10-ноябрда президент Садыр
Жапаров Өзбекстанга учуп кетти. Саммитте өлкө президенттери уюмдун 2022-2026-жылдарга карата декларациясын жана стратегиясын бекитишет. Чөлкөмдөгү жана эл аралык аренадагы саясий окуялар талкууланып, экономика, бажы, транспорт жана соода тармагында документтерди карап, бир катар чечимдерди кабыл алышары күтүлүүдө. “Түрк цивилизациясынын жаңы доору: жалпы өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолуна карай” деген темада атайын талкуу болору да айтылды.
Аягында уюмга төрагалык кылуу Түркиядан Өзбекстанга өткөрүлөт.
Айта кетсек, Түрк мамлекеттери уюмуна Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Түркия жана Өзбекстан мүчө. Түркмөнстан менен Венгрия уюмга байкоочу статусунда. Венгриядан саммитке өлкөнүн премьер-министри, Түркмөнстандан парламентинин төрагасы катышмакчы.