Радик Эшимов, Айканыш Ибраимова: “БИЗ БИРИ-БИРИБИЗ ҮЧҮН ЖАРАЛГАНДАЙБЫЗ”

“Кошунаны тандабайт”, “Ванчопа”, “БайКуш”, “Акча” тасмаларын тарткан режиссёр Радик Эшимов жубайы Айканыш Ибраимова менен бизде конокто. Айканыш айым дагы чыгармачыл чөйрөдөн. Алдыда экөөнүн сүйүү баяны менен тааныша аласыздар.

– Радик, Айканыш, кандайсыздар? Бири-бириңерди алгач кайдан көрдүңөр эле, ошол күндөн кеп баштасаңыздар...

Радик: – Экөөбүз тең КВНде ойночубуз. Оюндарда көрүшүп калчубуз. Кийин Айкоша арт-директор болуп иштеп жүргөн кафеге алпаруучу керек болуп, мен барып калгам. Ошентип Айкошанын кол алдында иштеп баштагам. Аз убакыт өткөндөн кийин “үйүңө узатып келбейинби?” дей баштадым (күлүп).

– Жактыруу сезими качан пайда болду?

Айканыш: – Биринчи көргөндө эле сүйүп калдым деп айта албайм. Кийин өзүнөн-өзү эле башталып кетти.

Р.: – Менде башында эле сезим бар болчу. Жөн эле “жүр, узатып келейин” дебейм да. Башында дос болуп жүрдүк, кийин кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. 1,5 жыл сүйлөшкөндөн кийин баш коштук.

– Кыз-жигит кезди бир эстеп өтпөйлүбү...

Р.: – Анда көбү Айкошаны менин продюсерим деп ойлошчу. “Бажарики” тасмасына бажалардын кичүүсүн издеп жатканда Айкоша мени режиссёрго сунуштап, кастингге чакырышкан. Ал жөнүндө көбү билет. “Продюсериң менен сүйлөшөт окшойсуң” деп калышчу.

А.: – Мен көптөгөн кинолордо картинанын директору, маркетолог болуп иштеп калам. Ар кандай роликтерге да буюртмалар түшүп калат. Сценарий жазыш керек болсо, режиссёр керек болсо, Радикти сунуштайм. Жигитим болгону үчүн эмес. Радик жакшы жазат, жакшы тартат. Анан эмгегине жараша акы төлөнүп берүүсүн талап кылам. Дегеним, үй-бүлөлүк абалыбыздан пайдаланбайбыз. Ар бир эмгекке акча төлөнүшү керек деп эсептейм. “Бул сенин жолдошуң да” десе, “эмгеги бааланышы керек” деп акчасын алып алам да, Радикке берип коём.

Р.: – Менде башкача болду. “Ванчопа” дебюттук тасмам. Ал тасмада Айкоша маркетинг жагын караган. Бирок мен эч нерсе төлөп берген эмесмин (күлүп). Кийинки долбоорлордо гана төлөп бере баштадык.

А.: – Төлөп берсе, төлөп бербесе деле жардам берем. Сырттан карап отура албайм. Туура эмес жасалып жаткан жери болсо дароо айтам.

Р.: – Мен кино тартып жатканда эл көрөбү, көрбөйбү деп ойлонбойм, сапаттуу тасма болобу деп гана кабатыр болом. Жакында “Акча” деген сериалыбыздын бет ачары болду. Жайылтуу жагын ойлонбой эле жүргөм. Айкоша бул долбоордо иштеген жок. Бирок тааныштарына “бөлүшүп койгулачы” дептир. Инстаграмды ачсам эле толтура адам бөлүшүптүр. Бул үчүн да сага акча төлөш керек экен, ээ (күлүп)?

А.: – Ооба, анан сага эсебин чыгарып берем.

– Үй-бүлөлүк бюджет кандай бөлүштүрүлөт?

Р.: – Ортого коюп чогуу эле колдонобуз. Экөөбүз тең иштейбиз да. “Бул айда ким канча тапты?” деп тамашалап атаандашып калабыз кээде.

– Радик үйлөнүү сунушун өзгөчө киргизди беле?

Р.: – Ооба. 13-май – Айкошанын туулган күнү. Ошол күнү сунуш киргизейин дедим. Жакын курбулары менен кеңешип оюмду айтсам, алар “оригиналдуу болбой калат. Баары эле ошондой кылат” деп коюшту. Анда бүгүн эле кыла берели деп, 9-май күнү уюштурганбыз. Соода борборлорунун биринин чатырында кылганбыз. Айкошаны бир долбоор боюнча деп алдап чакырып, чатырдан бир нерсе көрсөтөбүз деп алып чыгышкан кыздар. Башкача реакция болот деп күткөм. Адатта, колун сураган учурда кыздар бетин жаап сүйүнүчтөн ыйлап башташат го. Айкоша “эмне эле болуп жатат бул жакта?” деп каткыра баштады (күлүп).

А.: – Спорттук бут кийимчен, жынсычан турам. Радикти көргөндө “бул жакта эмне кылып жүрөт?” деп ойлодум. Эч нерсе түшүнбөдүм. Анан жаныма келип тизелесе таң калдым. Биз ага чейин эле үйлөнөбүз деп сүйлөшүп койгонбуз да. 3 күндөн кийин ата-энелерибиз таанышмак. Мындай сюрпризди күткөн эмесмин.

Р.: – Минтип үйлөнүү сунушун киргизбей эле коёюн дегем. Бирок көбү “кылып кой” деп калышты. Бул азыр салт болуп калбадыбы.

А.: – Мындай кылбай койсо деле таарынмак эмесмин. Бирок жагымдуу болгон. Кызыгы, ошол күнү Жеңиш күнү болчу да. Балдар “Радик бойдокчулугун жеңген күн” деп тамашалап калышат.

– Той кандай өттү?

А.: – Биз үйлөнүү тоюн берердин алдында “Ванчопанын” тартуу иштери башталып калды. Радик мага “өзүң уюштура бер, мен тойго чейин келип калам” деди. Ошондой эле болду, тойго конок катары келди. Кайненем экөөбүз чогуу баарын даярдадык.

– Эми бири-бириңерди мактап бергилечи, кайсы сапаттарыңарды жактырасыңар?

А.: – Радик жумушун сүйөт. Иштеп жатканда көзү күйүп турат, ошонусу аябай жагат. Эмгекчилдигин, олуттуулугун жактырам. Бири-бирибизди түшүнөбүз. 4 жылдан бери бир да жолу катуу урушкан жокпуз. Анткени сүйлөшкөндү билебиз. Бири-бири үчүн жаралгандай деп бизге окшогондорду айтса керек.

Р.: – Мага Айкошанын бардык сапаты жагат. Менин адамым. Бири-бирибизди жарым сөздөн түшүнөбүз.

– Радик үй жумуштарына жардам береби?

А.: – Ооба, мен идиш жууганды, тамак жасаганды жаман көрөм. Радик кааласа өзү жасап алат, тамактан кийин идишти жууп, столду жыйнап коёт. Кийимдерин да өзү ырааттуу кармайт. Мен башында эрте туруп тамак жасап жүрдүм. Бирок ал көпкө узаган жок (күлүп).

– Мырзаларга тийиштүү делген жумуштарды жасайбы?

А.: – Жок. Радикке “муну жасап берчи” дегенге караганда уста чакырып жасатып койгон жеңилирээк. Бирок жасабай койду деп таарынбайм. Радик деле мага “эмнеге тамак жасабайсың?” дебейт.

– Романтикалык учурлар болуп турабы?

А.: – Радик романтик эмес, анысына көнүп калдым. Сүйлөшүп жүргөндө 2 жолу китеп белекке берген. Биринчиси – орусча-кыргызча сөздүк болчу. Мени кыргызча сүйлөй албайт деп ойлочу, а мен кыргызча жакшы эле сүйлөйм. Үйлөнүү сунушун киргизгени гана романтикалуу учур болгон. Андан кийин бир жакка барып келели демей, гүл бермей жок. Жакында Инстаграмда улам-улам “күйөөмө айтып койгулачы, гүл берсин” деп тамашаласам да Радик гүл бербей койду.

Р.: – Менимче, гүлдүн жерде өсүп турганы сонун.

А.: – Үйлөнүү сунушун киргизгенде сонун букет берип, “мына, ушул гүлдү эстеп кал. Бала төрөп бергениңде дагы бир гүл берем, болду” деген. Тамашалабаптыр.

– Ким көп кызганат?

А.: – Мен аябай кызганчаакмын. “Радик байке, мени да киного тартыңызчы” деп көп кыздар жазышат. Пост жазса да, астына көбүнчө кыздар комментарий жазышат. Бул сыймык, бирок кызганып кетем. Кээде “эмнеге минтип жазат?” деп таарынымыш болом. Бирок ишенем.

Р.: – Мен такыр кызганчаак эмесмин. Андайды ойлонбойм дагы. Ишенгеним үчүн болсо керек.

– Качан балалуу болосуңар деп көп сурашабы?

Р.: – Аябай көп сурашат. Буюрса, пландап жатабыз. Биз пландап жашап көнүп калганбыз. Балалуу болууну да пландаштыруу туура деп ойлойбуз.

– Жакшы. Бактыңар соолубасын! Маегиңерге рахмат.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Каныш
2022-11-07 12:30:00
Сонун. Бактылуу болгула.
0
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан