Айтымында, Кыргызстанда учурда 2 миллион ири мүйүздүү мал, 700 миң жылкы, 8 миллион кой бар.
– Айыл жеринде жашоонун деңгээли жакшы эле. Дээрлик ар бир үйдө 3-4 автоунаа бар. Ар бир үйдө шаардагыдан кем эмес шарттар түзүлгөн. Азыркы учурда жылкынын орточо баасы 70-100 миң сом, ири мүйүздүү малдын баасы 60-70 миң сом, койлор 12 миң сомдон 18 миңге чейин,- деди депутат.
Токторбаев малга салык салуунун максаты – дотацияда отурган айыл өкмөттөрүнүн бюджетин толтуруу дейт. Ал койго жылына 100 сомдон, уй жана жылкыга 250 сомдон салык алуу керек деген пикирде.
Айта кетсек, Кыргызстанда малдын саны кескин көбөйүп кеткени, жайыттар жараксыз абалга келип жатканы айтылып келет. Малдын санынан сапатына ыктоо да сунушталып жүрөт. Жайыттарды, топурактын кыртышын сактоонун бир жолу – малга салык киргизүү, санын чектөө деген сунуш да жаңылык эмес. Бирок мындай демилгеге эл азырынча даяр эмес.