ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 14-ноябрдан 20-ноябрга чейин

КОЙ (21.03-20.04)

Өз кызыкчылыктарыңызды коргоодо туруктуулукту жана кайраттуулукту көрсөтө аласыз. Майрамдарга же коомдук иш-чараларга катышууга сунуштар көп түшөт. Үйдө тиричилик буюмуңуз бузулса, өз алдыңызча оңдоого аракет кылбаңыз, жаракат алуу коркунучу бар. Саякат үчүн ыңгайлуу убакыт эмес. Унаа башкаргандар жол эрежесин бузбаганга аракет кылганы жакшы, антпесе айып пул төлөп, атүгүл айдоочулук укуктан ажырашы мүмкүн.


БУКАЧАР (21.04-20.05)

Аптада букачар мырзалар жубайы менен талашып-тартышуудан оолак болгону туура. Өткөн окуяны чукуп көңүл оорутуудан пайда таппайсыз, таарынычтарды унутуп, азыркы жагдайга көңүл буруңуз. Достор менен жумшак мамиледе болуп, эч кимге сын айтпаганга аракет кылыңыз. Олуттуу мамиле издеп жүргөн букачарлар күтө туруңуз, жакын арада сөзсүз күткөн адамыңызды жолуктурасыз. Бирөөнүн сырын кокусунан айтып алып көпкө убайым тартышыңыз мүмкүн.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)

Ашыкча оор жумуштан качып, ден соолугуңузга аяр мамиле кылыңыз. Апта ортосунда үй-бүлөлүк мамилелер начарлашы мүмкүн, жакшысы түгөйүңүз кайда, эмне кылып жүргөнүн тескеп сурай бербегениңиз туура. Ишенбестик никедеги жакшы мамилелерге тоскоол болот. Соода менен алектенгендердин иши жакшырып, бизнесин кеңейте алышат. Экстремалдык спортту сүйүүчүлөр жаракат алуудан абайлашы зарыл.


БӨЙӨН (22.06-22.07)

Сырткы келбетин өзгөртүүнү каалап жүргөн айымдар пландарыңызды кийинкиге жылдырып турганыңыз жакшы. Чачыңызды кыркып, боёп, стилиңизди өзгөртүү аракетиңиздин да ийгиликтүү болушу күмөн. Үй-бүлөлүк мамилелер бекемделет, жан шеригиңиз менен чогуу эс алууга ыңгайлуу учур. Апта ортосунда ден соолугуңуз өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Спирт ичимдиктерин ичүүдөн баш тартыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

Буга чейин пландалган иштерди гана жасаңыз, жакшы натыйжа берет. Алыскы шаардан же айылдан туугандарыңыз конокко келиши күтүлөт. Бойдокторго жаңы романтикалык мамилени баштоого мыкты жагдай түзүлөт. Үй-бүлөлүү айымдар түгөйүн кызганып, күйөөсүнөн көп көңүл бурууну талап кылып башташат. Күтө туруңуз, бардык нерсе убактысы менен болот. Аптада мамилесин алыс аралык бөлүп турган сүйүшкөндөр табышып бирге болушат.


БИЙКЕЧ (24.08-23.09)

Адамдар менен тил табышууда кыйынчылыктарга жана тоскоолдуктарга кабылышыңыз мүмкүн. Күнөөнү эч кимден издебеңиз, болгону сиздин жан дүйнөңүздүн абалы учурда жаңыланууда, башка нерсени каалап турат. Көптөн бери сүйлөшө элек адамдар менен байланышты жаңыртуу мүмкүн. Дем алыш күндөрү никедеги жылуу мамилелерди калыбына келтирүүгө ыңгайлуу. Бул күндөрү түгөйүңүз же жубайыңыз менен концертке же театрга барууну пландаштырсаңыз болот.


ТАРАЗА (24.09-23.10)

Аптада каржылык каатчылыкка кептелишиңиз мүмкүн. Бул нерсени жакыныңызга кымбат баалуу белек сатып берип же 1-2 жылдан бери чогулган карыздарыңызды бергенден кийин сезесиз. Жаңы таанышуулар үчүн ыңгайсыз учур. Алыскы туугандар менен түшүнбөстүк орун алып, келишпестикти жөнгө салууга ата-энеңиз аралашышы ыктымал. Дем алыш күндөрү үйдөгү тартипти калыбына келтирүүгө, эмеректерди оңдоп, иреттөөгө ыңгайлуу.


ЧАЯН (24.10-22.11)

Кандайдыр бир нерсеге болгон мамилеңизди кайра карап чыгууга убакыт келди. Материалдык көйгөйлөр чыңалып, аны тезирээк чечүүгө аракет кыласыз. Кымбат буюмдарыңызга сак болуңуз, аны жоготуп зыянга учурап калышыңыз мүмкүн. Мурда интернет аркылуу гана сүйлөшкөн адам менен жолугушууну пландаштырсаңыз болот. Жакындарыңызга белекке көп акча коротпоңуз, алардын табитине туура келбеген белек тандап алып, алар жактырбай коюшу мүмкүн.


ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Аптада жаачыларда сүйүктүүсүнүн чынчылдыгынан шектенген жагдайлар жаралат. Кандайдыр бир чара көрүүдөн мурун ичиңиздеги күмөн ойлордун чын-бышыгына жетиш үчүн сүйүктүүңүз менен кенен отуруп сүйлөшүңүз. Жакындарды, ата-энеңизди “мени колдобойсуңар” деп айыпташыңыз мүмкүн, бирок ата-энеңиздин пикирине деле кулак салып көрүшүңүз керек, балким, сиз баштаган иш чын эле чийкидир.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)

Идеяңызды ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк бар, ал демилгеңизди каржы жагынан колдойм дегендер да табылат. Жаңычылдыкка умтулуп тил өздөштүрүүнү, жаңы өлкөлөрдү көрүүнү каалаган текечерлердин иши алдыга жылат. Жеке жашооңузда баары бир нукта кетет. Бирөөнү айыптоодон этият болуңуз, сиз күнөөлүү деп эсептеген адамдын күнөөсү жок болуп чыгышы мүмкүн.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Кесиптешиңиздин бири менен атаандашып ортоңорду кара мышык аралайт. Документ иштерине байланыштуу маселелериңизди бүтүрүп алсаңыз болот. Досторго карыз берүү сунушталбайт, бирок баш тартканда да сылык себеп тапканыңыз туура. Болбосо алар менен мамилеңиз начарлап кетет. Келбетин калыбына келтирүүнү каалагандар машыгуу залына барып аракетти баштай бергени оң.


БАЛЫК (20.02-20.03

Жумушта өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Мисалы, жетекчилер алмашып, келечектеги карьераңызга терс таасирин тийгизет деген кооптонуу жаралат. Дем алыш күндөрү кээ бир көксөгөн каалоолор өзүнөн-өзү ишке ашат. Достор менен баарлашууга көбүрөөк убакыт бөлүү сунушталат, алар сизге чыныгы колдоо көрсөтө алышат. Коркоктугуңуздан улам абдан кирешелүү сунуштан баш тартып аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан