Голливудда таанылгысы келген ЧА ЫН У

Бул жигитти көргөндө сөзсүз “мынча сулуу...” деген ой келет, айрымдар чычалап негатив билдирүү да жазышары шексиз. Эч кандай пластикалык операциясы жок, табигый келишимдүү келбети Ли Дон Минге дүйнөгө таанылууга жол ачты. Азыр ал Ча Ын У ысымы менен көптөгөн өлкөлөргө ырчы, актёр, модель катары таанымал. 25 жаштагы жигиттин чыгармачыл чыйырына көз салдык.

Аты-жөнү: Ли Дон Мин

Псевдоними: Ча Ын У

Туулган жери: Түштүк Корея, Кунпо

Туулган жылы: 1997-жыл, 30-март

Жылдыз белгиси: кой

Бою: 183 сантиметр

Үй-бүлөдө: 2 бир тууган, иниси бар

Ойногон музыкалык аспаптары: гитара, пианино, скрипка, флейта, кларнет

Хоббиси: сууда сүзүү, диджеинг

“Азиянын келишимдүү мырзаларынын” ТОП-25тигине кирет

Футболдо күйөрмандык кылган командасы: “Реал Мадрид”

Белгилүү сериалдары: “Менин ID`им – Каннамдык сулуу кыз”, “Жаш тарыхчы Гу Хэ Рён”, “Табигый сулуулук” жана башка 2022-жылдын ноябрь, декабрь айларында чыга турган көркөм тасмалары: “Децибел”, “Арал”

Кесиби: ырчы, актёр, модель. “ASTRO” тобунун солисти

Билими: Сонгюнгван университетинин искусство факультетинде билим алган

Үлгүлүү бала

Ата-эне 2 уулунун келечегине олуттуу мамиле жасашты. Үйдүн тун баласы Ли Дон Минди англис тилин жогорку деңгээлде өздөштүрсүн деп жарым жылга Филиппинге окууга жиберишкен. Ал эми экинчи уулу Ли Дон Хви Кытайдан билим алды. Эки баласы тең кыздардын жүрөгүнө чок салгыдай келбетке ээ. Ли Дон Мин келечекте прокурор, сот же врач болом дечү. Жоош, жанына бирөөнү оңою менен жолотпогон бала эл алдына чыгып так секире бийлеп, ырдап калам деген ойдон алыс жашачу. Кичинесинде томпок эле, курдаштарым шылдыңдабасын деп ошондо эле спортко жакын болуп, келбетине кам көргөндү жашынан үйрөндү. Мектепте мугалимдеринин сүйүктүү окуучуларынан эле, анткени эң мыкты окуган окуучулардын катарында 3-орунда турчу. Азыр да жаңы нерсени үйрөнгөндү жакшы көрөт, достору менен көңүл ачуу же китеп окуу деген тандоо турса, сөзсүз китепти көтөрүп бөлмөсүнө баса берет.

Ли Дон Миндин чыгармачылык чөйрөгө аралашып калуусу кокустан эле болгон. 17 жаштагы жигитти коомдук жайлардын биринен музыкалык агенттиктин өкүлү көрүп калып, «Astro» тобуна кошулуу үчүн кастингге чакырган...

«Astro» – жылдыз

Ырчы жигиттерден бойз-бенд түзүү үчүн «Fantagio» агенттиги 7 жыл даярдык көргөн. Башка агенттиктер ырчыларын эл алдына өзгөчө ыр же бий менен алып чыкса, «Fantagio» «Astro» тобун эң алгач дорама аркылуу көпчүлүккө көрсөткөн. 15 мүнөттүк 12 сериядан турган сериалда топтун катышуучулары ар кимиси өзүн ойнойт. Айдол-топтун акырындап жетишкен ийгиликтери тууралуу баяндалган дорама «Уландысы бар» деп аталат. Испан тилинен которгондо «жылдыз» дегенди түшүндүргөн «аstro» сөзү чыгармачыл топко жагып, жылдызы жансын деген тилек менен бойз-бенд ушул аталышка ээ болгон.

Топ музыкалык дебют катары 2016-жылдын 23-февралында "Spring Up" аталышындагы кичи-альбомун элге тартуулаган. Альбом чыккандан бир жума өтпөй Түштүк Кореядагы Gaon Music Chart чартында 4-орунга чыкса, АКШдагы Billboard музыкалык чартында 6-орунга илинген. Дебюттук альбом менен дүйнөлүк рынокто ийгилик жаратуу жеңил иш эмес. Бирок «Astro» чыгармачылык жолун чоң ийгилик менен баштаган. Учурда топ ийгиликтүү иштеп, чыгармачылыгын ар тараптан өнүктүрүп жаткан чагы.

«Astro’го» кошулуу Ли Дон Минге оңой болгон жок. Вокалдан сабак алуу, хореография, актёрдук чеберчилик, спорт, айтор, физикалык да, моралдык да жактан чоң сыноодон өткөн. “Баарынан да моралдык сыноодон өтүү кыйын болду. Топтун курамы бекигенче жума сайын улам жаңы таланттар келет, алар менен жарышасың. Сени сындашат, күнүгө... Элестеткиле кандай басым?! Өжөрлүгүмдүн аркасы менен эле акырына чейин чыдадым окшойт”,- деп күлүп эскерет Ча Ын У псевдоними менен чыгармачылыкка алгачкы кадам жасаган жигит. Ча Ын Унун келишимдүү келбети топтун күйөрман топтоосуна сөзсүз түрдө салым кошту, андыктан ал «Astro’нун» жүзү деген “кызматта”.

“Муздак актёр”

Ча Ын Унун актёрдук дебюту 2014-жылы “Менин жаркын жашоом” дорамасында экинчи пландагы роль аткаруу менен башталган. Андан кийин «Astro» менен бирге “Уландысы бар” сериалына тартылды.

Кино тармагында актёр катары алгачкы сыйлыкты 2018-жылы чыккан “Менин ID`им – Каннамдык сулуу кыз” дорамасында башкы ролду аткаруу менен алган. Ал эми 2020-2021-жылдары экранга чыккан “Табигый сулуулук” дорамасы аны көптөгөн өлкөгө тааныта алды. Ондон ашуун сериалга тартылган Ча Ын У күндөн күнгө актёрдук чеберчилигин өнүктүрүп келет. Жакынкы аралыкта анын катышуусунда эки көркөм тасмага – “Децибел” жана “Арал” күбө боло алабыз.

Тасма талаасында ага карата “муздак актёр”, “эмоциясы жок аткарат” сыяктуу сындар көп айтылат. Мындай пикирлерге Ын У “мен табиятымдан фаталистмин, акыры жакшы болот деген ойдомун. Түрдүү жанрда, түрдүү образдарды аткаргым келет. Ал пландарым акырындан ишке ашып келе жатат. Алдыда актёрлук мыкты чеберчилигимди көрсөтө алам деп ишенем. Анан Голливудда да тартылып, мыкты баа менен элге таанылгым келет” деп жооп берет.

Баса, Ын Уга Голливуд режиссёрлорунан «K-Pop: Америкада адашкандар» аттуу тасмада роль жаратууга сунуш түштү деген имиштер бар. Эгер бул чындык болсо, жигиттин дагы бир максаты ишке ашты дей берсек болот.

Эгоист

Албетте, мындай бой, келбет менен модель болбой коюу мүмкүн эмес. Ча Ын У белгилүү бренддердин жүзү катары да капчыгын калыңдатып келет. Ал жарнамалап чыккан товар саналуу сааттарда сатылып кетерин белгилешет жарнама берүүчүлөр. Андыктан мырза Түштүк Кореядагы суроо-талапка ээ моделдердин катарында.

Ча Ын У сыртынан уялчаак көрүнгөнү менен, чынында ойлогонун бетке айткан ачык-айрым мүнөзгө ээ. Өзү дагы өзүмчүл, бирок адилеттүү экенин моюнуна алат. Анын мүнөзүн көпчүлүк “Үйдө уста” шоу-программасынан байкай алышты. Долбоордун катышуучулары менен эркин сүйлөшүп, кээ бир учурда өтө ачык-айрымдыгы менен таң калтырып жатты. “Мен негизи жабык адаммын. Бирок чыгармачыл дүйнө мени чыдамдуулукка жана максатка эмне болсо да жетүү керектигин үйрөттү. Ошон үчүн да ачылдым окшойт. Анын үстүнө адам болобу, буюмбу, окуябы, жаңы нерсени изилдегим, үйрөнгүм, билгим келе берет. Билиш үчүн көп суроо берем, кээде ашыкча суроолорду бергенимди билип токтоп калам”,- деп күлөт каарманыбыз.

Улуу-кичүү сулуулугуна суктанган мырзанын азырынча жүрөгүнүн ээси табыла элек. Бош убактысында тынчтыкта китеп окуп, сууда сүзүп, жаратылыш коюнунда эс алууну жактырат.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан