Акылбек Жапаров Баткендин жергиликтүү бийлик жетекчилерин “2 жылдан бери ишиңерде жылыш жок” деп сындады.
2022-жылдын 9 айында “Кыргыз темир жолу” ишканасы 271 миңден ашык жүргүнчү ташыганы маалымдалды.
31-октябрда Кара-Кулжа РИИБинин 2 кызматкери пара алууга шектелип кармалды.
Кыргыздын Индиядагы элчиси Асеин Исаев кызматтан бошотулду.
Чек арада жабыркагандарды колдоо үчүн Япония Кыргызстанга 1 миллион доллар бөлөрү айтылды.
Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттары уставдык капиталы 100 миллион долларлык биргелешкен холдингдик ишкана түзүүнү макулдашты.
2022-жылдын 1-ноябрында Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнө 98 жыл болду.
Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров 2-ноябрда үй камагына чыгарылды.
Кыргызстандан 48 жаран расмий түрдө Түштүк Кореяга иштөөгө жөнөтүлдү.
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы: Көмүр баасына мамлекеттик жөнгө салуу киргизилиши мүмкүн.
Экс-министр Алымкадыр Бейшеналиевге карата козголгон бардык кылмыш иштери токтотулганы кабарланды.
2-ноябрда Ош облусунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды, жабыркагандар жок.
Социалдык фонд: 2022-жылдын январь-октябрь айларында пенсияларды төлөөгө 46 миллиард 722 миллион сом жумшалды.
Депутат Шайлообек Атазов парламенттеги “Ата Журт–Кыргызстан” фракциясынын курамына кошулду.
1,5 жылдык тыныгуудан кийин Парламент радиосу кайрадан иштей баштады.
Кытай Баткенге 100 миң долларлык гуманитардык жардам берери айтылды.
3-ноябрда Кара-Суу районунда өрт өчүрүүчүлөр 4 адамдын өмүрүн сактап калышты.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.