Кубик Калыков: “КУУДУЛ ЭЛДИ КҮЛДҮРӨТ, ТАРБИЯЛАЙТ ДАГЫ”

– Кубик ага, 2-ноябрь – туулган күнүңүз жана Маданият кызматкерлеринин күнү менен да куттуктайбыз. Бүгүн сизге кош майрам экен. Бул күндү кандай майрамдаганды жактырасыз?

– Рахмат. Туулган күндү майрамдаганды жактырбайм. Жылдан жылга бир жашка карып жатасың да. Илгери жылда 1-2-ноябрда концерт койчумун. Ал кезде концерт коём деп бир жыл күтүп, даярданчубуз. Азыр балдарым, неберелерим менен чогуу отуруп белгилеп коёбуз. Учурда балдарым чет жерде, бүгүн неберелеримди ойнотуп, жеңең экөөбүз бир жерден чай ичип келели деп жатабыз.

Ушул күндү Маданият кызматкерлеринин күнү кылып койгон Аскар Акаевге ыраазы болом (күлүп). 9-сентябрь – Комуз күнү эмеспи. Бир жолу Сыймык Бейшекеевди “сен дагы сүйүнүп жатасыңбы, президент сенин туулган күнүңдү сурап, атайын ошол күндү Комуз күнү кылайын дедиби? Мага да Аскар Акаевич чалып “туулган күнүң качан?” деп сураган. “2-ноябрь” десем, “ии, анда ошол күндү Маданият күнү кылалы” деген” деп тамашалагам (күлүп).

– Маданиятка кандай көңүл бурулуп жатат? Бул тармакта иштегендердин “бизге көңүл бурулбайт” дегенин көп укчубуз...

– Бирөөдөн үмүт этип, мага кылып бер деп, жашап жатканымды, жасаганымды милдет кылган адам эмесмин. Мен баарын кашыктап өзүм чогулттум. Адам өзү аракет кылышы керек. Мага качан үй берет, качан айлыгымды көбөйтөт деп отура берген болбойт. Жашоо өзү күрөш да. Ким аракет кылса, ошол жакшы жашай турган заман болду. Колуңдан келчү нерсени Кудайдан сурай бербеш керек, өзүң аракет кылганың туура.

– “Наамдар туура, туура эмес берилип жатат” деп да жылда бир дуу этип басылат...

– Мага бериле элекпи? Демек, мен татыктуу эмесмин, мага буйруй элек. Буюрган күнү аларбыз. Адам үмүт менен жашашы керек. Абдылда Иманкулов 60ка чыгайын деп калганда алды да. Ошондо куттуктасам, “ээ, учурунда бербесе, кийин куттуктоо деле жарашпай калат экен. Кара далы болуп калганда алдым” деп тамашалады. Меники деле ошондой болуп калышы мүмкүн. Жакшылык менен ийгиликтин эрте-кечи жок дейт. Буюрган күнү алабыз, буюрбаса жок. Адам андан эч нерсе болуп кетпейт. Наамы бар, бирок эл тааныбаган адамдар бар. Наам алгандан жашоосу өзгөрүп кеткендерди көргөн жокмун. Бирок кээ бир жерлерде, концерттерде, банкеттерде бөлүп калышат, “биринчи Эл артисттери чыккыла, андан кийин Эмгек сиңирген артисттер” десе, сен арт жакта калып каласың. Тамак-ашка келгенде кыргыздар сенин жашыңды деле карабай калышат экен. Уялганынан “Кубик байке өтсүн” деп төргө чакырып алгандар болот. Аалы Токомбаев “өмүр бизден өтүп кетсе, эл эмгектен эскерсин” деген экен. Эмгек кыла берсең кантип бааланбай калсын. Эл билсе, эл бааласа болду.

– Ден соолугуңуз жакшы болуп калдыбы? Бул дарт сизге качан жармашты эле?

– Бала-чака багабыз деп гастролдордо, ар кандай шарттарда иштеп жүрдүк да. Гастроль деген гастрит деген сөздөн келген деп коём мен. Ар бир артисттин ашказанында жара бар деп ойлойм. Анткени бир күнү ачка, бир күнү ток жүрдүк. Мен жаш кезимде циркте иштеп, бир жолу катуу жыгылгам. Ошону тоготпой жүрө бергем. Убакыттын өтүшү менен күчөп кетиптир. 2 жыл таба албай жүрүштү эмне оору экенин. Көрсө, жоон сандын башындагы муундар жабыркаптыр. Протез коюшту. Аны койгондон кийин оор көтөрбөй, ат минбей, отун жарбай, жер казбай өзүңдү абайлап карап жүрүшүң керек. Мен жаным тынбаган кишимин да, оор жумуш кылып жүрө бердим. Денеге күч келе берип протез шалактап калыптыр, былтыр кайрадан операция болуп, аны алмаштырдык. Мындай ооруну эч кимге каалабайм. Азыр шүгүр, жакшы. Ушул протез менен жазында умрага барып келдим. Ал жакта жүргөндө ооруган жок. Демек, ысык аба ырайы жагат экен деп калдым. Ал жактан мени араба менен сүйрөшөт го дегем, өзүм эле басып жүрдүм.

– Азырчы, врачтар айткан ошол эрежелерди сактап жатасызбы?

– Былтыркы операциядан кийин Сабырбек Жумабеков “эми сактан, дагы наркоз алсаң көтөрө албай каласың” деди. Этияттап калдым.

– Ошондо 2 жолу наркоз алдыңызбы?

– Аппендицит болгондо дагы алгам. Наркоздор таасирин тийгизип жатат. Унутчаак болуп калдым. Мурда 150дөй телефон номерлерин жатка билчүмүн. Той алып барып жатсам, тойдун жарымына чейин залда отургандардын көбүнүн атын билип алчумун. Азыр номер айтса, башкага айтыш үчүн жазышым керек.


– Электромобиль айдап жүрөсүз. Бул сизге балдарыңыздан жагымдуу белек болду окшойт...

– Ооба. Мындан мурункусун деле 50 жашка чыкканымда балдарым белек кылышкан. Алар мурда эле айтып жүрүшчү “апам экөөңөр ажыга барып келсеңер, унааңызды алмаштырып беребиз” деп. Ошентип алып беришти. Өзүм алмаштырбайт болчумун. Мен унаа эмес, бир кийим жагып калса ошону чечпей кийип жүрө берем. 15 жыл кийген ботинкаларым бар. Жеңең “бул ботинкаңды элдин баары таанып бүттү” деп урушат (күлүп).

– Чыгармачылык жаатта кандай жаңылыктар болуп жатат?

– Борончу досубуз “Мыскыл жана тамашаны” колго алып, кайрадан чыгарып баштабадыбы, 1 жыл болоюн деп калды. Колдон келген жардамымды берип, акыл-насаат айтып, жаш балдарга баш-көз болуп, жаштарды колдоп сүрөп жүрөм. Таланты бар, бирок мүмкүнчүлүгү жоктор көп да. Максатыбыз – тамашанын деңгээлин көтөрүү, жаш таланттарды элге чыгаруу. Мындан тышкары, “Бир келет” деген ырым бар. Ошону кызым Айпери экөөбүз оркестрдин коштоосунда жандуу ырдап жаздырып, клип тарттыралы деп жатабыз.

– Жакшы. Элге сунулган тамаша кандай болушу керек деп ойлойсуз?

– Ар бир куудулдун айтайын деген ою болушу керек. Максат – күлдүрүш гана эмес. Кичине болсо да элди тамаша менен тарбиялаш керек. Күзгү сымал, кемчиликтерди көрсөтүү кажет. Эл шымды чечип башыңа кийип алсаң деле, бирөөнү маскаралап кемсинтсең деле күлө берет. Ар бир тамашанын чеги болгону туура, деңгээли, маданияты болушу шарт. Орустарды же казактарды туурай бергендин да кереги жок. Алардын маданияты башкача, биздики башкача. Кыргыздын илгертен маданияты жогору. Ар бир айткан сөз, тамаша үчүн жооп бериш керек. Ал тамашадан улам кайсы бир адам басынып же зээни кейип калбашы кажет. Тамашанын да ушундай эрежелери бар. Аны карманыш керек.

– Жакшы. Маегиңизге рахмат. Ден соолугуңуз чың болсун, дагы көптөгөн ийгиликтерге жетиңиз!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан