КАТ ТУРМУШ (Орусиядагы Кыргыз мигранттарынын жашоосун баяндаган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Анан ага: «Ошончо кор болгончо эмне жашап жүрдүң? Эмнеге кетип калган жоксуң? Өзүңдү сыйлабасаң ушул да», – дейм ичимден. Бирок өзүнө ушул оюмду ачык айта албайм. Кээ-кээде этияттап, өтмө мааниде сурап калам. Ал ар сураганда ар түрдүү жооп берет, анан анын бардык жооптору жөндүү чыгат... Жооптору дайым менин айламды да кетирет, кыжырымды да келтирет... Дагы бир жолу ошондой бир тараптуу маектердин биринде: «Ой, кетип калбайт белең? Сага эмне, эр ошончолук зарылбы?» – деп сурагам. «Эр зарылбы дейсиң да. Бакканы, анан бала жасаганы эле болбосо, мага ал кыйратып эр болду деп ойлойсуңбу? Ал мага эмес, көбүрөөк көчөдөгү эрсиз, көзү бозоргон катындарга эр болду. Балдарчы? Мен балдарды ойлодум. Эркек балага ата керек. Балдарымдын атасы болсун дедим», – деп жооп берген. Жаным чыгып: «Ошол дагы атабы?!» – деп безилдеп кирсем, менин сөзүмдү аягына чыгарбай туруп: «Сенин эки балаң болгондо ойлонбой ажырашып, этегиңди кагып басып кеткениңди көрөт элем. Сен менден да жамансың, эки балаң болгондо өлүп баратсаң да ажырашмак эмессиң», – деп кесе айткан. Ошондон кийин «чындык үчүн күрөшкөн, аялдарды акылдуу кылгысы келген» пикирлеримдин көбүн ичиме сактап, көбүн этияттап айтып калдым. Бир эле ага эмес, башка аялдарга да ошентип калдым.

Азыр Макмал башка жигит менен жашап жүрөт. Жөн эле жашап жүрөт... Ал да аялы менен ажырашкан экен. Мен ошол кишинин ажырашканынан деле шектенип кетем, жөн эле «москвачылык» кылып койдубу деп шектенем. Бирок бул тууралуу ооз ача элекмин. Так билбейм, так билбей туруп сүйлөгүм келбейт. Сулуу, келбети келишкен жигит, анан өзүнүн сулуу экенин билген жигит.

Ошонусун так билем. Өзүнүн сулуу экенин билген жигиттерди мен башынан эле жактырбайм...

– Кызык... Өздөрү ошондой эркектер менен жашайт, бизге келип аларды жамандайт. Анан кайра бизди «Эрге тий» деп кысташат. Мага Салкын эже дагы кат жазды. Көп жазат. Көп сүйлөшөбүз. Ар бир маекте менин жашым өтүп баратканы, эртерээк турмуш курушум керек экени айтылат. Ал менден болгону үч эле жаш улуу. Эмне мынча эрте карып алган? Күн алыс келип, мага акыл айтканды салтка айлантып алды. Же акылы акылдай болсочу. «Турмуш курушуң керек, алыста өзүңдү-өзүң багып жүрөсүң, сенин артыңда күчтүү эркек турушу керек, кыз баланын бактысы – күйөөдө, сен бактылуу болууга татыктуусуң» деген келжирек акылдар. Аны угуп отуруп, ордумдан шарт туруп чуркап барып бактылуу болгум келип кетет. Бирок кантип? Күйөөгө тие калып, балалуу боло калыппы? Деги эле бизге бакытты күйөө менен ченеген түшүнүк кайдан келген? Эгер бакыт чын эле күйөө менен балада болсо, неге бизде бактысыз аялдар көп? Ушул суроолорду өзүнө деле бергим келди. Бирок жооп ала албасымды билем. Күйөөгө тийип алганы үчүн өзүн бактылуу деп эсептеп, башка күйөөсүз аялдарды бактысызга чыгарган аялдын жообу кайсы болмок? Белгилүү да... Кокус күйөөгө тийбей калчу болсом: «Мен айткам, эскерткем», – деп табалачулардын бири ушул окшойт. Анын ар дайым «эр, күйөө» дей бергени мага бир окуяны эстетет.

Анда 19 жашта болчумун. 2-курсмун. Өзүм окуган университеттин жатаканасында жашайм. Бир күнү кечке маал шаарда жашаган таякем аялын ээрчитип алып мени издеп келиптир. Аябай сүйүндүм. Ата-энем, бир туугандарым айылда. Шаарда издеп келчү деле кишим жок болчу. Анан сүйүнөм да. Таякем: «Бүгүн бир досумдун туулган күнү эле, биз менен кафеге барып келбейсиңби?» – деди. Мен шарт эле макул болуп, кийинип, экөөнү ээрчип жөнөп калдым. Кафеге бардык. Туулган күнү болуп жаткан досу менен тааныштырды. Төртөөбүз отурабыз, тамак ичтик, тост айттык, бийледик.

Айтор, көңүлдүү эле отуруш. «Булар менен туулган күнгө барып жүрдүм беле, неге туулган күнгө келдим, неге төртөөбүз эле отурабыз?» деген ой башыма деле келбептир. Жанымда таякем, таажеңем отурса, эмнеден шектенмек элем? Студент жаным курсагымдын тойгонуна, көңүлүмдүн куунактыгына кубанып эле отура бердим. Түн жарымдайын деп калганда таякемдин досу «үйгө эле барып отурсак кантет, бөлөлөрүм күтүп жатты эле» деди. Үйдө чын эле бөлөлөрү дасторконун жайып, бар тапканын коюп алып күтүп жатыптыр. Жайланышып, чай ичип, бөлөлөрү менен таанышып отуруп калдык. Бир кезде үстүбүзгө улгайып калган эки аял кирди. Экөө бизге кошулуп чай ичти. Кеп арасында келин темасын козгошту: «Ой кокуй, кыз дегендин барган жеринде тынып калганы жакшы да», – деп коюшат улам.

– Кайсы жактын кызысың? – деди аялдардын бири мага бир кезде.

– Нарындын.

– Ии, балекетиңди алайын, өзүбүздүн эле кыз турбайсыңбы, – деди. Кагылып-согулуп эле токтобой койду...

Ушул учурда сыртта адамдардын дабышы, кобур-собур үндөрү көбөйө баштады. «Казанды ас», «болбойсуңбу», «суу алып кел», «апамды чакыр», «даярбы?» деп эле адамдар ызы-чуу түшүп калды. Мен коркуп кеттим. Эмнеден коркконумду ажыратып биле албай эле: «Жеңе, кетеличи», – деп жалдырадым. Биз жаңыдан келгенде эле сыртка чыгып кеткен таякемди издеп: «Кетеличи, таякем каякка кетти?» – дедим.

– Билбейм, азыр келсин, анан кетели.

– Жүр, сыртка чыгып күтүп туралычы.

Мен сырткы бөлмөгө чыгып бир батинкемди кийип, экинчисине колумду узатканда эки жигит эшиктен кирип келип мени көтөрүп жөнөдү. Бир батинкем бутумда, бири колумда, мени башка бөлмөгө алып киришти. Бурчта көшөгө тартылуу экен. Кызыл көшөгөнү көрүп эле ачуу айкырыкты салдым. Ак жоолугун көтөрүп жанагы эки аял аркабыздан кирди. Мен кичинекей кезимде бүтүн коңшулардын, жадакалса бүтүн айылдын ала качылып келген келиндерин, жеңелерди көп көрдүм да. Көбү жер тепкилеп, үйлөрдүн чаңын чыгарат. Жооштору уңулдап-уңулдап ыйлап эле отуруп калышат. Бир босогону аттагандан кийин кайра чыгып кеткенге көбү даабайт. Кийин, бир аз жашап жүрүп анан ажырашып кеткендерин көргөм, бирок алып качып келген күнү кеткендери жокко эсе. Мен көргөн эмесмин. Келген жериң эмне болсо ошол болсун, алып келген жигит ким болсо ошол болсун, таш түшкөн жеринде оор. Бала кезибизден «Бир босогону аттаганың – бир эрден чыкканың» деген сөз кулагыбызга сиңип бүткөн. Кетип калсаң, каада-салтты, үрп-адатты тебелеп кеткендик менен тең көрүнөт. «Жарыбай кал, оңбой кал» деп артыңдан каргайт. Ушундай таалим-тарбия менен, ушундай көрүнүштөр менен аралашып чоңойгон менин ошондогу абалымды элестетиңиз. Кичинекей кезимде качырып келген келиндердин сөздөрү жадымда жатталып калыптыр. «Мен отурбайм, жаныма жолобогула, сотко берем, баарыңарды сотко берем, мен окуйм!» деп эле иретсиз бакырып кирдим. Улам жакындаганына батинкем менен тап берем. Туш-туштан жаалаган, алдаган, кагылып-согулган аялдар жарданат. Бирок мындай баш-аягы жок бакырыктар, сенин ыйыңа да, сөзүңө да кулак салбаган аялдардын таттуу сөздөрү эмне менен бүтөрүн да көп көргөм...

(Уландысы кийинки санда)
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан