КАПКАН (бакыт издеп түгөнгүс түйшүккө кабылган аялзатынын турмушу чагылдырылган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

Айсара кризистик борборго баш калкалаганы келген кыз-келиндердин тагдырын уга берип кадимкидей өзгөрдү. Мурда акчасына, байлыгына кызыгып Тимурга баш кошуп алган болсо, эми турмушка абдан олуттуу карап, үй-бүлөлүк мамилени бекем сактоо үчүн умтулуп калды. Анын токтолгонун, жакшы тарапка өзгөргөнүн Тимур дагы байкабай койгон жок. Экөөнүн ортосундагы сый-урмат күндөн-күнгө күчөп жатты.

ххх

– Алло, саламатсызбы?- кезектеги дагы бир чалууну Айсара өзү кабыл алды.

– Саламатчылык, аялдарга колдоо көрсөтүү борбору, атым Айсара, сизди угуп жатабыз. Бизден кандай жардам керек?- кыздын жагымдуу үнү Карлыгачтын жүрөгүн жибитти.

– Москвадан Бишкекке бара жаттым эле, кош бойлуумун. Бир аз убакытка сиздерде баш калкалай турсам болобу?

– Албетте,- деди Айсара. Аялдын кыйналып сүйлөп жатканын байкап ага суроо бергиси келген жок.

– Мен сизди каттап койдум, Бишкекке келгенде байланышсаңыз болот. Сизди тосуп алабыз.

Муну уккан Карлыгачтын көңүлү жайлана түштү. Бишкекке барганда кайда баш калкалайм деген көйгөйү чечилди. Көп узабай Карлыгач Бишкекке келип, дароо Айсара жетектеген борборду көздөй жөнөдү. Карлыгачты Айсара өзү тосуп алды. Кош бойлуу аялды жакшы шарты бар, тынч бөлмөлөрдүн бирине жайгаштырды. Бул күнү жол жүрүп келген айымдын тынчын алган жок. Бирок сулуу, чырайлуу бул аялды кайсы тагдыр бул жерге алып келгенине кызыкпай коё албайт эле.

Эртеси атайын бөлмөгө чакан дасторкон даярдап Карлыгачты кепке тартты. Карлыгач басып өткөн тагдырын баяндап отурду. Анын көзүнөн өкүнүч, кайгы-муң Айсарага даана көрүнүп турду. Ушул учурда Вотсапка Мараттын жеңеси Гүлзададан билдирүү келип түштү. “Карлыгач, Мараттан айрылып калдык. Балдар менин колумда. Туура көрсөң өзүң карап-өстүр. Алып кетем десең шаардагы улуу агабыздын алдынан өт. Баарын ошол чечерин билесиң да...” деп жазыптыр. Карлыгач үн-сөзсүз, өңү бозоруп дендароо болуп катып калды. Анын абалын көргөн Айсара ага стаканга суу алып келип бере калды.

– Эмне болду, жакшы элеби баары?

– Мурунку жолдошум каза болуп калыптыр, балдарымдын атасы,- көзүнөн жаштар сызылып жатты...

ххх

Карлыгач төрөп калсам эки жакка чыга албай калбайын, балдарымды бир көрүп алайын деп ойлонуп, кечирим суроо үчүн Мараттын Бишкектеги агасынын үйүн көздөй жөнөдү. Дарбазанын жанында эшикти ачууга даабай бир топко турду. Акыры болгон күчүн топтоп, дарбазаны каккылады. Мараттын агасы өзү чыкты эшикке. Карлыгачтын үнү буулуп, сүйлөй албай апкаарып турганын көргөн киши “кир ичкери” деп дарбазаны ачып, үйгө кол жаңсады.

– Ат айланып казыгын табат деген учур келген бейм, бирок кеч...- деди Мараттын агасы.

Карлыгач “жаңылдым, азгырылдым” деп шолоктоп ыйлап бардык жагдайды төкпөй-чачпай айтып берди. Анын ишенгени ушул киши эле. Бул кишинин айтканын бардык туугандары кың дебей угушарын Карлыгач жакшы билет. Ал киши да маңдайында отурган кош бойлуу Карлыгачты аядыбы, айтор, катуу сүйлөгөн жок.

– Ээ, балам, сен деле жыргал күндү көрбөптүрсүң,- абышка көз кыйыгы менен Карлыгачка карады.

– Эки уулуң турат. Алар жетимсиреп ар кимдин колунда өсмөк беле? Сен энесисиң, буларга сенчелик эч ким күйбөйт. Марат болсо эми жок, Айнаш жеңем дагы өтүп кеткен. Буларга жөлөк болор эч ким жок. Шаардагы үйүңөр ижарага берилген. Балдарың менен ошол үйгө барып жаша.

– Туугандар... - Карлыгач абышканы карап калды.

– Туугандар жаман көрүшөт, билем. А сен мен эмне десем ошону аткар, балам, калганын өзүм жайгарам.

– Ыраазымын сизге, рахмат, ага,- деген Карлыгач көз жашын тыя албай чөгөлөгөн абалда карыянын маңдайына отура калды.

– Тур, балам, турагой. Жашоодо жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк барбы? Жаштыкка салып баарыбыз жаңылабыз. Андан көрө мындан ары балдарыңа тирек бол. Аталаштан алтоо болгончо, энелештен экөө болгон жакшы деп коёт. Алдагы курсагыңдагы чүрпөнү аман-эсен жарыкка алып келип ал,- деген карыя ак тилегин айтып Карлыгачты узатты. Эртеси ижарага берилген үйүн бошотуп, айылдан уулдарын алдырып Карлыгачты үйүнө киргизип келди. Айрым туугандары каршы болду эле, аларга “силер киришпегиле, ушул күнгө чейин тиги эки баланын, Мараттын абалын бир сурап басып бардыңарбы, барган жоксуңар. Мындан ары дагы аларды силер карабайсыңар, ошон үчүн киришпегиле” деп ооздорун жапты.

– Апа-а-а-а,- улуу баласы Карлыгачка чуркап жетип келди. Бир топко кучактап коё бербей турду.

– Кетпечи, апа, эми бизди таштап кетпечи,- деп өксүк-ый аралаш сүйлөп жатты бала. Кичинекейи дулдуюп, ыйлап жаткан байкесин бир карап, Карлыгачты бир карап коюп тура берди.

– Кетпейм, балам, кетпейм,- Карлыгач балдарын кучактап алмак-салмак бооруна кысып жатты.

ххх

“Эх, балдарым, силер турганда жиндидей болуп бакытты кайдан издедим? Силерди кайра колума берген Кудайга ыраазымын” деген Карлыгач үйдө мотурайып уктап жаткан балдарын тиктеп бакытка бөлөнүп отурду. Ошентсе да бир маалда көңүлүнүн түпкүрүндө бир боштук тыз этти. Үйдүн ар бир бурчу Маратты эске салып жатты. Жашоодогу жаңылыштыгы үчүн ичтен сызды, ыйлады, арман кылды. Эми кеч, өкүнүчү өзөктү өрттөп, көз жашы жүзүн канча жууса дагы жаза баскан кадамдарынын изин жууй албасы белгилүү. Капкандын тагын кетириш кыйын. Карлыгачтын жан дүйнөсүн, балким, убакыт гана дарылар...

Аягы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан