Эдилбек Тоялиев, 41 жашта: “БУТУМ ИШТЕБЕСЕ ДА, МЭЭМ ИШТЕЙТ”

Адатта ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарды айрымдар толук кандуу адамдай карабайт. Каарманыбыз Эдилбек мырза майып болсо да айылда анча-мынча дени соо адамдардан тың жашайт. “Ден соолук жактан чектелүү эч нерсе эмес, Кудайым акылдан чектебесин. Мээ иштесе өзүңө бардык мүмкүнчүлүктү түзүп алсаң болот” дейт ал. Көрдүңүзбү, эмне деген эрк? А сиз алты саныңыз аман туруп жашооңузга наалыйсыз...

“6 айлык кезимде нервге ийнени туура эмес сайып коюшуптур”

– 1981-жылы Аксы районунун Бозпиек айылында жарыкка келгем. 6 айлыгымда денеме жара чыгып ата-энем ооруканага алып барышса, дарыгерлер “жараны операция кылып алып ташташ керек” дешиптир. Дарылоо учурунда дарыгерлер нервге туура эмес ийне сайып коюшкан экен. Ошондон кийин эле жакшы боло албай, баспай калыптырмын. Кичинемден бутум баспай, араба менен жүрчүмүн. Ата-энем көп жерге көрсөттү, дарылатты, болгон жок. Майыптыгымдан улам мектепте да окуган жокмун. Апам 40 жылдык стажы бар мугалим. Үйдөн тамга таанытып, эсептегенди үйрөтүп окутуп жатты. 1989-жылы Чүйдүн Таш-Дөбө айылындагы ооруканада 2-3 жылдай дарыланып жаткам. 1-2-классты ошол айылдан окуп калдым. Бала кезде Бишкекке дарыланганы жыл сайын барып турчу элек, кийин шарт жок болуп барбай калдым.

“Мектепке барбасам да классташтарым бар”

– Балалыгым пейили кенен адамдардын курчоосунда өттү. Дегеним, майыптыгым үчүн айылдаштарым же теңтуштарым мени кемсинтип же шылдыңдаганын такыр эстей албайм. Мектепте окубасам да өзүм теңдүү балдар менен классташ болуп, иш-чараларга чогуу барчубуз. Кийин классташ кызга үйлөндүм. Айылдагы классташтарым менен азыр деле бекем үй-бүлөлүк катышыбыз бар. Кудайга шүгүр, учурда жубайым экөөбүздүн 3 уул, 2 кызыбыз бар. Майып болсом да 5 баламды элден кем кылбай багып келе жатам.

“Майыптар бүтүндөй өмүрүн арабага байлап албашы керек”

– Бутум баспагандыктан мурун мени эки жакка байкем ташычу. Кийин байкемдин көзү өтүп кетти, ошондо ар кимге жалдырап сурана баштадым. Идея деле адам бир нерсеге катуу муктаж болгондо жаралат окшойт. Ошондой күндөрдө соо адамга эмес, майыпка деле кенен басып туруш үчүн көз карандысыздык керек тура деп ойлондум. Автоунааны талаага алып чыгып алып тормоз, газдын педалын желим бөтөлкө менен басып акырындан айдап көрдүм. Байкасам, айдаганым окшошту. Үйгө келип аябай ойлондум. “Бут менен жасалуучу функцияларды руль жакка жайгаштырып, унааны кол менен гана башкаргыдай кылса болсо керек” деген ой келди. Ошентип зымдан тетик жасап, газ менен тормозду рулдун жанына чыгардым. Окшошту, кийин улам оңдоп-түзөп отуруп азыркы идеалдуу түзүлүшүнө алып келдим. Унаа башкарганыма 8 жыл болду. Тажрыйбалуу айдоочумун десем болот. Кээде Ошко, Бишкекке чейин айдап барып келем. 48 сааттап рулда отурган күндөрүм болгон. Кудайым ден соолугуңдун мүмкүнчүлүгүн чектесе эч нерсе эмес, башкысы акылдан чектебесин. Анткени мээ иштесе, өзүңө бардык мүмкүнчүлүктү түзүп алсаң болот тура. Айрым майып адамдар бүтүндөй өмүрүн майыптар арабасына байлап алышат, бул туура эмес. Адамда мүмкүнчүлүк кенен, болгону аны туура пайдаланганды билишибиз керек. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелип, бирок унаа айдагысы келгендер болсо мага кайрыла берсеңиздер болот. Тетиктерди бат эле жасап берип коём.

“Заманбап жашайт экенсиз деп балдарыма жөлөк пул бербей коюшту”

– Ушул убакка чейин балдарыма мамлекеттен жардам алган жокмун. Беш балама жөлөк пул чыгартайын деп райондук социалдык коргоо кызматына кайрылган элем. Алар келип текшерип, “үйүңүздө унааңыз бар экен, заманбап жашайт экенсиз, сыналгыңыздын көлөмү чоң экен” деп жөлөк пул чегербей коюшту. Унааны байкелерим, инилерим акча чогултуп алып беришкен. Менин абалымды түшүнүп, балдарыма кенедей болсо да жөлөк пул чыгарып берип коюшса болмок. Жок дегенде алардын мектептеги окуу куралдарынын чыгымын жаап калмак. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын төртүнчүсүмүн, бир туугандарымдын баары шаарда жашайт. Мен ата конушту карап айылда калгам. 1-топтогу майыптыгым үчүн мамлекеттен жөлөк пул алам. Алган акчам бир айда кетчү дары-дармегиме кээде жетпей калат. Ушул жөлөк пулум менен автоунаамды беттерине кармап туруп алышты. Бирок, Кудайга шүгүр, эч кимге көз каранды эмеспиз. Айылда чакан дүкөн иштетип бала-чаканы багып келебиз.

“Сыймык Бейшекеев менин кумирим”

– Бала кезден музыкага жакынмын, гитара, комуз чертип, аккордеон ойночумун. Буларды өзүм эле үйрөнүп алгам. Кийин тиричилик, оокат кылам деп жүрүп ал өнөрүм деле калды. Азыр үйдө ошол аспаптар бар, “Ямахадан” бери турат, бирок ойногонго каалоо жок. 2001-жылы Сыймык Бейшекеев уюштурган сынакка катышкам. Бул ырчы менин кумирим, жалаң Сыймык байкенин ырларын ырдачумун. Айылда сыналгы көрүп отуруп сынак уюштуруп жатканын угуп калдым. Байкемдер мени Бишкекке алып келишип, сынакта ырдап финалга өткөм. Анда таяк менен да баса алчу эмесмин. Эки байкем эки жагымдан көтөрүп келип сахнадагы столго отургузушкан. Баш байгеге коюлган унааны утпасам да, магнитофон утуп кеткем. Ал кезде магнитофон модада эле. Аны кошуна айылдардан бери сурап кетип угуп жүрүштү.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан