ЭТИНЕН ЖҮНҮ БААЛУУ КЫРГЫЗ МЕРИНОСУ

Көптөн бери адистер малдын санына эмес, сапатына басым жасоого мезгил жеткенин айтып келишет. Мисалы, кыргыз тоо мериносу. Бул породадагы койдун жүндөрү учурда Европага, Орусияга, Кытайга экспорттолуп, кирешеси да жаман эмес. Бул жолу жүн багытындагы ушул породанын артыкчылыгын айтып беребиз.

КЫРГЫЗ ТОО МЕРИНОСУНА МҮНӨЗДӨМӨ

  • Кочкорлорунан 8-10, ургаачыларынан 3,5-4,3 килограммга чейин жүн кыркылат. Таза жүнү 50-53 пайыз болот.
  • Кочкорлорунун орточо салмагы 90-120 килограмм, ургаачылары 70 килограммдан жогору.
  • Жүнүнүн узундугу – 7,5-9,3 сантиметр
  • Жүз тубар койдон орточо 120-150 козу алынат.
  • Боюнун узундугу 74-81 сантиметр
  • Туурасынан тулку бою – 67-88 сантиметр
  • Бир жылда бир жолу кыркылат.

Аймен Касенов, ишкер: МЕРИНОС ЖАЙЫТТЫ ТАЛКАЛАБАЙТ, БАТ ТОЁТ”

– Кыргыз тоо мериносу породасын 1930-жылдары профессор Михаил Лущихин даярдап баштап, кийин анын ишин кызы Евгения Лущихина аягына чыгарды. 2008-жылы кыргыз тоо мериносу деп катталган. Биздикилер 90 жыл түрдүү генетикалык изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. Аягында австралия, ставрополь мериностору менен кыргыздын жайдары коюн аргындаштырып, ушул кыргыз тоо меринос породасы келип чыкты. Кыргыз мериносторунун өзгөчөлүгү – жүнү майлуу, мисалы, австралия мериносторунан сапаты мыкты. Этинин майы аз, кара эти көп болот. Меринос кездемесине жеңил өнөр жайда суроо-талап абдан жогору. Биз кыргыз мериносун баккан 330 фермер менен иштешебиз. Мурун меринос жүнүн Кытай сатып алчу, кийин жүндүн килограммын 60 сомго түшүрүп жиберишкенде эч ким меринос бакпай калды. Учурда биз жүндү Европага экспорттоону колго алып жатабыз. Былтыр килограммын 200 сомдон Европага 18 тонна жиберген элек, быйыл 100 тонна жиберип жатабыз. Кыргыз мериносунун жүнүнүн сапаты Япониядан, Европадан анализден өтүп, алар сапатына жогору баа беришти. Кыргызстанда учурда жүн жуучу 3 фабрика бар, бирок сапаты жагынан Европаныкына тең келе албай жатабыз. Жүн жуулгандан кийин топсторду жасашат, топс – жүндөн жиптерди жасоочу материал. Мериностун кездемеси өзүбүздөн чыкса, экспорттоого жеңил болмок. Кыргыз тоо мериностору көбүнчө Ысык-Көл, Талас, Нарын облустарында багылат, калган аймактарда аз-аздан бар. Биздин максатыбыз – кыргыз меринос койлорунун санын 2-3 миллионго жеткирүү. Кыргыздын байлыгы суу деп жүрөбүз, ал эми суу мөңгүдөн башталат. Ошол мөңгүлөрдү сактап калуу үчүн жайыттарды туура пайдаланышыбыз керек. Мериносторду тойгузуу жеңил. Мисалы, жайдары кара кой көп басат, бир күндө 15 чарчы чакырым жерди басып туягы менен эле жайытты талкалап коёт. Ал эми мериностор 1 чарчы метр жердеги чөпкө эле тоюшат. Сандан сапатка өтөбүз десек, меринос койлорун багышыбыз керек.

Мыктыбек Календаров, Айыл чарба министрлигинин мал чарба жана жайыт бөлүмүнүн башчысы: “МАМЛЕКЕТТИН БАЛАНСЫНДА 12 МИҢ ТОО МЕРИНОС КОЮ БАГЫЛАТ”

– Кыргыз уяң жүндүү койлору же кыргыз тоо мериносунун саны республика боюнча 100 миңден ашат. Мамлекеттин карамагында 12 миң кыргыз мериносу бар. Бул ата мекендик породадагы койлорду сактап калуу максатында мамлекет уюштурган демилгенин үзүрү. Учурда Таластагы, Нарындагы, Ысык-Көлдөгү асыл тукум чарбаларда багылат. Мурун жүндү кайра иштетүүчү заводдор иштеп, Орусияга жана башка өлкөлөргө жүн экспорттолчу. Бүгүнкү күндө жүн иштетүүдө көйгөйлөр бар. Аны чечүү үчүн мамлекет жүн тармагында класстерлерди түзүп жатат. Жүн өндүрүшүн иштетүүгө жеке тараптар да абдан кызыкдар болуп, чакан заводдорду иштетип жатышат. Негизинен, кыргыз тоо мериносу биздин климаттык шартка ыңгайлуу, тоютка үнөмдүү, артыкчылыктуу породалардын тизмесинде. Ошондой эле арашан, роман, айкөл, алай породасындагы койлорду баккан фермерлердин “асыл-тукум чарба” деген статусту алганга мүмкүнчүлүгү бар.

ТАРЫХЫ

Мериностун түпкү мекени – Испания. Алгачкы мериностор 12-кылымда Испаниянын Экстремадура автономдуу облусунда пайда болгон. 15-16-кылымдарда меринос койлорун сатуу боюнча Испания алдынкы орунга чыгып, экономикасынын өнүгүшүнө опол тоодой салым кошкон. 18-кылымдын аягында Жаңы Зеландия менен Австралияда да пайда болуп, андан ары өнүгүп отуруп азыркы меринос породасындагы койлор келип чыккан. Учурда эң көп меринос койлору Австралияда багылат. Башка койлордон өзгөчөлүгү – алардын жогорку сапаттагы жүнү. Жүн багытындагы меринос койлору багууга оңой жана климаттык шартка бат ыңгайлаша алат. Эт багытында өстүрүлгөн койлорго караганда көлөмү кичине. Түштүк Африкада, Германияда эт багытында өстүрүлгөн мериностор да бар. Мериностор үзгүлтүксүз кам көрүүгө, кароого муктаж. Аларды жылына жок дегенде бир жолу кыркып туруу керек, анткени жүндүн өсүшү токтобойт. Эгерде кыркылбаса ашыкча жүндөр ысытып, жаныбардын кыймыл-аракет жасоосуна оңтойсуз абал түзөт.

ДҮЙНӨДӨ...

Бүгүнкү күндө меринос жүнүнөн көп керектүү буюмдар жасалат. Жууркандан баштап, ич кийим, футболкага чейин. Бир эле кемчилиги – мериностун кездемеси кымбат. Мисалы, мериностон тигилген пальтону Европада 1000 доллардан кем эмес баага сатып аласыз. Кездемеси чоюлбайт, формасын жоготпойт, абаны жакшы өткөрүп, тердетпейт, кийимдер бырышпайт жана үтүктөөнү талап кылбайт. Жылуулукту жакшы кармагандыктан кыштан жука меринос жуурканын жамынып чыксаңыз деле болот. Мериностун жүнү жумшак жана ийкемдүү. Маалыматтарга таянсак, дүйнөдө меринос койлорунун саны 150 миллионго жетет. Меринос көп кармаган өлкөлөрдө жыл сайын аны кыркуу боюнча чемпиондуктар өтүп, атүгүл айрым өлкөлөрдө бул жарыш улуттук спорт түрүнө да кирген.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан