Мамбет Мамакеев: “ДАГЫ ДЕЛЕ КҮНҮНӨ 1-2 ОПЕРАЦИЯ ЖАСАЙМ”

Атактуу хирург, Кыргыз Республикасынын баатыры Мамбет Мамакеев 69 жылдан бери ооруканада иштейт. Бул арада 30 миңден ашык операция жасаган. 2020-жылы Гиннесстин рекорддор китебине эң узак убакыт иштеген хирург катары (67 жыл 181 күн) кирген. 200дөн ашык илимий эмгектин автору. Ушундай инсан учурда 95 жашта, хирургдун өмүрүнө жана эмгек жолуна кылчайып көрүүнү туура таптык.

“Чычкак улагыбыз да жок кембагал элек”

– Менин балалык кезим согуш учуруна туш келди. Аскерге жарактуулар майданга кетип жатышты. Азык-түлүктүн баары майданга жөнөтүлүп, эл өлбөстүн күнүн көрүп, араң жан багып жатты. Эгин айдоо, кой кыркуу, чөп чабуу жана башка иштердин баары жаш балдар, карылар, аялдардын моюнуна жүктөлгөн. Канчалык оордук келбесин балдар окууну таштабасын деген буйрук болгон. Калемсап жок, окуучулар карагаттан сыя эзип, эски китеп беттерине жазып окуп жүрдүк. Мектептен соң үйдүн иштерин бүтүрүп, анан колхоздун ишине жөнөчүбүз. Ал кезде Ысык-Көлдө апийим айдалчу. Апийим тилип да иштедик.

Атам согушка кетти. Үйдө үрүп чыгар итибизден башка эч нерсебиз жок, жадакалса чычкак улагыбыз жок кембагал элек. Терезеси жок 2 бөлмөлүү жаман тамда жашайбыз. Апам Батый 17 бала төрөп, андан тирүү калганыбыз үчөө элек. Бизди, туугандардын балдары болуп жалпы 10 адамды багуу апам менен үйдүн эң улуусу болгон менин моюнума жүктөлдү.

Жогорку класста колхоздун комсомол уюмунун мүчөсү элем. Жогору жактын буйругуна ылайык, 82 комсомолдон бирден тоок чогултуп колхозго өткөрүп, арабакеч болуп эгинди пристанга ташып иштеген күнүм да болду. Бир жылы огородго таруу айдап, үйдөгүлөрдү кийинки жайга чейин бактым.

Атам 2 жыл согушта жүргөндө 3 ирет кара кагаз келди. Бирок бир күнү өлдү деген атамдан кат келсе болобу. Катта атам “9 ай кат жазбаганымдын себеби колума ок тийип, башымдан жарадар болуп Смоленскидеги госпиталда жатам” деп жазыптыр. Майданда 2 ирет жарадар болгон атам 1945-жылы кайтып келип, колхоз жумушуна кирди. Атам Мамаке иш десе ичкен ашын жерге койгон, колунан кетмен түшпөгөн адам эле. Жыл бою эмгек акысына алганы – 2 центнер эгин. Кедеймин деп кейибеген, Кудай берет деген токпейил, момун адам эле.

Атам 93 жашында көз жумду, өмүрүндө бир дагы жолу башым деп төшөккө жаткан жок, дары ичкен эмес. Апам Батый 85 жашында көз жумду.

“Институтка 1 ай жылаңаяк каттап окудум”

– Мектепти бүтөр жылы Курмандын Төкөнай деген кызын жакшы көрүп калдым. Ал да мени жактырат. Бирок ата-энеси калыңга бычып, аскерден бир колунун 5 манжасын окко жулдуруп келген кишиге берип жиберишти. Ошентип ага баш кошо албай арманым ичте калган. Ошол Төкөнайга үйлөнсөм мүмкүн мединституттан окубай калат белем, ким билет...

1946-жылы орто мектепти 10 бала бүтүрдүк. Сынак тапшырып жүргөн кезде бир орус киши келип “мединститутка ким окуйт?” деди. Мен окуйм деп жазылдым. Башка эч ким катталбады. Ошентип Фрунзеге жөнөмөк болдум. Эмгегим үчүн алган 2 араба чөптү сатып, жол киреге акча калтырып, калганына 1 шым, 1 көйнөк, бутума башмак алдым. Апам жүн байпак токуп берди. Фрунзеге келгенимде ысык, жүн байпак менен башмак бутумду тердетип кие албай калдым. Институтка бир ай жылаңаяк барып-келип жүрдүм.

“Тамандын чорун 5 айда кетирдим”

– 1-курста биринчи жолу мончого алып барды. Мончону, самынды биринчи жолу көрүшүм. Бут кийим жок айылда жылаңаяк жүрө берип, таманга чөңөр, тикенек кирип, таманым чор болуп калган да. Мончого барганда жышып жүрүп ошол чордон 5 ай дегенде арылдым. Шымыбыз көбүрөөк чыдасын деп апаларыбыз алаасына тери кошуп тигип беришчү. Биз мончого түшүп жатканда “биттен арылсын” деп кийимдерибизди автоклавга салышат. Мончодон чыксак баягы шымдарыбыз жок, ысык температурада жуулгандыктан куучуюп катып калган. Комендант аял ат арабага аппак дамбал, көйнөк жүктөп келип, ошону таратты. Ошолорду кийип, жеңи, багелегин түрүп 60 бала инкубатордон чыккандай чыктык. 2 ай ошол кийим менен жүрдүм. Андан кийин согушта немистерден олжого түшкөн жакасы, жеңдери кырылган кийимдерди таратышты. Аларды кийип жүрдүк. Октябрь айында күн суук тарта баштады. Мен болсо дале жылаңаяк жүрөм. Бир жолу Мукаш деген агабызга жолугуп калдым, ал жылаңаяк жүргөнүмдү көрүп, бут кийим алып бермек болду. 2 дүкөндө тең мага чагы жок, бутумду кыскан бут кийимди алдырып алдым. Бирок кийе албай жүрдүм. Бир күнү тумшугун кесип, керип, башына суу кагаздан тыгып 2 күн койдум. Анан ошону 2 жыл сүйрөп кийдим.

1946-жылдан 1948-жылга чейин талон менен 1 күнгө 500 граммдан нан алчубуз. 5 жыл ичинде шаардан 2 тааныш агабыз жолугуп калып, экөө 1 жолудан курсагымды тойгузду. Бири акча да берди. Ошону менен окууну бүткүчө мага эч кимден жардам болгон жок. Момпосуй, кант, ич кийим, шейшеп дегенди жатаканадан көрдүм. Айылда самандан үстүнө кийиз салып эле жатчубуз да. Студент кезде көбүнчө ысык сууга талканды аралаштырып жечүбүз. Кесерип ачка калган күндөр көп болду.

Жайкы каникулда айылга барып апийим тилип иштеп, кайра шаарга келүүгө каражат таап алчумун.

“Ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер жашап кетишти”

– Мединститутту бүткөндө устатым Максим Фридман жетектеген госпиталдык хирургия кафедрасында ординатор болуп 3 жыл иштедим. Атаандаш доценттер, ординаторлор, ассистенттер мага жардам бермек түгүл, кыр көрсөтүп, кодулай башташты. Окууну бүткөнүмө карабай ката жазчумун. Бирөөнүн кемчилигин шак эле бетине айтчумун. Ошого мени жаман көрүшүп, канча аракет кылсам да операция жасатпай, мени кетирүүнүн айласын издешти. Үстүмдөн бирөөгө тоголок арыз жаздырып ызы-чуу салып да көрүштү. Фридман калыс адам эле, мени операция жасатып жүрүп, хирург катары такшалтты.

Ординатураны бүтөрдө Фридманга “аспирантурага калгым келет” дедим. Муну уккан бир еврей аял тура калып “сен тартипсиз, билимсиз адамсың, сени калтырбаш керек” деди эле, башкалар да дуулдап колдоп кетишти. Фридман “тартипсиз болсо эмне болуптур, мунун таланты бар, сынактан ким өтсө аспирантурада ошол калат” деди. Ал менден мыкты хирург чыгарына ишенчү. Сынактан өтүп, аспирантурада калдым...

1958-жылы кандидаттыкты жактадым. Мен жасаган операциялардын баары ийгиликтүү болуп жатты. Акырында бейтаптар “бизге операцияны Мамакеев гана жасасын” дей башташты. Ок тийип, тамтыксыз бычак жеп, ичегисин көйнөгүнө ороп келгендер менин операциямдан кийин тирүү калып, жашап кетип жатышты. Госпиталдык хирургия кафедрасын 33 жыл жетектедим. Ишимдин артынан өзүмдүн хирургиялык мектебимди түздүм. Шакирттеримдин ичинен 15и хирургия илимдеринин доктору, 30 шакиртим илимдин кандидаты.

Кыргызстандагы сыйлык, урмат, наам дегендин баарын алдым. Ичкиликтен Кудай сактады, колума өмүрү тамеки кармап көргөн жокмун. Эмгегим бааланып, Улуттук хирургия борборуна менин атым коюлду.

“Эки уулум тең врач”

Жакында, 10-октябрда, 95 жашка чыктым. Бир кулагым жакшы укпай калганы гана болбосо, дене-мүчөм, акыл-эсим ордунда. Учурда күнүгө 1-2ден операция жасап жүрөм.

Үй-бүлөм тууралуу айтсам, Сонунбүбү кемпирим 93тө, бир буту ооруп таяк менен басып калган. Бир айылданбыз, бири-бирибизди жактырышып, мен институтту бүтүп, ишке орношкондо баш коштук. Ал университеттин филология факультетин бүтүргөн. Акылдуу аял, менин мүнөзүмө, ысык-суугума чыдап келди.

2 уулум бар, экөө тең врач. Кичүүсү Канат биздин хирургиялык борбордо 10 жыл директор болуп иштеди. Улуу балам Бакыт эмдиги жылы 60 жашка чыгат, биздин борбордо врач болуп иштеп жүрөт.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан