(Башы өткөн сандарда)
Бир көз ирмем бакытка курчалса, аны көрө албагансып кайгы, санаа, өкүнүч узакка жан дүйнөгө орноп, билинбей тирүүлүктүн күндөрү зымырап өтүп жатты. Карлыгачтын ай-күнү жакындап калгандыктан басып-турушу кыйла оорлоп калды. Күйүгө басып үйгө кирип келген Ал бөлмөнүн чачылып жатканын көрүп демин чыгарбай алайып туруп калды. Нес болгон неме бир саамда эсине келгенсип шкафтын ичин карады. Бош... Байыштын чемоданы, кийимдери жок экенин көрдү. Бакыргысы келди, бирок үнүн сыртка чыгара алган жок.
– Кайсы арыма кыйкырам? Менин үнүмдү ким угат?- деп сүйлөнө шалдая отуруп калды. Жан дүйнөсүндө ансыз да көптөн бери алай-дүлөй, кыйкырык экенин айтпаса да белгилүү эмеспи. Акырын туруп телефонун колуна алды. Интернетти күйгүзөрү менен Байыштан кат келди. Ачкысы келбей кыйыла карап турду да, акыры ачып окуду. “Сен мага эч кандай бакыт алып келген жоксуң. Сен жашоомо киргени башым түйшүктөн арылбады. Биздин келечегибизди көрө албадым, андыктан бири-бирибиздин убактыбызды жебейли. Мени күтпө, мени издебе. Өз жашооңду улант”. Карлыгачтын көзүнөн мөлтүр жаштар тоголонуп жатты. Ыйлап бүткөн кезде Байышка чалып да, жазып да көрдү. Бул учурда аны менен байланышуу мүмкүн болгон жок, ал телефон номерлерин өзгөртүп салганын түшүндү.
– Оо, Кудай, кайтарымың ушунчалык тез беле?- деди шыпты тиктей жалдырап. “Кетпечи, баарын кечирейин, балдар үчүн жашайлычы” деп жалдырап турган Марат көз алдына тартылды. Башын мыкчып тизелеп отура калды. Ушундай оор учурда сүйөп-жөлөп сабыр тилей турган эч бир жакыны жок экенине ызаланды. Түнү менен көзү ирмелбеди, түбү жок ойлор аны уктатат беле? Москвада калуунун эч мааниси калбаганын түшүндү. Кыргызстанга кетүү, эжесинен кечирим суроо тууралуу ойлонду. Мараттан балдарга жолугуп турууга уруксат сурагысы келди. Балдарын бооруна кысып, ошолор менен убакыт өткөргүсү келди. Таңдан бери ары ойлонуп, бери ойлонуп отуруп акыры жумушунан айлык акысын алып, Бишкекке учакка билет сатып алды. “Билетти го аларын алдым. Барганда челкейген курсагым менен кайда барам? Эжем дароо эле келегой деп тосуп албасы анык. Арзан болсо да батир таап алайын, төрөөрүмө аз калды. Бишкекке барарым менен дароо табыла калбас” деп ойлонгон Карлыгач интернеттен өзүнө батир карай баштады. Ушул учурда интернет желесинен жарнамалык ролик көрсөтүлүп калды. Сүйлөп жаткан ажарлуу кызга көзү токтоду. Кызыгып карап калды. “Турмуштан запкы жеген, жардамга муктаж аялзатына колдоо көрсөтөбүз. Алар биздин жайда баш калкалашса болот. Жардамдын ар кандай түрү бар” дегенди кулагы чалды.
– Эмнеге болбосун? Ансыз да жалгызмын. Төрөсөм мага колдоо керек эмеспи,- деп ойлонду да, дароо жарнаманын алдындагы байланыш номерлерин жазып алды.
ххх
Бүжүрөгөн эки бала таң аткандан бери атасын ойгото албай убара. Улам бири атасын жулкулдатып коюшат. Күн шашке болуп калса дагы Марат ордунан козголгон жок. Ошондо гана бир аз акылына кирип калган улуу баласы коркуп Гүлзадага жүгүрүп жетип барды.
– Ат... ата...- деп сүйлөй албай кекечтенип аптыгып жатты бала.
– Эмне болду, тынччылыкпы, айланайын?- деди балага жакын келген аял.
– Атам ойгонбой жатат,- көзүнө жаш тегеренип кетти.
– Эмне дейсиң, жанына бардыңарбы?
– Барып тарткылап эле жатабыз. Ойгото албай койдук. Үн да чыгарбай жатат,- деген бала бакырып ыйлап жиберди. Бир нерсени сезгендей Гүлзаданын жүрөгү шуу дей түштү. Күйөөсүнө айтмакка үйдү көздөй жүгүрдү. Бала экөө алдынан чыккан коңшуларын ээрчите басып, Мараттын үйүнө жетип келишти. Гүлзада балдарды сыртка чакырып алды, калгандары үйгө кирип кетишти. Көп узабай үй ичинен чыккан күйөөсүнүн ыйы Гүлзаданын жүрөгүн үшүттү. Мусаапыр боло маңдайында турган кенедей эки баланы бооруна бекем кысты...
– Эх, шордууларым, силерге атадан да айтпаган тура. Балдар үчүн жашайм деп аракет кыла баштабадың беле? Ушул экөөнү кимге гана таштадың?- деген аял көз жашын тыя албай ыйлап жатты.
Маратка тирүүлүктүн бүгүнкү таңын көрүү буюрбаган экен. Коңшу-колоң бир заматта чогулуп, үй ичи опур-топур, ый аралашып жатып калды.
– Аялы түбүнө жетти...- деди четте сүйлөшүп турган эки кишинин бири.
– Арактан эле кетти, токтотпой койбодубу...- деди экинчиси.
– Апасынын күйүтү, аялынын жоругу ичине түшүп кетти көрүнөт. Болбосо Марат көчөдө жатып арак иче турган жигит беле?..
– Баарынан дагы бул эки балага кыйын болбодубу, эми кантишет байкуштар.
– Энеси укса алып кетер,- деди боорсокко камыр даярдап жаткан келин.
– Кайдагыны айтасың да, ушуга чейин бир кабар албаган аял эми балдарын алганы келет беле?
– Ай, болгула эми - деп ары жактан улуураак аял кыйкырып калды.
– Сөздү кыскартып, боорсокту эртелеткиле. Эртең эле жерге беребиз деп жатышат деди бул айылдын сыйлуу аялдарынын бири.
Жанатан бери күбүр-шыбыр сүйлөшүп жаткан келиндер унчукпай калышты.
Эртеси Марат жерге берилди. Күн сайын эки уулун бооруна кучактап уктаган Марат бул жолу муздак жер кучактап жатты. Балдар болсо Гүлзада эжесин караан тутуп калышты, айланчыктап анын жанынан чыгышпайт...
(Уландысы кийинки санда)