КУРМА – ЖҮРӨКТҮН ИШТЕШИН ЖАКШЫРТАТ

Азыр курма бышкан маал. Курманын ден соолукка пайдасы көп, жеп, организмди керектүү витаминдер менен байытыңыз. Иммунитетти көтөрүп, организмдин ооруларга туруштук берүүсүн күчөтөт.

60 ЖЫЛГА ЧЕЙИН ЖАШАЙТ

Байыркы гректер курманы “Кудайдын тамагы” деп аташкан. Курма 2 фарс сөзүнүн биригүүсүнөн келип чыккан, бизче “курма кара өрүгү” дегенди билдирет. Кургатылган түрү араб өлкөлөрүндө өстүрүлгөн курма пальмасынын жемишинин (финик) даамына окшошуп кеткендиктен аталышы ошондон чыккан делинет.

Маданий өсүмдүк катары алгач Кытайда өстүрүлгөн болушу ыктымал. Дүйнө жүзүндө көптөгөн сорттору бар. Орто Азия, Сирия, Япония, Түркия, Тунис, Иран жана башка өлкөлөрдө өстүрүлөт. Климаты жылуураак келген Кавказ, Крым, Сочиде, Кыргызстандын түштүгүндө өстүрүлөт. 30-60 жылга чейин жашайт. Бийиктиги 8-12 метрге чейин жетет. Тигилгенден кийин 3-4 жылдан соң мөмө бере баштайт. Бир түп курмадан орточо 250 килограмм мөмө жыйноого болот.

ПАЙДАСЫ

Курамындагы:

• Калий – жүрөк булчуңдарынын иштешин жакшыртат, жүрөк ооруларынын алдын алат

• Темир – аз кандуулуктун алдын алат

• C, B витаминдери – кан тамырларды жакшы иштетип, серпилгич кылат

• Кант – мөмөнү таттуу жана тоюмдуу кылат. 2-3 курма жесеңиз, тамак ичкендей болуп курсак тоё түшөт. Тоюмдуулугу жагынан анжир жана жүзүм менен тең тайлаша алат

• A, C витаминдери – иммунитетти чыңдайт

• Пектин – тамак сиңирүүнү жакшыртат

• Танин – бул зат оозду куруштуруучу касиетке ээ, бирок бул даам курма толук бышканда жоголот

• Бета-каротин – картаюу процессин жайлатат, көрүүнү жакшыртат

• Йод – тамак без ооруларынын, мисалы, богоктун алдын алат

• Магний – бөйрөк жана табарсыкта таштын жаралышына бөгөт коёт

• Кальций – сөөктөрдү бекемдейт, остеопороз оорусунун алдын алат

• Мындан тышкары органикалык кычкылдар, май, белок, углевод бар. Заара кубалоочу касиетке да ээ.

Андыктан курманы жүрөк-кан тамыр системинин оорулары, жогорку кан басым, анемия оорусу барлар жесе жакшы. Кытай жана Япониянын элдик медицинасында атеросклероз, цинга оорусун дарылоодо колдонулат.

КИМДЕРГЕ КОЛДОНУУГА БОЛБОЙТ?

Кант диабетинен, ашыкча салмактан жабыркагандарга. Көп жесе ичеги оорусун жаратат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан