ТӨКМӨ АКЫН БОЛОТ НАЗАРОВДУ КАЙСЫ ЖЫЛКЫ ТЕПТИ?

9-ноябрда Чүй облустук милициясы “төкмө акын Болот Назаров ат уурдоого шектелип кармалды” деп маалымат таратты. Акын өзү “мен ат уурдачу кишиминби” деп окуя башкача болгонун айтып жатат. Ушул окуяда эки тараптын пикирин сурадык.

Чүй ОИИББи: “Атты сүрөткө түшүү үчүн сурап алып качып кеткен”

– 7-ноябрь күнү Чүйдүн Беловодское айылынын тургуну М.И. милицияга арыз менен кайрылган. Ал 7-ноябрь күнү Москва районунун Чоң-Арык айылына жакын жерден белгисиз эркек киши өспүрүм баласы, 2008-жылы туулган М.Юдан минип жүргөн айгырды сүрөткө түшүү үчүн сурап алып, мингенден кийин баласына күч колдонуп, качып кеткенин айтып, чара көрүүнү суранган. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесинин (каракчылык) негизинде Москва райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголгон. 9-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү 1993-жылы туулган Н.Б. (ред.: Болот Назаров) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бакыт Афтандил, жактоочу: “Болот мага ат мингизишти деп ойлоп алган”

– Окуя мындай болгон: Болот Беловодское айылына Нурдин деген кишинин чакыруусу менен тойго ырдаганы барат. Чоң той болгондуктан улак тартыш да болот. Болоттун жубайынын айтымында, ал “тойго барам, ал жактан мага ат мингизишет. Андан ары айтышка барам” деп кеткен экен. Демек, Болот тойдон ага ат мингизишерин алдын ала билген. Акын тойго барып ырдап, талаада улак тартышта жүргөндө жанындагылар бир аз ичирип коюшат, кызуу болуп калат. Анан ошол жактагы адамдар астына ат тартып мингизишиптир. Аны Болот мага мингизди деп ойлоп алган. Атты чаап кетип ошол айылдагы эт бышырган үйдө карап жүргөн. Бул жерде Болот эмес, ага ат мингизгендер күнөөлүү. Анткени алар ошол улак тартышка келген 14 жаштагы баланын атын алып келип эле Болотту мингизип коюшкан. Өспүрүм бала ата-энесинен сурабай эле улакка кеткен экен. Үйүнө аты жок баргандан коркот. Кечке издешет, эртеси Болоттун ат минип жүргөнүн көргөн кишилер “бул атты ээси издеп жүрөт” дешкенде Болот атты дароо ээсине алып барып бериптир.

Атын жоготуп арызданган тарап аты табылганына сүйүнүшүп, тескерисинче, Болотко алкыш айтып ыраазычылыгын билдиришти, эч кандай дообуз жок дешкен. Сот учурунда жабырлануучу тарапка психологиялык басым жасалды, ага карабай атын жоготкон бала Болот Назаровго эч кандай доосу жок экенин айтып, аны камактан бошотууну суранды. Тергөөчү соттон Болотту эки айга камакка алууну өтүндү. Сот биздин жүйөлөрдү эске албастан Болотту бир айга камоо чечимин чыгарды. Аны камоого мыйзамдуу негиздер болгон эмес. Назаров – белгилүү төкмө акын, туруктуу жашаган жери бар, үй-бүлөнүн жалгыз багуучусу. Анын үстүнө арыз ээси сотко өзү келип, соттон аны камакка албоону суранды, бул сот үчүн жетиштүү болушу керек эле. Аны эч жакка кетпөө тил каты менен үй камагына чыгарып койсо деле болмок. Болбогон окуядан чоң кылмыш ишин токуп, окуяны такыр башка өңүткө бурууга кызыкдар адамдар болуп жатат деп ойлойбуз.

9-ноябрда сот отурумунун алдында Болот Назаровдун билдирүүсү: “Мен бирөөнүн атын уурдап кетчү адамга окшошмунбу?”

– Атты мага тойдо эл мингизген. Мага мингизди го деп эле чаап кеткен элем. Эртеси “бул атты издеп жүрүшпөйбү” дешкенде эле “апей кокуй, берейин анда” деп ээсин издеп атын тапшырдым. Баланы камчы менен чапкан дегени жалган, себеби биз аттын ээси болгон бала менен жолугуп, жакшы эле сүйлөшүп отурганбыз. Ал “байке атым сизди көргөндө көздөрү күйүп-жанып кетти. Күлүк таптагандын сырларын үйрөтүңүз” деп да кеңеш сураган. Кийин эле милиция кызматкерлери мага каршы арыз жаздыртып салышыптыр. Тосмо арыз жазып берем деп жаткан, укук коргоо органынын кызматкерлери ары алып барып такаладыбы, айтор, келип эле кайра тосмо арыз жазбайм деп калыптыр. Эми, элестеткиле, мен бирөөнүн атын уурдап кетчү адамга окшошмунбу? Бөлөк бирөө уурдаса мейли, мени оңой эле таап алышат го дейм.Мурунку кылмыш ишин козгогондо да “подстава” кылышкан эле, бул жолкусунда ушундай шылдың иш менен “подстава” кылып жатышат. Баарына ыйман, нысап берсин. Чындык баары бир жеңерине ишенем.

Кубаныч Ажыбаев, ырчы: “Болот Назаровду тойго мен чакырган эмесмин”

“Кармалган Болот Назаровду тойго Кубаныч Ажыбаев чакырып, эми үндөбөй отурат” деген пикирлерди угуп жиним келип жатат. Мени ал тойго ырдап бер деп Тагай деген байке чакырган. Мен ошол күнү Кочкорго тойго кетмекмин, барсам улак тартыш баштала элек экен. Эртерээк ырдап алып кете берейин деп жөнөп жатканда тамакка кир дешти, кирсем ал жерде Болот Назаров да отуруптур. Ал мени узатып эшикке чыкты. Бир маалда “чучук ооз тийгиле” деп чакырып калышты. Эт бышкан казандын башына барып чучук ооз тийдик да мен кеттим, Болот ошол жерде калган. Болду, ошол боюнча көргөн жокмун. Мага жалаа жаап жатышат.

Төкмө акындын кесиптештери эмне дейт?

Төкмө акындын кармалышы боюнча айрым кесиптештери, сахналаштары пикир билдиришти. Устаты, белгилүү төкмө Амантай Кутманалиев “кырсыктан алыс эле болчу, айланайын” деп 4 сап ыр арнады:

Мыйзамың бар, элиң бар,

Мындан не башка демиң бар.

Баарысын калыс эл чечет,

Башка мен эмне дегим бар.

Парламент депутаты, акын Мирлан Самыйкожо “бул иштин артында бийлик турат” деген пикирлерге макул эместигин билдирди.

– Болот инибиз эргип кетиптир.

Аргымак кыргыз жигитинин канын дүргүтүп, канат болуп калат да. “Тойдо кыз жоголот” деген сөз сыңарындай эле болуптур. Уурдай качыптыр дегенге болбойт.

Бирок “бийлик кылды” деп да билек түрүнүп алганыбыз чекилик. Жөн жерден куру доомат кылуу туура эмес. Бул оюбуз дагы Боке минген аргымактан күлүк болуп кетиптир. Ал эми Болоттун кылыгы деле чок баскандай чоң кылмыш эмес. Ар түрдүү бурмалабай чыгармачыл адамды туура түшүнүп коюңуздар,- деп жазды Самыйкожо өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Zarema11
2022-11-14 12:20:00
Лунара шашпай чыгаргылачы. Макаланар Пиримбердиев деген киши аралашып кетиптир казакча жазуу менен
0
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан