Түмөнбай Колдошов, обончу, аткаруучу: «ЭЛГЕ МЕН ЭМЕС, ЫРЛАРЫМ ТААНЫЛСЫН»

Белгилүү обончу, аткаруучу Түмөнбай Колдошовдун маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалганына 2 айдын жүзү болду. Маегибиз ушул жаңы кызматы, жоопкерчилик, чыгармачылыгы тууралуу болду.

– Саламатсызбы, Түмөнбай мырза? Министрге орун басар болгонуңузга 2 ай болуп калыптыр. Иштериңиз жакшыбы?

– Жакшы. Жасап жүргөн жумуш. Буга чейин билим берүү тармагында жүргөн болсом, эми мамлекеттик иште өзүмдү сынап көрөйүн деп жатам. Жумуштун жеңили жок. Бардык нерсенин кыйынчылыгы бар, жеңил жашоонун да жолдору бар. Болгону адам жашаганды да, иштегенди да билиши керек.

– Министрдин орун басары кызматына чакырышканда кандай кабыл алдыңыз?

– Сунушталганда күчүмдү сынап көрүүгө макул болдум. Анткени өзүбүздү жаш сезгенибиз менен, биз деле орто муундун өкүлү болуп калдык. Иштей турган мезгилибиз. Жыйынтык көрсөтө турган курактабыз.

– Кандай иштерди жасоого бел байлап турасыз?

– Жумуш бүгүн бар да, эртең жок. Мамлекеттик кызматтын табияты ошондой. Кудай канча убакыт буюрган болсо, ошончо иштейли. Албетте, жакшы иштеп жыйынтык көрсөтүп кетсек деген максат бар. Министр да жаңы дайындалды, мен да жаңы. Башка орун басарлар, ар бир түзүмдүн жетекчилери биргелешип иштеп, Маданият министрлигине тиешелүү иш-аракеттерге жаңыланууларды киргизели деп турабыз. Жакынкы күндөрү министр жасала турган иштер боюнча коомчулукка маалымат берет. Мисалы, бизде китепканаларды электрондоштуруу боюнча нечен жылдан бери аягына чыкпаган иш бар. Мен билим берүү тармагынан келдим да. Маданият тармагындагы консерватория, университет, орто окуу жайлар, атайын окуу жайлар, музыкалык жана көркөм өнөр мектептери бар. Ошолордун жалпы билим берүү стандарты бекитилген эмес экен. Билим берүү министрлиги менен сүйлөшүп бекители деп жатабыз. Бирдей тартипке келтириш керек. Ар ким өз билгенин жасай бербеши зарыл. Министрлик баарын көзөмөлгө алат, буюрса. Театрлардын, филармониялардын репертуарларында классикалык жана улуттук нукка басым жасашыбыз кажет. Музейлерди пропагандалоо боюнча да маселебиз бар. Анткени музейлерге элдин келиши сейрек. Аймактардагы маданият бөлүмдөрүнүн ишин жакшыртуу иштери да турат. Мамлекет бизге айлыкты жогорулатып, шарт түзүп жатат. Эми кезек бизде, биз да жыйынтык көрсөтүүгө тийишпиз.

– Сырттан “бул министр иштебей жатат” деп көп сындалат эмеспи. Ичтен караганда баары башкача көрүнөбү?

– Мамлекет үйгө окшош нерсе, министрлик деле ошол. Үйдө сарамжалдуулук болушу керек. Эс алганга, тамактанганга, жумуш жасаганга шарт түзүлүшү зарыл, жагымдуу аура болушу шарт. Үй чачылган болсо кимдир бирөө жыйнап, тартипке келтирет. Бирок ошол иш-аракеттерди жасаш үчүн убакыт талап кылынат.

– Сизде деле министрликтин иши купулуңузга толбой, сындаган учурлар болчу беле?

– Эсимде жок. Бирок сын айткандарга терикпейбиз, сын айтыла берсин. Кемчилигибиз болсо оңдошубуз керек. Сын болбосо бир тараптуу өскөн даракка окшоп калабыз. Өнүгүү үчүн коомдук пикир өтө маанилүү. Биротоло тебелеп кетпей, сунуштарын кошо айтып жол көрсөтүшсө андан жакшы. Мурда “ушуну кылса болот эле” деп жүргөн нерселер болсо, Кудай “мына, жаса” деп берип койду. Эми жасашыбыз керек.

– Мисалы, эмнени өзгөртсө дечү элеңиз?

– Той-тамаша, концерттик программаларга өзгөртүү киргизгим келет. Биз иш кылбай эле сыйлык ала бергенди жакшы көрөбүз. Ушул жаатта бир топ жыйынтыкталган сунуштарды беребиз деп ойлойм.

– Жоопкерчиликтүү кызматтасыз, протоколдук милдеттер, документ иштери чарчатат. Чыгармачылык менен алектенүүгө убакыт таап жатасызбы?

– Буга чейин деле чыгармачылыгым педагогикалык ишмердүүлүгүм менен чогуу келген. Мындан кийин деле чогуу кете берет деп үмүт кылам жана ишенем. Мен шоу-бизнестин өкүлдөрүндөй болуп эч жерде иштебей, эртеден кечке эс алып, кечинде тойго барып коюп жашаган жокмун да. Ушул күнгө чейин мугалим болуп мектепте, колледжде, университетте иштедим. Кол бошогон кезде чыгармачылык улана берет. Айына ыр чыгарып турушум керек деп бирөөдөн милдеттенме алган эмесмин. Качан эргүү келсе, жакшы поэзия тапсам ыр жарата берем. Жумуштан кийин алектенсем да болот. Аккордеонум жанымда, фортепиано жанымда. Каалоо болсо эле жетет.

– Азыр кандай аракет болуп жатат?

– Азыр аракет жок. Себеби текст жок. Жакшы текст тапсам гана обон жазууга киришем.

– Сиз Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжин жетектеп турганда бир маселе боюнча кылмыш иши ачылганы кабарланды эле. Ушул окуянын аягы эмне болуп бүттү?

– Тергөө жыйынтыкталган. Мурдагы эсепчибиз издөөдө болчу, табылдыбы билбейм, кызыккан жокмун. Ал укук коргоо органдарынын иши. Ал ишке менин моралдык жоопкерчилигимден башка тиешем жок. Анткени эсепчи директордун уруксаты жок өзүнө, окуу жайга такыр тиешеси жок 3 адамга акча которуп жүрүптүр. Мен билсем, көрсөм кантип андай ишке уруксат берейин?.. Менин кабарым жок болуп калган.

– Амбициялуусузбу?

– Ооба. Адамдын ичинде “мен” болбосо ал чыгармачыл адам болбойт. “Мени” болбосо чыгармачыл адам катары өзүн таба албайт.

– Канчалык бийиктикке чыккыңыз келет?

– Мен жакшы чыгарма жазууну ниет кылам, ошого умтулам. Кызматты бийиктик деп эсептебейм. Ал бүгүн үчүн маанилүү, эртең үчүн маанилүү эмес, чыгармачылык эртең үчүн да маанилүү.

– Башка ырчылар Азияга, дүйнөгө таанылгым келет дешчү...

– Ниеттерине жетишсин. Мен таанылганга эмес, жакшы чыгарма жаратууга умтулам. Таанылыштын миллион жолу бар. Таанылганда эмне өзгөрөт? Ага караганда жакшы чыгарма жаратып, аны элге тартуулоо маанилүү.

– Көбүрөөк таанымал болсоңуз, ырларыңызды ошончо көп адамдар угат да...

– Деп ойлойсуз? Таанымал болуп алып чыгарма жараткан жакшыбы же таанымал чыгарманы жаратып коюп белгисиз жүргөн жакшыбы? Менин ырларым элдик ырга айланып кетсе, кандай бактылуумун?! Дүйнөнү дүңгүрөтүп, Азияга таанылган кайсы ырчыбыз бар да, кайсы ыры менен эсибизде калды? Бүгүн Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай деген ысымдар Борбор Азия эмес, Евразияда дүңгүрөп жатат. Алар жакшы чыгармасы үчүн Казаков, Абдыкадыров болуп жатат. Дөңгө чыгып кыйкырсам эле дүйнөгө таанылып кетем деген туура эмес. Таанылыш үчүн данек болуш керек. Узакка ыргытыш үчүн колуңда жок дегенде таш болушу керек да. Алмабы, алмурутпу же таш ыргыттыңбы, маселе ошондо.

– Жакшы. Ниеттериңизге жетиңиз. Маегиңизге рахмат!

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан