баарын өлтүрүп чыккам. Билбейм эмнеге, ушуну кылган кызык болчу. Көгүчкөндү бышырып жеп, кескелдирикти операция кылып, кескелдирикти кыздардын коюнуна салчубуз, жинди экенбиз, эй. Азыр эстесем уялам. Нарында өзүм теңдүү балдарды чогултуп концерт койчумун. Көрсө, мен муну мага жаккан кызга көрүнүш үчүн кылчу экенмин. Ал кыз көчүп кеткенден кийин концерттер токтогон.

“СҮРӨТЧҮ ЖЕ ЫРЧЫ БОЛОМ ДЕЧҮМҮН”

– Бала кезден сүрөт тартууга жакын болчумун, сүрөтчү же ырчы болом дечүмүн. Ал убакта ырчылар биз үчүн чыныгы жылдыз болчу. Бир ирет “Айкөл” тобу концерт коюп барып биздин үйгө жатып калышты, ошондо толкунданып таң аткыча уктабай чыккам. Мектепти бүткөндө жакшы университеттерге өтө албай калдык, ЖРТдан алган упайыбыз орто болуп, келишимдик негизде окуганга акчабыз жок эле. Кыргыз искусство институтуна барсак, кафедранын доценти мени “кичинекей турбайбы” деп ишенген жок. Атам аттестатымды көрсөтсө, бааларымды көрүп күлдү. Ырдап, актёрдук талантымды көрсөтүп бюджетке өтүп кеттим. Сүйүнгөнүмдү айтпагыла. Туугандардын баары “кийин жумуш таба алгыдай окууга өткөрбөйсүңөрбү” дешти. Байкем экөөбүз бюджетке өткөнүбүзгө эле сүйүнгөнбүз. 95-жылдарга чейин ата-энем жакшы эле жашаган, ошол жылдары базардан соода кыла коёбуз деп банкрот болушат. Карындашымды байкем экөөбүз карачубуз, анын бир эле оюнчугу, мектепке кийген бир эле формасы бар болчу. Жокчулук, карыз атам менен апамды муунтуп турса да үйүбүздө гармония бар эле.

“ГҮЛ ТЕРЕМ ДЕП СУУГА ТҮШҮП КЕТИПТИРМИН”

– Байкем 4тө, мен 3 жашта болсом керек, апам бизди алып туугандардыкына барат. Нарын суусунан тоонун этегиндеги үйлөргө сугат үчүн канал кетет. Биз короодо ойноп жатканбыз, эшиктин илгичин байкем чыбык менен ачканы эсимде. Чыкканда эле кичинекей жол, ары жагы канал. Каналдын түбүндөгү гүлдү терем деп сууга түшүп кетиптирмин. Байкем мени куткарам деп артымдан сууга секирип, экөөбүз тең агып... Анан бизди бир эже көрүп калып, ал ошол учурда чуркап баратышкан жоокерлерди чакырып бизди куткарып ооруканага алып кетишет. Бизди өлүп калды деп ойлошуптур. Атам жумушта отурса кесиптештери чогулуп угузушат. Апам өзүн жоготуп, туугандарынан “мен балдарымды карай албай калдым” деп кечирим сурап кириптир. Баары ыйлап ооруканага келишсе, дарыгер “сары балаңар тирүү, улуу балаңар реанимацияда, ичиндеги кумду тазалап жатабыз” дептир. Ошентип баары ыйлап келип, кайра кубанып кетишиптир. Азыр өзүм ата болдум, ата-энемдин ошондогу абалын элестете албайм.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан