КАРА ПИАРДЫ БАШТАН ӨТКӨРГӨН SOMO.KG ИШИН УЛАНТАТ ЖАНА ЗАЙЫМДАРДЫ БЕРЕТ

Somo.kg микрокредиттер рыногунда 2019-жылдан бери иштеп келет. Ал биринчи насыясын 2020-жылдын октябрында берген. Бирок былтыр күздө массалык маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин мамлекеттик органдар аны текшере баштаган. Иш-аракеттерди токтотууга туура келди. Somo.kg сайтынын жетекчиси Нуртилек Алимжанов компания азыр эмне кылып жатканын жана эмне үчүн базардан кетпей жатканын айтып берди.

SOMO.KG КАНТИП КРИЗИСТЕН ЧЫГЫП, КАРДАРЛАРЫН КАЙТАРДЫ?

– “Somo.kg мындан ары иштебейт экен” деген кептер болгон. Бул чынбы?

– Жок, андай эмес. Жүз миңден ашуун кыргызстандыктар биздин кардарларыбыз. Ошондуктан биз жабылууга зарылчылык жок деп эсептейбиз. Ооба, өткөн жылы биздин лицензияны көзөмөлдөөчү орган текшерүү мезгилинде токтотуп койгон. Бирок бул нормалдуу процесс.

Текшерүүлөр бүттү. Somo.kg лицензиясы 2022-жылдын январында калыбына келтирилген. Азыр баары жакшы. Биз Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык гана иштеп келгенбиз жана иштей беребиз.

– Somo.kg`ге коюлган дооматтардын бири кредиттердин өтө жогору үстөк пайызы болгон. Эмне үчүн алар банктарга караганда жогору?

– Кандай гана чакан насыя берген компания болбосун ишмердүүлүгү ушундай. Ар бир бизнесте акча табуу максат кылынат. Эч ким чыгаша менен иштебейт. Ар бир төртүнчү же бешинчи кардар насыяны кайтарбай койгондо бул чыгымдарды башкалардын эсебинен жабууга туура келет. Убакыттын өтүшү менен төлөбөйм деген ниет менен карыз алгандардын саны азаят. Ал эми тарифтер бардыгы үчүн төмөндөйт.

Андан сырткары ар кандай себептерден улам банктан насыя албагандар бизге кайрылышат. Алар 5-7 миң сомдун аралыгында насыя алышат. Бул учурда төлөм анча чоң эмес сумма – эки жумалык мөөнөткө 700 сом жана бир айга чейин болсо 2 миң сомго чейин. Эгерде кардар насыянын бардык суммасын төлөй албаса, анда бир аз төлөм менен анын мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү ар дайым бар. Айына бир миңден эки миң сомго чейинки төлөмдү көп жылдар бою ипотекалык насыяны төлөп келген жана турак жайынан ажырап калуу коркунучунда турган банктык насыя алуучулар менен салыштырууга болбойт.

– Бирок жылдык пайыздык ставка жүздөгөн пайыздарга чыгып кетпейби?

– Биздин ишмердүүлүгүбүз башкача. Биз кредитти бир жылга бербейбиз, болгону эки жумадан бир айга чейинки мөөнөткө берилет. Уюлдук операторлордон "Ишенимдүү төлөм" кызматын эстесеңиз. 5 сомдон 20 сомго чейинки төлөм менен 50 сомдон 100 сомго чейинки каражат балансыңызга үч күнгө чейин мөөнөткө ала аласыз. Ал эми муну жылдык эсеп менен эсептей турган болсок, эки жарым миң пайыз! Бирок уюлдук операторлорду сүткорлукка эч ким айыптабайт. Кредит үч күнгө берилерин эл түшүнөт, өзүңүз баамдагандай, банктардын кредитинен айырмаланып турат. Биздин ишмердүүлүгүбүздө да абал ушундай.

Соңку изилдөөлөр көрсөткөндөй, ар бир алтынчы жашы жеткен кыргызстандык микрокредиттерди берген компаниялардын кызматынан пайдаланган же пайдалануу максаты бар. Ал эми биздин шарттар дээрлик бирдей.

Эгерде биз кардарга 10 000 сом берип, бир жылдан кийин 30 000 сом кайтарып берүүнү талап кылсак, пайызы жогору деген айыптоолорго кошулат элем. Бирок бизден 10 000 сом алып, эки жумадан кийин 11 миң сом кайтарып берет. Биз адамдарга жардам берип жатабыз. Анткени бизге азыркы тапта, болгондо да акча аябай зарыл болгон адамдар кайрылышат.

– Кредитти кайтарбагандар көппү? Алар менен кантип иштөө керек?

– Өткөн жылы он миңдеген адамдар кимдир бирөөлөрдүн айткандарына ишенип,
Somo.kg`ге акчасын кайтаруудан баш тартышкан. Ооба, биз бир эле учурда 50 миң насыя алуучуну сотко бере албайбыз. Бирок бул төлөбөй койсо болот экен дегенди билдирбейт. Биз ай сайын соттун каражатты төлөө боюнча миңден ашуун аткаруу ордерлерин алуудабыз.

5-10 миң сомдук карыздын айынан жаран паспортун же айдоочулук күбөлүгүн узарта албайт, мүлкүн каттата албайт, чет өлкөгө чыга албайт жана кредиттик тарыхы бузулат.

Мындай көйгөйлөргө дуушар болгондор өздөрү келип карыздарын төлөшөт. Бирок бул учурда буга чейинки мамлекеттик алым жана соттук чыгымдарды төлөө менен бирге. Биз кардар өзүнүн каржылык мүмкүнчүлүктөрүн билишине кызыкдарбыз. Ошондуктан биз анализ жүргүзүп, баарына эле насыя бере бербейбиз. Калк арасында финансылык сабаттуулукту жогорулатуу боюнча иштер тынымсыз жүргүзүлүүдө.

– Эл Somo.kg`ден насыя алгандан кийин кредиттик тарыхы талкаланып, банктан насыя ала албай калганына нааразы болуп жатышат.

– Жок, андай эмес. Кардарлар бизге кредиттик тарыхы жок болгондуктан банктар насыя берүүдөн баш тарткандыктан келишет. Биз кардарларга ансыз эле кредиттерди беребиз жана кредиттерин өз убагында төлөсө, кредиттик тарыхын түзүүгө жардам беребиз. Ооба, бизде насыяны төлөбөгөн насыя алуучулар бар. Алардын кредиттик тарыхы бузулган. Somo.kg "Ишеним" кредиттик бюросунун мүчөсү болуп саналат жана мөөнөтү өтүп кеткен кредиттер тууралуу маалыматтарды берүүгө милдеттүү. Башка кредиттик мекемелер потенциалдуу карыз алуучунун мурунку төлөм тартибин көрүшү керек.

Эгерде адам 5 же 10 миң сом төлөгүсү келбесе, 30 же 60 миң сомдук ипотекалык төлөмдөрдү көтөрө аларына кепилдик кайда?

Кредитти өз убагында төлөш керек. Эгер 2-3 жыл кечиктирип кайтарып берсеңиз, анда кредиттик тарых бузулуп калат. Анткени негизги идентификатор кечиктирилген күндөрдүн жалпы саны болуп саналат.

– Somo.kg`нин кардарлары көп учурда шылуундардын курмандыгы болуп калышарына даттанышат жана компания буга кызыкдар экендигин айтышат.

– Бул компаниянын күнөөсү эмес. Онлайн алдамчылык өлкө боюнча чоң көйгөй. Жакында Лалафо аркылуу эски муздаткычымды саттым. Ар бир үчүнчү билдирүү менин картамды же электрондук капчыктын маалыматын алууга аракет кылган шылуундардан келгендер болду.

Алдамчылар биздин кардарларды “тааныштардын” жардамы менен насыя алууга же сумманы көбөйтүүгө жардам бере тургандыктарына ишендирүүгө аракет кылышат. Бул жалган. Кредит шылуундун эсебине которулуп, ал эми карыз алуучу бир топ көйгөйлөргө кабылат. Анан алданган кардарлардын кредиттерин кечүүгө туура келет. Бирок мындай учурлар азайып баратат. Бул кубантат.

Эсиңизде болсун: сиз насыя алуу үчүн дайыма биздин сайттагы же компаниянын 20 расмий өкүлчүлүгүнүн бириндеги кызматкерлер аркылуу кайрылышыңыз керек. Ошондой эле шылуундарга жаза чараларын күчөтүүгө чакырабыз. Алар кылмыш жоопкерчилигине тартылса, келечекте шылуундар жоопкерчиликтен коркуп, азаюусуна өбөлгө болмок.

– Somo.kg мындан ары эмне кылмакчы?

– Биз Кыргызстанда дагы көп жылдар бою иштөөнү пландап жатабыз, алдыда көптөгөн кызыктуу инновациялык продукцияларды чыгарабыз. Жакынкы келечекте биз кардарларыбызды жаңы кызыктуу сунуштар менен кубантабыз. Бул жылдардын ичинде ишкана бюджетке ондогон миллион сомдук салыктарды төктү, колдон келишинче социалдык иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Бизде жүздөн ашык ишенимдүү кызматкерлер жана он миңдеген канааттанган кардарлар бар.

Бизде карызы барлардын миллиондогон портфели бар. Биз жергиликтүү жана эл аралык өнөктөштөр менен иштешебиз. Жакында эле Орусиянын ири коллекциялык агенттиги менен келишим түздүк. Буга чейин 14 миң иш тапшырылган. Азыркы тапта дагы ошончо даярдап жатабыз. Негизинен, булар бизден биринчи онлайн кредит алып, СИМ-картаны ыргытып жиберген адамдар. Эгерде адам качпаса, кандайдыр бир көйгөйлөрү болсо, биз адатта анын абалын эске алууга аракет кылабыз.Ошондой эле ири банктар, төлөм уюмдары жана уюлдук операторлор менен кызматташууну тереңдетүүнү улантуудабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Bishkek11
2022-11-07 11:52:00
Супер силерге акча эле керекда е. Эмнеге реклама кылып атасынар бул компанияны. Зорго жаптырышпады беле буларды.
0
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан