КОШ БОЙЛУУЛУК: ДАРЫ ИЧҮҮ КАНДАЙ УЧУРДА КООПТУУ?

Гинекологиялык оорулар – аялдарда ар дайым суроо жараткан маселе. Гинеколог-эндокринолог Чынара Дүйшенова менен ушул жаатта көпчүлүктү кызыктырган суроолордун тегерегинде пикир алыштык.

– Гинекологго текшерилүүгө кантип даярдануу керек?

– Бир күн мурун жыныстык катнашка барбай, вагиналык свечаларды салбай туруу кажет. Ошондой эле айыз учурунда текшерилүүгө болбойт.

– Овуляция болбой жатканына эмнелер таасир этиши мүмкүн?

– Овуляция – энелик клетканын энелик безден чыгышы. Бул клетка сперматозоид менен биригип баланын жаралуусуна өбөлгө болот. Кээ бир себептерден улам энелик безден энелик клетка чыкпай, бойго бүтпөйт. Анын себептери: энелик бездин поликистоздук синдрому, 30 жаштан кийинки ашыкча салмак, эркектерге тиешелүү жыныс гормонунун көбөйүп кетиши, пролактин гормонунун көп болушу, энелик безде залалдуу эмес шишиктин пайда болушу, калкан безинин иштешинин бузулушу, прогестерон, эстроген гормондорунун бөлүнүп чыгышын начарлаткан жатын жана энелик бездин оорулары, канда темирдин, Д витамининин жана башка витаминдердин жетишсиздиги.

– Эстроген гормону жетишсиз болсо териге кандай таасир этет?

– Эстроген гормону жетиштүү деңгээлде бөлүнүп чыгып жатса, анда тери тунук, жылмакай, чымыр болот. Эгерде анын ордуна эркектерге тиешелүү жыныс гормондору көп бөлүнүп чыгып жатса бетте, төштө, далыда, санда түк көбөйөт, теридеги тешикчелер чоңоёт, тери майды көп бөлүп чыгарат, безетки көп чыгат, айыздын келүү мөөнөтү бузулат, айрымдарда тери кургап, шуудурайт.

– Аялдардын түктүү болушу алардын аялдык гормону аз дегенди билдиреби?

– Аялдардын ашыкча түктүү болушу, жогоруда айткандай, эркектердин жыныс гормону – андрогендер көп бөлүнүп жатканына байланыштуу. Бул патология гирсутизм деп аталат. Мында аялдарда эркектерге мүнөздүү физологиялык өзгөчөлүктөр да пайда болушу мүмкүн. Эндокринологго көрүнүү керек, ал суроо-жооп жана УЗИ, анализдердин жыйынтыгы менен дарылоо жазат.

– Аял кош бойлуу экенин билбей, күчтүү дарыларды ичип алса зыяны тийбейби?

– Кош бойлуу кезде дарылар экиге бөлүнөт: кош бойлууларга ичүүгө мүмкүн жана каршы көрсөтмөсү бар деп. Дары ичерде көрсөтмөсүн сөзсүз окуу керек. Эгер билбей ичип алса, бала бойго бүткөндөн баштап 20 күнгө чейин (3 жумага чейин) ичилген дарылар эч кандай зыянын тийгизбейт. Тактап айтканда, бул айыздын бир жума кечигишине чейин. 20 күндөн 56 күнгө чейин (3 жумадан 8 жумага чейин) өтө кооптуу учур. Бул убакта каршы көрсөтмөсү бар дарыларды ичкенде түйүлдүк өспөй калышы мүмкүн же өсүшүнө терс таасирин тийгизет. Эгер билбей ичип алган болсо, создуктурбай гинекологго кандай дары ичкенин айтып, текшерилүү кажет.

– 40-50 жаштардагы төрөт климаксты алыстатышы мүмкүнбү?

– 40 жаштан кийинки төрөт климакстын болушун алыстата албайт. Климакстын эрте же кеч болушу көбүнчө тукум куучулук факторго байланыштуу. Ошондой эле патологиялык оорулар, өнөкөт стресс, жаман адаттар, мисалы, тамеки тартуу, жыныс органдарынын оорулары, аборт сыяктуулар менопаузанын эрте болушуна таасир этет.

– Эрозияны күйгүзүүдөн башка жол менен дарыласа болобу?

– Жатын моюнчасынын эрозиясы бардык учурда эле күйгүзүлбөйт. Көлөмүнө жараша дары свечалары менен да дарылоого болот. Эгер күйгүзүү зарыл болсо радиотолкундуу жана лазердик деструкция ыкмалары бар. Бул ыкмалар жатын моюнчасына тырыктарды калтырбайт, кийин бойго бүтүүгө тоскоолдук жаратпайт.

– 30 жаштан кийин айымдарда айыз учурунда кандын аз келип башташы климакстын белгилери эмеспи?

– 30 жаштан өткөн аялдарда айыз учурунда кандын мурункудай эмес, аз келип башташы кадимки көрүнүш. Эгер мындан башка белгилер жок болсо, санааркоонун кереги жок. Эгер айыздын келүү цикли бузулуп, баш оору же башка белгилер кошулуп жатса адиске кайрылуу керек.

– Аялдар үчүн эң керектүү витаминдер кайсылар?

– Жыл мезгилине карата витаминдерге муктаж болобуз. Бирок айымдар үчүн эң маанилүү 5 витамин бар. Алар: D3 витамини – иммунитетти көтөрүп, энелик клетканын сапатын жакшыртууга, айыз циклин жөнгө салууга таасир этет. Е витамини – булчуң, нерв клеткалары үчүн эң маанилүү, прогестерондун иштелип чыгышын жакшыртып, күчтүү антиоксидант боло алат. Цинк – жыныс бездеринин, калкан безинин иштешин жөнгө салат. С витамини – темирдин сиңишин, коллагендин иштелип чыгышын жакшыртат, бактериялык жана вирустук инфекциялардан коргоого катышат. Омега-3 – гормондордун синтезделишине жана алмашышына таасир этет, холестеринди азайтып, эс тутумду жакшыртат. Бул витаминдерди канча көлөмдө, канча жолу ичүү керек, чын эле витаминге муктажсызбы, муну адис менен чечишип алуу оң.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан