БИЛИП АЛ

Эң кымбат алманын 1 даанасы 21 доллар

Японияда 1971-жылы чыгарылган алманын Секай ши (Sekai-ichi) сортунун 1 даанасы 21 доллардын тегерегинде турат. “Секай ши” сөзүн япон тилинен которгондо “дүйнөдө номер биринчи” дегенди билдирет. Мындай аталыш алманын мөмөлөрү чоң, таттуу, ширелүү болгондуктан коюлган. Салмагы – 300-500 грамм, эң чоңдорунун салмагы 900 граммга чейин жетиши мүмкүн. Бул сортту япон селекционерлери алманын Ред Делишес жана Голден Делишес сортторун кайчылаштыруу аркылуу чыгарышкан. Эмне үчүн баасы кымбат? Анткени алмалар гүлдөгөн учурда аларды кичинекей атайын таякчалар менен чаңдаштырып чыгышат. Алма адатта октябрда бышат жана 3-4 ай муздаткычта сактоого болот.

Дарактар түндө эмне кылышат?

Дарактарда да башка өсүмдүктөр сыяктуу зат алмашуу жүрөрүн билесиз. Күндүз жалбырактарында фотосинтез активдүү жүргөндүктөн дарак көмүр кычкыл газы менен дем алып, кычкылтекти бөлүп чыгарып турат. Түнкүсүн фотосинтездин жүрүшү токтойт, буга байланыштуу кычкылтекти жутуп, көмүр кычкыл газын бөлүп чыгарууга өтөт. Дарактардын жалбырактарынан башка бөлүктөрүндө фотосинтез жүрбөгөндүктөн алар сутка бою кычкылтек менен дем алат. Кычкылтек тамырларына топурак аркылуу жетсе, сөңгөгүнө кабыктарындагы жаракалар, жалбырактарындагы ширелер аркылуу барат.

Театр кантип жаралган?

Байыркы эллиндердин (байыркы жана заманбап гректердин өздөрүн аташы) майрамдарынын көбү дыйканчылыктын Кудайларына арналып өткөрүлгөн. Алардын арасында өсүмдүктөр жана шарап жасоочулук Кудайы Дионис да бар. Анын урматына Грецияда 1 жылда 2 ирет музыка, ыр менен коштолгон майрам өткөрүлүп турган. Майрамда акындар арасында, хор ырдоо жаатында да мелдештер өткөрүлгөн. Күзгү майрам жүзүм жыйноо маалында белгиленген. Дионисти туураган актёр анын жашоосу тууралуу ырларды окуп, анан арт жакта турган скенге (чатырга) кирип кеткен. Сцена сөзү ошол сөздөн келип чыкканы айтылат. Элге мындай көңүлдүү майрамдар жагып, майрамды уюштуруучулар ырчы, бийчелерди да катарына кошо башташкан. Ошентип театр жаралган. Гректердин “theatron” сөзүн которгондо “тамаша, көрүнүш” деген маанини берет. Афиныда ошол кезде тургузулган театрга 17 миң адам сыйган. Башкача айтканда, Афины шаарынын тургундарынын жарымы баткан. Актёрлор үндү күчөтүүчү бет каптарды кийип ойношкон. Ошондуктан алардын үнү бийикте отургандарга да угулуп турган.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан