Рашбек Асанов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: “ТЕАТРДЫ 20 ЖЫЛДАЙ ДҮҢГҮРӨТҮП ТУРДУК”

Ош шаарынын маданий ордосу – Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына быйыл 50 жыл толду. 50 жыл ичинде театр 150дөн ашык спектакль менен өлкөдө гана эмес, Москва, Тбилиси, Алматы, Ашхабад сыяктуу ири шаарларда жүз миңдеген театр сүйүүчүлөрдүн жүрөгүн багындырды. Театрдагы дөө-шаалардын бири, актёр, Кыргыз Республикасынын Эл артисти Рашбек Асановду кепке тарттык. Театрдын жаралышы жана дүңгүрөгөн учуру, Кыргыздын залкар актёр-актрисалары менен чогуу окуп, иштеген күндөрүн айтып берди.

“Москвадагы окуу жайды титиретип турдук”

– Кичи мекеним Чүйдүн Жайыл району, Малтабар айылы. Учурда 73 жаштамын. Өмүрүмдүн 50 жылы сахнада өттү. Мен иштеген Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрына да быйыл 50 жыл толду. Аталган театр ачылгандан бери иштеп келе жатам.

Эмгек жолум кантип башталды? 1967-жылы Москвадагы Луначарский атындагы театралдык искусство институтуна тапшырып, өтүп кеттим. Кыргызстандык 24 студент 5 жыл 1 тайпада окудук. Алардын арасында Марат Алышпаев, Дүйшөнбек Байдөбөтов, Гүлайым Каниметова, Гүлсара Ажыбекова, Назира Мамбетова, Муканбет Токтобаев бар эле. Марат 5 жыл тайпанын старостасы болуп турду. Тартипке катуу, жооптуу, активист, иштерман, колунан келген жардамын аябаган жан эле. Дүйшөн баарын жүрөгү менен кабыл алган сезимтал, боорукер, кичи пейил болчу. Жатаканада Дүйшөн экөөбүз 5 жыл чогуу жашадык. Мага окуудан көп жардам берди. Муканбет тамашакөй, чукугандай сөз таап, чымчып сүйлөгөн жигит болчу. Обончулук да жөндөмү болгондуктан студент кезде 7-8 обон жаратты. Гүлайымды “сахнанын ханышасы” дечүбүз. Дикциясы укмуш болчу, образдарды дасыккан артисттердей аткарчу. Гүлсара акыл-эстүү, токтоо, жароокер, таланттуу кыз эле. 5 жыл бою биздин тайпа окуу, спорт, бий, вокал, актёрлук чеберчилик, дегеле бардык жагынан эң алдыда жүрдү. Мисалы, Марат баскетбол, Дүйшөн волейбол, Гүлсара стол тенниси, мен болсо сууда сүзүү боюнча иституттун чемпиону элек.

Институтка сырттан делегация келеби же коомдук иш-чара уюштурулабы, айтор, биздин тайпа спектаклдерден үзүндү коюп берчүбүз. Бардык жагынан мыкты болгондуктан тайпа “легендарлуу кыргыз студиясы” деген атка конуп, окууну бүткүчө институтту титиретип турдук. Ар кимибиз студиянын намысын коргоого тырышчубуз. Марат Алышпаев менен Гүлсара Ажибекова окуу жайды кызыл диплом менен бүтүштү.

Окуу жайды аяктаган соң Фрунзеге 7 дипломдук спектакль менен келип, элге чыгармачылык отчёт бердик. Ошондо эл “буга чейин мындай болгон эмес, бул сенсация!” деп мактап, Кыргызстанга дүң болдук.

“Театрды биз түптөп, биз атактуу кылдык”

– Биз окууну бүтүп келген учурда Султан Ибраимов компартиянын Ош облустук комитетинин 1-катчысы болуп иштеп турган кез эле. Ошко драма театрды ошол киши курдурду, анан бизди – “легендарлуу кыргыз студиясын” ошол жерге иштегени жөнөтүштү. 1972-жылы 24-ноябрда Аалы Токомбаевдин “Күндүн чыгышы” чыгармасы менен театрдын ачылышын өткөрдүк. Маданиятка суусап турган Ош жергесине бул чоң жаңылык эле. Алышпаев, Байдөбөтөв, Каниметова, Токтобаев, Мамбетова жана башкалар болуп 1972-жылдан 1990-жылдарга чейин чогуу иштедик, театрдын атын чыгардык. Союз урагандан кийин ар кимибиз ар жакка тарап кеттик.

Ошол жылдары 100дөн ашык спектакль койдук. Арасында “Текшерүүчү”, “Гамлет”, “Отелло”, “Фудзиямада кадыр түн”, “Кожожаш”, “Ак мөөр” жана башкалар бар эле. Режиссёрубуз Искен Рыскулов агай театрды эң жогорку деңгээлге көтөрө алды. Ошентип биздин тайпа учурунда Москваны титиретсек, 1972-1990-жылдары Ош эле эмес, бүтүндөй Кыргызстанды титиретип турду.

“Театрга Султан Ибраимовдун атынын коюлушуна салымым бар”

– 1997-жылы Султан Ибраимовду эскерүү катары “Эрте өчкөн жылдыз” спектакли коюлмак болду. Улуу инсандын образын жаратуу милдети мага жүктөлүп, 2 ай репетиция кылдык. Башкы роль болгондуктан Султан Ибраимов тууралуу көп маалыматтарды окуп чыктым. Бир топ райондорду кыдырып агайды жакшы билген адамдар менен сүйлөштүм. Анын жубайы Рева эже менен да жолугуп, улуу ишмердин баскан-турганы, мүнөзүнөн бери сурап билдим. Булардын баары образ жаратууда мага жардам берди. Ошентип, 1997-жылы 23-февралда “Эрте өчкөн жылдыз” спектаклин койдук. Зал толо, орун жоктугунан туруп көргөндөр көп болду. Султан Ибраимов менен бирге иштешкендер, туугандары бүт келишти. Алардын алдында улуу инсандын ролун ойноо кыйын экен. Ошентсе да образга дароо эле кирип кеттим. Спектакль бүткөн соң интеллигенция өкүлдөрү, Ибраимовдун туугандары сахнага чыгып куттуктап, ыраазычылык айтып жатышты.

Ошондо белгилүү ардагер Абдиваит Тажибаев сахнага чыгып “биз суу сактагыч, көчөлөргө ар кимдин атын берип жатабыз. Ушул театрды курууда Султан Ибраимовдун салымы чоң, театрга атын берели” деп калды. Ошентип театрага ысым ыйгарылды. Буга мен жараткан образ салым кошту.

Быйыл театрыбыз 50 жашка чыкты. Биз, улуу муундагы театр ишмерлери жаштарга жол көрсөтүп, тажрыйбабызды үйрөтүп келе жатабыз.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1039, 4-10-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан