СПОРТ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Бишкекте самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт

Бишкекте 11-13-ноябрь күндөрү самбо боюнча Дүйнө чемпиондугу өтөт. Учурда бул чемпиондукка даярдык көрүү максатында Кыргыз Республикасынын самбо боюнча улуттук курама командасы Чолпон-Ата шаарында окуу-машыгуу жыйынын өтүп жаткан чагы. Команданын курамы төмөнкүчө:

Спорттук самбо: Нургазы Жанбосунов, Белек Бараканов, Феликс Уланбеков, Айдос Алиев, Жамалбек Асылбек уулу, Турарбек Жолдошказиев, Бекболот Токтогонов.

Күжүрмөн самбо: Эрзат Нурлан уулу, Саяк Бараканов, Курманбек Замирбек уулу, Дайыр Карыяев, Бектен Эркебай уулу, Бекболсун Керимбеков, Талас Нуралиев.

Кыз-келиндер арасындагы спорттук самбо: Самара Абдумалик кызы, Аяна Рыскулбекова, Элза Абдыкадырова, Аземи Камчыбекова, Мээрим Момунова, Элла Мусаева, Нагира Сарбашова.

Машыктыруучулар: Жаркынбек Шамбетов жана Азамат Казакбаев.

Көк бөрү боюнча өлкө чемпиондугу жыйынтыкталды

Талас облусундагы Райкан Алканов атындагы ат майданда 26-30-октябрь күндөрү жаштар жана чоңдор арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу өттү. Чемпиондукта 7 облус, 2 шаардан келген 14 команда ат салышты. Чоңдор арасында финалда Талас – Чүй облусу кез келип, оюн 4:4 эсебинде жыйынтыкталды. Буллит ыкмасында жеңүүчү аныкталып, 3:1 эсеби менен Талас облусу жеңишти илип кетти. Ал эми жаштар арасында Чүй облусу менен Нарын облусу беттешип, 7:0 эсебинде Чүй облусунун курама командасы жеңүүчү болду.

Турнирде чоңдор арасында “Мыкты оюнчу” наамын Талас командасынан Кушчубай Илис уулу алса, “Мыкты аргымак” наамын Чүйдүн Көк мончок аргымагы алды. Ал эми жаштар арасында “Мыкты оюнчу” наамына Калкаман Акбаржан уулу ээ болсо, “Мыкты аргымак” наамына Нарындын Арча тору деген аты ээ болду.

Чоңдор арасында:

1-орун – Талас облусу

2-орун – Чүй облусу

3-орун – Ош облусу

Жаштар арасында:

1-орун – Чүй облусу

2-орун – Нарын облусу

3-орун – Талас облусу

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан