Кызсайкал Кабылова, ырчы: “ТУРМУШКА ЧЫГАМ. БУЛ АДАМДЫ КӨПТӨН БЕРИ ТААНЫЙМ”

Ырчы Кызсайкал Кабылова жакында турмушка чыгарын жар салды. 31-октябрь күнү ырчынын туулган күнүндө сүйүктүүсү анын колун сурады. “Бул хайп эмес. Мен турмушка чыгам. Жигитим эмес, жолдошум бар деп айтып калайын дечү элем...” деп жазган ырчыны маекке тарттык.

– Салам, Кызсайкал! Куттуктайбыз, турмуш жолуна аттанып жатыптырсыз. Сүйүктүүңүздүн жүзүн жаап сүрөт жүктөп жатасыз...

– Салам! Чоң рахмат. Болочок жолдошум чыгармачылыктан алыс адам. Эл алдына чыкканды жактыра бербейт. “Бир үй-бүлөгө бир ырчы жетет” деп калат. Алдыда баары бир жүзүн көрсөткөн сүрөттөрдү жүктөп калат чыгарбыз. Бирок азыр эмес. Бул биздин жеке жашоо, аны элге чыгаргыбыз келген жок.

– Көпчүлүк бул жаңылыгыңызды хайп деп кабыл алды...

– Ооба, мурун да 1-2 жолу ушул сыяктуу хайп болуп калган. Клиптерден улам эле хайптар чыгып кетет го. Бирок бул жолкусу хайп эмес.

– Канча убакыт сүйлөштүңүздөр?

– Мен бул адамды көптөн бери тааныйм. Ата-энесин, бир туугандарын да билем. Менден бир жаш улуу, ишкерлик кылат. Кыз-жигит катары сүйлөштүк деп айта албайм, ал дагы динди карманган бала. Ошондон улам көп сүйлөшкөн жокпуз, 1 ай десе болчудай. Негизи, 3 жолу көрүшүп эле үйлөнөт деп коюшат го. Мындай чечимге эркек киши келиши керек экен, эркек кишинин каалоосу менен боло турган нерсе тура. Кылам деген эркек эч нерсеге карап отурбай тарс эле кылат. Турмушка чыга элек кыздарга айтарым, кыздын чырагы кырк. Ушуга ишенгиле, баарынан үмүт үзүп салган болбойт.

– Ал адам кандай сапаттары менен жүрөгүңүздү багындыра алды?

– Эркектик мүнөзү менен, чечкиндүүлүгү менен жүрөгүмдү багындыра алды десем болот. Өзүм эркек мүнөзмүн да. Бошураак мырзаларды көрсөм жиним келчү. Бул адамдан эркектик сапатты көрдүм.

– Туулган күнүңүздө үйлөнүү сунушун киргизип сюрприз кылыптыр...

– Тойду буга чейин эле белгилеп койгонбуз, жакында тоюбуз болот. Андыктан мындай сюрприз кылат деп ойлогон эмесмин. “Үйүнөн кантип колун сурап алып кетсем, элден да ошентип колун сурап алып кетем” деген ниетте туулган күнүмдө үйлөнүү сунушун киргизүүнү ойлоптур. Жагымдуу болду. Жакында ата-энелерибиз жолугушат. Эки тарап тең биздин чечимибизди жакшы кабыл алды.

– Бир турмуштан кийин кайрадан бир мырзага жар болуу, жашооңузду ага байлоо чечимине келүү оор болгон жокпу?

– Ажыраша калып эле тийип кетсем, балким, оор болмок. 5 жыл жүрдүм, кызымды чоңойттум. Балким, бул адамды, бул адамдын үй-бүлөсүн билбесем оор болмок. Ошондо тийбей коймок болушум керек. Мен канчасынан качып жүрдүм, көп адамдын сунушунан баш тарттым. Кайненемди, үй-бүлөсүн, өзүн жакшы тааныганым үчүн макулдугумду бердим.

– Чыгармачылыгыңызда кандай жаңылыктар бар?

– Узакка тыныгуу кылып койдум окшойт. Эми, буюрса, жаңы ырларды жаздырып, клип тарттырып иштеп баштайм.

– Болочок жолдошуңуз ырдашыңызды кандай кабыл алат?

– Чыгармачылыгымды колдойт. Мен дайыма “чыгармачылыкты таштабайм” деп айтчумун. Мени колдогон, мени жакшы көргөн, сыйлаган адам. Демек, жумушумду да колдойт.

– Жакшы. Бактыңыз тоодой болсун! Сизден жагымдуу жаңылыктарды гана угуп туралы.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан