35 жаштагы келин: «ЭКИ КҮЙӨӨДӨН АЖЫРАШКАМ, ҮЧҮНЧҮСҮ АЛДАП КЕТТИ»

Каарманым ишенчээктиктин азабын тартып, турмушта бир эмес, үч жолу жаңылышканын айтат. Тагыраагы, 3 жолу турмушка чыгып, багы ачылган эмес. Учурда 2 кызы менен коомчулуктун жардамына муктаж. “Кыздарымдын тагдыры да меникиндей болуп калбаса экен деп корком” дейт ал.

«Ачка калбаш үчүн машак тердик»

– Аты-жөнүм Каныгүл Мурасанова, 35 жаштамын. Кичи мекеним – Баткен облусунун Лейлек району. 6 жана 2,5 жашар 2 кызым бар. Буга чейин эки жолу турмушка чыгып, ажырашкам. Учурда үчүнчү күйөөмдөн кош бойлуумун. Үчүнчү күйөөм менен да жашабайм, учурда Бишкекте батирде турабыз. Түшүнүктүү болушу үчүн баарын башынан баяндап берейин.

Апамдын биринчи турмушунда балдары токтобой, бир кызы менен ажырашыптыр. Анан өзүнөн 20 жаш улуу менин атама үчүнчү аялы болуп турмушка чыгат. Атамдын биринчи аялынан 1 кызы, экинчи аялынан 3 уул, 3 кызы бар. Апам атама тийгенден кийин 3 балалуу болот: агам, мен жана сиңдим, мурунку турмушундагы кызын да колуна алат. 6 жашымда атамдын көзү өтүп кетти. Эжем мектепти бүткөн соң турмушка чыгып, үйдө байкем, мен, сиңдим, апам төртөөбүз калдык. Ошондо абдан кыйналып жашадык.

Союз ыдырап жашоо кыйындаган учур, апам сиңдим экөөбүздү эгин талаасына ээрчитип барчу. Комбайн чаап кеткен жерлерден машак терчүбүз. Ошентип буудай топтоп кургатып, сапырып, тазалап тегирменге алпарып тарттырып келчүбүз. Өрүк, буурчак терүү учурунда да жалданып иштеп, акча таап, кышка деп өзүбүз да өрүк кургатып, маш буурчак топтойт элек. Жалданма жумушчу катары талаада кетмен чапкан күндөрүбүз көп болду. Өзүбүзгө деп топтогон пахтаны тазалап берсек, апам андан жип ийрип, килем, таар согот эле.

«Эки күйөөдөн ажыраштым»

– Мектепте 9-класска чейин окудум. Анан тигүүчүлүктү үйрөнөйүн деп Исфана (ред.: азыркы Раззаков) шаарындагы №48 кесиптик лицейге тапшырып, бирок бүтүргөн жокмун. Алайга кетип, ал жакта таежемдин үй тиричилигине каралашып жүрдүм. Таежем “бул жактан мектепке окуталы” деди эле, макул болбодум. Кийин анын Лейлектеги, Бишкектеги ашканасында иштеп жүрдүм. Анан Москвага барып 6 жыл иштеп келдим. Москвада жүргөнүмдө сиңдим турмушка чыкты, байкем үйлөндү. 30 жашымда Москвадан келип турмушка чыктым. Кайненем баарына кийлигише бергендиктен 6 айлык боюмда бар кезде ажырашып төркүнүмө баса бердим. Ошол жактан төрөдүм. Апам оорукчан эле, 2-3 жылдан кийин көзү өтүп кетти.

Экинчи жолдошумду жеңем таап берген. “Жалгыз бала экен, үй-жайы бар” дегенинен кызым менен ар жерде темселебейин деп шашып эле ага турмушка чыгып алдым.

Ал күйөөм ичкиликке жакын чыкты, көп жашабай эле ажыраштык. Анан Кара-Балтада бир жакшы адамдардын үйүндө 3 жыл жашадым, ошол жерде жүрүп төрөдүм. Жашаган жерибиз, тамак-ашыбыз бекер болду. Ошол жактан кыздарыма жөлөк пул ала баштадым. Ал жерден кеткенден кийин бир кемпирдин үйүндө 3 ай жашадык. Жумушум жок, эки кызым кичине, тамак-аш, кийим-кечеден абдан кыйналдык. Анан Бишкектин Кызыл-Аскер аймагында тааныш эженин батирине көчтүм. Кыздарды бөлмөгө калтырып, жакын жердеги тигүү цехинде иштеп жүрдүм. Бир күнү кожойке “эми жаш балалууларды жашатпайм” деп кууп чыкты.

«Үчүнчү жолдошум алдап кетти»

– Учурда Бишкекте батирде жашап жатам. Мындан 2 ай мурун өзүмдөн 2 жаш кичүү кара-кулжалык жигитке баш кошком. Таанышканда ыймандуу, ичпеген адамдай көрүнгөн. Ал мага “Казакстанда ашпоз болуп иштейм, Бишкекке иштер менен келгем. Мурунку аялымдан 2 кызым бар. Апам ылайыктуу келин болсо үйлөн деген, сен түшүнүктүү жан экенсиң, сага үйлөнөм. Казакстанда иштеп, силерге акча салып турам. Акча чогултуп үй алабыз, сени таштап кетпейм” деген. Ушуларды айтса ишениптирмин. Кыздарым ага көнүп, ата деп калышкан эле. Бирок бизди апасына тааныштырган эмес. Казакстанга кетерден мурда өзү жашаган батирдеги төшөк, идиш-аягын бизге бердирип жибериптир.

Анын Казакстанга кеткенине 2 ай болду. Бир жолу телефондон сүйлөшкөндө “кайсы жерде иштейсиң, көрсөтчү?” десем көрсөтпөй койду. Бизди Казакстанга чакырды, билет алайын десем, ал үчүн кыздарыма паспорт алышым керек экен. Бул жакта каттоом жок үчүн паспорт ала албай калдым. Акыркы күндөрү “ал мени алдап кеткен окшойт” деп шекший баштадым. Кечээ жакында кош бойлуу экенимди билдим. Тааныш эжелер “2 ай эмес, азыр 15 жыл чогуу жашагандарга деле ишениш кыйын” дешти. Күйөөмө чалып “апаң, досуң, аяштарың менен тааныштыр, анан Казакстанга барайын” дедим. Ошондон кийин ал номерин өчүрүп, дайынсыз кетти. Бизди алдап чакырып, кулчулукка сатып жиберүүнү ойлогон окшойт, сыягы.

Курсактагы баланы төрөйүн деген оюм бар. Бойдон алдыруу адам өлтүрүү менен барабар дешет го, бул бала деле өз ырыскысы менен төрөлөр.

Өзүбүздүн үлүш жерибиз, үйүбүз жок. Баткендеги төркүндөрүм деле тажик тараптын улам кол салуусунан кыйналып жашап жатышат.

Жашоом ушинтип өтүүдө. Көп ооруйм, кызыл жүгүрүктөн жабыркайм, бөйрөгүм ооруйт. Кызыл жүгүрүккө 6 ай сайын дарыланып турушум керек эле, кайдан?.. Апамдын көзү тирүүсүндө 1 жолу дарылангам. Кыздарым ар кимдин эски же батпай калган кийимдерин кийип жүрүшөт.

Кыздарымдын тагдыры да меникиндей болуп калбаса экен деп корком. Урматтуу эл-журт, мага жардамга кол сунсаңыздар, жашоомду бир аз болсо да оңдоп, мүмкүн, үлүш жердүү болуп калармын деген оюм бар. Жер тилкеси болсо 1 бөлмө да болсо үй тургузуп алсам жакшы болот эле. Кыштан кантип чыгам деп да санаага түштүм.

Жардам берүү үчүн реквизиттер:

Элкарт: 9417 0394 4145 9472

Тел.: 0500 198703

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
my_Opinion
2022-11-14 10:13:00
Айткандарын байкап, анализдеп корсом, гуноонун баары озунуздо окшойтта! Убагында бир кайненеге баш ийип созуну угуп койгон жакшы беле деймда, чем ушунча азап тартып кыйналганда коро, 3 ээрге тийип! Чон айтканда угуп макул деш керекта, ошон учун. аны тарбиялуу, акылдуу адамдар жакшы билишет. Кайненем киришти депсиз, демек анын себеби барда ошон учун киришкендир кайненениз, сиз баарын так жакшы кылып атсаныз, киришпесе керек эле анчалык кайненениз. Ошон учун айтатда адам биринчи озун ондош керек
+1
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан