Кайрадан жаралган АННА АSTI

А ты... По барам, в пьяном угаре

Что же ты, парень, снова вспоминаешь о том,

Как мы гуляли по тротуарам, мокрым и старым

Утром под дождём босиком…

Бул ырды сиз сөзсүз уккансыз, кафелерден, радиолордон, кыргыз ырчыларынын кавер аткарганынан... Айтор, хит артынан хит жаратып сахнага жеке ырчы катары чыккан Анна Asti быйыл музыка сүйүүчүлөрүн кубантып турган чагы. Ырчынын ийгилигинин артындагы кыйынчылыктар, жеке ишкердиги, пластикалык операциялары, зымырык куштай кайрадан жаралып сахнага чыкканы тууралуу сөз болсун.

Аты-жөнү: Анна Дзюба

Псевдоними: Анна Asti

Туулган жери: Украина, Черкассы

Туулган жылы: 1990-жыл, 24-июнь

Жылдыз белгиси: бөйөн

Бою: 175 сантиметр

Кесиби: ырчы, юрист, визажист

Белгилүү ырлары: “Феникс”, “Хобби”, “По барам”, “Повело”, “Сорри”, “Анечка”, “Ночью на кухне” жана башка

БАЛАЛЫГЫ

Европада узундугу боюнча төртүнчү орунда Днепр дарыясы турарын билсеңиз керек. Днепр жээгин бойлой жайгашкан Черкассы шаары бүгүн биз сөз кылган каарманыбыз Анна Дзюбанын кичи мекени. Ата-энеси жөнөкөй адамдар, атасы чакан ишкерлик менен алектенсе, апасы мектепте эмгек сабагынан берип, кыздарга тигүүчүлүктүн түркүн сырларын үйрөтчү. Аннанын музыкага жакын болгону да генден, анткени ата-энеси жаш кезинде музыкалык топто ырдап жүрүп таанышып, табышып калышкан. Анан Тамилла жана Анна аттуу эки кыздуу болушту. Тамилла азыркыга чейин сиңдисинин кеңешчиси, жакын сырдаш адамы. Анна кичинесинде Индия маданиятын сүйүп чоңойду. Ырларын угуп, кинолорун көрүп, алардын улуттук кийими сарини өзү тигип кийгенге аракет кылат эле. Колуна тийген кездемени эжеси экөө узун кылып кесип, Аннаны кинодогудай кылып ороп, чекесине кыпкызыл помада менен чекит коюп коюшчу. Индия макияжы даяр болгондон кийин үй-бүлөсүнүн алдына чыгып концерт коюп берчү. Анын активдүүлүгү мектеп жашында да уланды. Мектептеги бардык иш-чара Анна Дзюбасыз өтчү эмес. Анан кызга алгачкы сүйүү келди... Анан сүйүүсү кетти... Кеткен махабатын жоктоп кыйналган кыз бугун ырдан чыгарып, өзүнө таандык ырларды жаздырып YouTube’га жүктөп койгон. Бирок музыканы олуттуу деп эсептебеген үй-бүлө башчысы кызын юриспруденция тармагынан билим аласың дейт. Атанын сөзү мыйзам да, Анна адвокаттыкка тапшырган. Студенттик күндөрүндө эле адвокаттын жардамчысы болуп ишке орношуп, кошумча визажист кесибин өздөштүрүү үчүн курстарга бара баштаган. Чыгармачылыкка аралашуу үчүн таанышың жана көп акчаң болушу керек деген ойдо болчу. Андыктан бул тармакка кошулуп калам деген ой үч уктаса түшүнө кирчү эмес. Бирок бир күнү белгисиз номерден келген чалуу Аннанын келечегин түп тамырынан өзгөрттү...

ARTIK & ASTI ДУЭТИ

Аннага телефон чалган жаш музыкант, продюсер Артём Умрихин болчу. Жаңы долбоор түзүү тууралуу көптөн бери ойлонуп жүргөн Артём интернеттен өзгөчө тембрге ээ үндүү кыз издей баштайт. Анан кокустан Анна Дзюбанын ырларын угуп калат да, тааныштары аркылуу номерин таап чалат. Ошентип, биз жакшы билген Artik & Asti дуэти жаралган. Көп өтпөй Москва шаарына келген дуэт акырындан, бирок чечкиндүү түрдө Орусия менен кошо бир нече өлкөгө таанылып, музыкалык чарттарда жогорку позицияларды багынтып, музыкалык сыйлыктарды куржунуна сала баштады. Дуэттин кыргыз күйөрмандары да азыркыга чейин “Грустный дэнс”, “Девочка, танцуй”, “Истеричка”, “Под гипнозом” сыяктуу ырларын жатка билишет.

2021-жылдын ноябрь айында дуэт өзүнүн 10 жылдыгын белгилемек. Бирок көпчүлүк көптөн күткөн концерт тууралуу эмес, дуэттин тарашы тууралуу маалымат укту. “Дуэт мындан ары да чыгармачылыгын уланта берет. Ал эми мен өз алдымча чыгармачылыгымды улантам” деген кыска гана жооп болду Анна тараптан.

ЧЫГАРМАЧЫЛЫКТАГЫ АТАСЫ – ФИЛИПП КИРКОРОВ

Чынында эле, Аннанын орду көпкө бош турган жок, анын ордуна дагы бир таланттуу ырчы Севиль Велиева келип, Artik & Asti дуэти чыгармачылыгын уланта берди. Ал эми Анна, өзү айткандай, эч нерсеси жок келип, эч нерсеси жок кетти. Бардык ырларга укук Артёмдо эле, андыктан Анна буга чейин анын аткаруусунда популярдуу болгон бир дагы ырды ырдай алмак эмес. Арадан 9 ай өткөндөн кийин гана Анна Asti псевдоними менен жеке ырчы катары “Феникс” альбомун элге тартуулады. “Мен жашоодо көп жолу кулап, ооруга чыдамдуу болуп калгам. Билем, мага карата эмне болгону тууралуу көптөгөн суроолор, сындар бар. Менин бирөө менен акыйлашып айтыша турган сапатым жок. Бардык жоопту ырларым аркылуу айтам. “Феникс” ырымдан суроолоруңарга жооп ала аласыздар” деди кыз. Альбомдо Филипп Киркоров менен дуэт аткарган “Хобби” аттуу ыр да бар эле. “Кыйын убакта кимдин ким экенин билесиң дейт го. Чын экен, билдим. Болду, ушуну менен чыгармачылыгым бүтүп калдыбы деп ыйлаган күндөрүм болду, депрессия убагында Филиппке телефон чалдым. Ал өз башынан өткөн кыйынчылыктарды, андан кантип чыкканын айтып, көп кеңеш берди. Филипп мага чыгармачылыктагы ата болуп калды”,- дейт Анна.

ЗЫМЫРЫК КУШ

“Дуэттен кеткенден кийин коркуу сезими күч эле. Жеке ырчы катары мени кабыл албай коюшат деген ишенимде болчумун. “Феникс” альбому чыкканда ырларым жок дегенде музыкалык чарттарда 5-орунга чыкса деп кыялдандым. 1-орунга чыкканда сүйүнүчүмдө чек болгон жок. Анан альбомдогу 3 ырым чарттарда алдыңкы 3 орунду ээледи. Дагы үч ырым ТОП-10дукка киргенде ыйлап жибердим. Бул менин эле эмес, мени колдогон жолдошумдун, кыйынчылыкта мени таштап кетпеген командамдын жеңиши болду. Анан дүйнөлүк музыкалык чартта 59-орунга илиндик. Лирикалык ырлар жогорку рейтингге жетиши оор нерсе, бирок биз жеттик. Орусиялык ырчы айымдардан бул орунга эч ким жете элек болчу. Анан мен чынында эле тагдырдын зымырык кушу экенмин дедим. Өлүп, кайра оттон жаралгандай болдум”,- дейт ийгилиги тууралуу маек берген Анна Asti.

Аннаны жеке ырчы катары чыгарганга анын жолдошунун салымы чоң. Чыгармачылыктан алыс, ишкерлик менен алектенген Станислав Юркин экөө 2020-жылы баш кошушкан.

АННА ТУУРАЛУУ КЫСКАЧА...

  • Футболчу Артём Дзюбага эч кандай тууганчылыгы жок, жөн гана фамилиялары окшош.
  • Анна пластикалык хирургиянын кызматынан колдонуп турарын жашырбайт. Анткени ал келбетине байланыштуу сындардан көп жапа чеккен. Эринин чоңойто турган уколдордон сырткары анын мурдунун, кашынын формасы өзгөртүлгөн. Экинчи ээктен кутулуу үчүн жаак сөөгүнө да операция жасалган. Курсагындагы майлар алынып, жамбашына куюлган.
  • Ишкер айым. Визажисттик кесибин таштаган эмес. Москвада эле бир нече сулуулук салону бар. Салондоруна байма-бай барып, кардарлары менен маектешип турат. Андан сырткары кийим сатуучу дүкөнү да бар.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
erkeleim
2022-11-07 23:05:00
Гороскоп кана. Баш айлантып эмне кылып салышкан эски формат эле ынгайлуу эле
0
Tok.um.rus.is.
2022-11-08 14:39:00
erkeleim туура айтасыз көп нерсеси окулбай калып атат
0
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан