Күлүйпа Кубанычбекова, Кайрат Примбердиевдин апасы: “АПА, ЫЙЛАБАҢЫЗ, СИЗДИ ЖЫЛДЫЗ КЫЛАМ ДЕГЕН”

Ырчы Кайрат Примбердиевдин балалыгы кандай өткөн? Мүнөзү, кыялдары кандай эле? Ырчылыкка алгачкы кадамы кантип ташталды? Бул суроолордун тегерегинде ырчынын апасы Күлүйпа Кубанычбекова менен баарлаштык. Кыргыздын таанымал мырзасын апасынын көзү менен карап көрөлү.

“Балалуу болсок атын Кайрат коёбуз дегенбиз”

– Уулум Кайрат 2 кыздан кийин Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында 1985-жылы 24-ноябрда жарыкка келди. Уул төрөсөм экен деп Кудайдан тиленип жүрүп төрөдүм. Кайрат төрөлгөн күнү алгачкы кар жаап, айлана бир жакшына болуп турду. Үнү чыйылдап ичке эле, врачтар “уул төрөдүңүз” десе деле толук ишене албай ичимден “кыз эле төрөгөн окшойм” деп жатам десең. Эртеси баламды алып келишсе “чын эле уулбу?” деп сурап, ороосун чечип көрүп, анан ишенип аябай сүйүнгөм.

Жолдошум экөөбүз баш кошо электе эле болочок балдарыбызга коё турган ысымдарды тандап койгонбуз. Уулдуу болсок аты Кайрат болот деп жазып койгонбуз. Элге той берип, Кайрат деп ат коюп аябай кубандык. Бирок Кайратка 8 ай болгондо жолдошум каза болуп калды. Жакшы ырдачу, гитарада мыкты ойночу, юмор, тамашага жакын сонун адам эле.

Кайын журтта 1 жылдай жүргөн соң 1 кызымды жетелеп, Кайратты көтөрүп Таласка төркүнүмө келдим. 1 кызымды кайненем алып калган. Кийин Союз тарап, эл кыйналган маалда ал кызымды кайра берди. Ошентип балдарымды Таласта чоңойттум. Балалыгы Көк-Ой айылында өттү.

“Баш кийимдерине баатырлардын аттарын коюп алчу”

– Кайраттын бала кездеги жоруктары аябай күлкүлүү. Бир күнү алаңдап чуркап келди да, “тиги кишини урушуп коюңузчу” деп сарайга кирип кетти. Артынан бою узун лакыйган киши чуркап келип “бала дегенди караш керек да” деп мени урушуп кирди. Эч нерсе түшүнбөй туруп калдым. Көрсө, балам теңтуштары менен көчөдөн ары-бери өткөн унааларды таш менен урганды адат кылып алышыптыр. Тиги кишинин да унаасына таш тийиптир, ошого кубалап келиптир. Кайрат болсо кайра “аны урушпайт белеңиз” дейт.

Союз тарагандан кийин азык-түлүк тартыш кез келди. Үйдө да кымбатчылык тууралуу сүйлөшөбүз да. Ошол сөздөр кулагына сиңип калган окшойт, мен айлык алганымда “жүрүңүз, дүкөнгө барып келели, дагы бир нерселер кымбаттап кетпесин” деп калды. Макул деп ээрчитип дүкөнгө бардым. Бир жашыл кепканы көрүп “ушуну алалычы” деп жанынан чыкпай калды. Алып берсем барбалаңдап абдан сүйүнгөнү эсимде. Баш кийимдерине Манас, Коңурбай деп баатырлардын аттарын коюп алчу. Бир күнү жанагы жашыл кепкасын таппайм, Кайраттан сурасам “мен аны бомба кылып жер айдап жаткан трактордун алдына ыргыткам, кайра барып таппай калдым” деп коёт.

Кичине кезинде бир кошунабыздын кызын алам деп жүрдү. Бир жолу ал кыздын башкалар менен чогуу түшкөн сүрөтүн көрүп калып “эми ал кызды албайм, капкара турбайбы” деп айнып кеткен (күлүп).

“Кичинесинен ырга шыктуу”

– Кайрат кичинесинен ырга шыктуу. Эжеси Кайраттын башына “бул чач” деп колготки каптап, көйнөк кийгизип, айтор, балдарга концерт коюп, ырдата берчү. Радио, телевизордон уккан ырларды бат эле жаттап алчу.

Мектептеги курагында ооз комуз алып берсем аны жактырбай койду. Комуз чертип ырдап, мектептин активисти эле. Чоңойгондо Агутин, Добрынин, Челентанонун ырларын ырдай баштады. Кайрат мектепте жакшы окуду. 90-жылдардагы кыйынчылыкта мектепти бүтө электе эле айылдагы кесиптик лицейге окутуп койдум. Ал жерде окугандарга тамак берчү да, жок дегенде курсагы ток жүрсүн дедим.

Бир жолу мени бирөө ызалантып ыйлап жатсам “апа, эч качан ыйлабаңыз, кийин сизди жылдыз кылам” деди. Кайрат ырчы катары таанылганда мен анын апасы катары таанылдым, сиздер сыяктуу журналисттер интервью алып жүрүшөт. “Баламдын айткан сөзү дал келди” деп калам.

“Сынактарда Кайраттын жеңишин тилеп уктай албай калгам”

– Кайрат кийин Таластагы айыл чарба техникумунда окуп калды. Ошол кезде биринчи жолу облустук деңгээлдеги сахнага чыкты. Жаңы жылдык концертке катышты. Үйгө “ырдаганымды эл, губернатор кунт коюп укту, аябай кол чабышты” деп кубанып келди. Аны угуп биз да сүйүндүк. Ошондон кийин “мен Бишкекке барып ырдашым керек” дей баштады. Менин кетиргим келбейт... Бир күнү жумуштан келсем бирөөлөрдөн акча алып, Бишкекке кетип калыптыр.

Чоң сахнага чыккыча 1 жылдай нан бышырган цехте, курулушта иштеп жүрдү. Анан ырчы Султан Садыралиев өзүнүн продюсерине жолуктуруп, аны менен 3 жылдай иштешти. Чоң сахнага биринчи жолу Динара Акулованын концертинде чыкты. 2006-жылы ырдап чыккан “Апам үчүн”, “Сагынганда” ырларын эл аябай жакшы кабыл алды. Ошентип чыгармачылыкка баш-оту менен киришти.

Билесиздер, 2015-жылы “Главная сцена” сынагынын супер финалына чейин жетти. 2016-жылы “Голос” долбоорунда 3-орунду ээледи. Ошол сынактар жүрүп жаткан учурда Кайраттын ырдашын күтүп компьютердин жанынан чыкпай калдым. Эне катары ийгилик каалап, утса экен деп Кудайдан тиленип жаттым. Ошол тилектер ишке ашты. 2017-жылы балам Эмгек сиңирген артист наамын алды.

“Спортко аралашкандан кийин тамекини таштады”

– Кайрат жөнөкөй, адамгерчиликтүү, боорукер, абдан өжөр бала. Велосипед, мотоциклге жакын. Эрежесиз эр уруш менен да машыгып жүрдү. Спортко аралашкандан кийин 15 жыл бою чеккен тамекисин таштады. Ичимдикке башынан жологон жок. Балдарын жанындай жакшы көрөт.

Келиним Эля экөө Казакстанда бирге иштеп жүрүп, табышып баш кошушту. Сураштырсак, анын апасы менен мен бир уруунун кыздары болуп чыктык. Келиним жакшы менен жаманды ажырата билген, эч нерседен тартынбаган жан. Менин эмне айтарым, кантип жооп береримди жүзүмдөн, мимикамдан эле байкап билип алат. "Колумдан баары келет, жасай алам" деп турат. Кайрат чоң концерттерге катышса ага дем берип, жөлөк болуп жанында жүрөт. Жакшы келинге туш кылганы үчүн Кудайга ыраазымын.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан