Атай Жумашев, футболчу: “БААРЫ ДАРБАЗА ТОСУУДАН БАШТАЛДЫ”

Кыргыз Прьемер Лигасы. Канттын “Абдыш-Ата” клубу өз тарыхында биринчи жолу Кыргызстандын чемпиону болду. Клубду жеңишке сүйрөгөн оюнчулардын бири Атай Жумашевди кепке тарттык. “Башынан бул сезондо жеңишке жетебиз деп максат койгонбуз” дейт ал.

Футболчу тууралуу:

Туулган жылы1998-жыл, 15-сентябрь

Туулган жери Бишкек шаары

Бою 176 сантиметр

Салмагы 75

Амплуасы жарым коргоочу, чабуулчу

Билими Бишкек гуманитардык университетинин финансы бөлүмүн бүтүргөн

Катар саны11

Учурда “Абдыш-Ата” клубунун жана Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу

Ойногон клубдары “Абдыш-Ата”, “Нефтчи”, “Энергетик-БГУ” (Беларусь), “Каганат”

– Салам, Атай, жеңишиңер менен куттуктайбыз! Жеңиштин сезимдери кандай болду?

– Чоң рахмат! Сезимдерди сөз менен айтып жеткире албайм. Биз “Абдыш-Атанын” тарыхындагы алгачкы жеңишке жетишип отурабыз. Абдан эмоционалдуу учур болду. Анткени клубдун жетекчилиги, оюнчулар бул сезон башталарда эле алдыбызга Кыргызстандын кубогун, чемпиондугун жеңүү, АФК кубогуна чыгуу деген максат койгонбуз. Аракетибиздин арты менен өлкө кубогун, чемпиондукту уттук. “Абдыш-Ата” клубу тарыхында биринчи ирет АФК кубогуна чыгып жатат. Эми буюрса, АФКнын кубогун багындыруу – башкы максатыбыз.

– Ийгиликтүү өткөн бул сезон тууралуу айтып берчи. Курам күчтүү болдубу же даярдыкпы?

– Өткөн жылы декабрдын башында биз эс алуудан кайтып, командабыз менен машыгууларды баштадык. Анан Түркиянын Анталия шаарында окуу-машыгуудан өтүп, башка командалар менен достук оюндарын өткөрүп, ошол жактан тажрыйба топтоп келип, Кыргызстандын чемпиондугунда жүрүшүбүздү баштаганбыз. Командадагы балдар баарыбыз бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз. Бул биздин экинчи үй-бүлөбүз. Ким каякка чуркайт, ким кандай учурда каякка пас берет, баарын айттырбай түшүнөбүз. Аракет кылсаң – берекет дейт го. Аракетибиздин акыбети кайтты.

– Өзүң тууралуу айтып берчи, футболго кантип келип калгансың?

– Мен Бишкек шаарында төрөлүп-өскөм. Футболго кичинемден эле кызыкчумун. Анткени биздин көчөдө футбол аянтчасы бар болчу. Ал жакта байкелердин футбол ойноп жатканын кызыгып карап турчумун. Мен кичинекеймин да, алар кээде мени чакырып дарбаза тостуруп коюшчу. Ошондо чоңойгондо футболчу болом дечүмүн. Кийин мектепке барганда дене тарбия сабагынан берген агайыбыз футболго кызыкчу. Ал бизди мектептер аралык оюндарга алып барчу. Ошол оюндарда Нурлан Букуев деген машыктыруучу агай көрүп калып, мени футболдук борборго чакырган.

– Жакындарың сенин тандооңо кандай карашат?

– Жакындарым мени ар дайым колдойт. Апам менин оюндарым үчүн абдан санааркап турат. Оюндарымды калтырбай көрөт. Кээде социалдык тармактарда, маалымат булактарына биз жөнүндө жазылган жарыялардын астына “Абдыш-Ата” чемпион” деп комментарий жазып турат.

– Клубдук карьераңар “Абдыш-Атада” башталган да?

– Башында “Абдыш-Атанын” алдындагы “Наше” деген жаштар арасындагы командада бир сезон ойноп, чемпион болгонбуз. Анан мени “Абдыш-Атанын” чоңдор арасындагы командасына чакырышкан. Ошентип чоң футболдогу клубдук карьерам ушул жакта башталган. 2018-жылы “Нефтчиде” ойнодум. Анан бир агент байланышып, “күчүңдү Беларусь командасында сынап көрбөйсүңбү” деген. Мен анын сунушуна макул болуп, “Энергетик-БГУ” деген командада бир сезон ойноп келдим. Анан Оштун “Каганат” командасына чакыруу алып, сезонду жакшы баштаганбыз. Бирок пандемиядан улам биз күткөндөй оюн болбой калган. Анан 2021-жылдан бери “Абдыш-Атада” ойноп келе жатам.

– Улуттук курамда оюн көрсөтүү дагы спортчу үчүн маанилүү эмеспи. Улуттук курам тууралуу кеп кылбайлыбы, чакыруу алып, оюн талаасына чыккандагы абалың?

– Кыргызстандын улуттук курамында 2013-жылы 16 жашка чейинкилер арасындагы оюндарга чыга баштагам. Андан кийин 17, 21 жашка чейинкилер арасында оюн көрсөтүп келдим. 2021-жылы Бишкекте өткөн “Үч улуттун кубогу” достук оюнунун алдында чоңдор арасындагы улуттук курамга чакырык алгам. Анда Палестина менен болгон беттеште оюн талаасына чыккам. Бул оюнда абдан толкундоо болгон, бүтүндөй кыргыз эли карап, стадиондо колдоп жатканда патриоттук сезимдер ойгонот экен. “Мени эл, атам карап турат, жакшы ойношум керек” дейт экенсиң. Анын үстүнө чоңдор арасындагы улуттук курам менен оюн талаасына биринчи жолу чыгып жатканга башкача сезимдер болгон. Мурдатан ойноп жүргөн командадагы байкелер “толкунданба, коркпо, баары жакшы болот” деп дем берип турушат.

– Улуттук курамдын көптөн берки оюнчулары жаңы оюнчуларды кандай кабыл алат экен?

– Биз мурдатан эле бири-бирибизди тааныйбыз да. Көпчүлүгү “Абдыш-Атадан” өсүп чыккан оюнчулар болгондуктан, баарыбыз эле бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз.

– Алдыда кандай пландар бар?

– Чет элдик клубдарда ойносом деген пландарым бар. Буюрса, аракет кылам.

– Дүйнөлүк футболдо жактырган клубуң, оюнчуң тууралуу билгим келип жатат.

– “Реал Мадрид” клубуна күйөрмандык кылам. Ал эми атайын бир футболчуну кумир тутпайм. Бирок Кингсли Коман, Килиан Мбаппе, Маркус Рашфорддун оюндарын жактырып көрөм, алардын оюндарынан кайсы бир деңгээлде өзүмө тажрыйба алам.

– Маегиңе рахмат! Ийгилик каалайбыз.

Динара Акимова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан