СУУК ТҮШКӨНДӨ КҮЧӨГӨН БРОНХИТ

Бронхиттин күчөшү көбүнчө 4 мезгил алмашкан учурга, суук жана жамгырлуу мезгилдерге туш келет. Бул учурда айрыкча балдар арасында илдетти жуктуруп алгандар арбыйт. Бронхиттин себеби, алдын алуу боюнча пульмонолог Саида Эргешова маалымат берди.

Бронхит деген эмне?

Кекиртектен өпкөнүн аба алмашуучу баштыкчаларына (альвеолдор) тарачу кемирчектүү түтүкчөлөр бар. Ал түтүкчөлөр бронхтор деп аталат. Бронхтор биз дем алганда кычкылтекти өпкөгө жеткизет жана дем чыгарганда ал жактагы колдонулган абаны (көмүртекти) сыртка чыгарат. Бронхит – бронхтордун ички былжыр челинин сезгениши.

Сезгенүү бронхтордо толук же бир бөлүгүндө болушу мүмкүн. Сезгенген былжыр кабыкчалар шишип, калыңдайт. Какырык көп бөлүнүп чыгып, бронхторду кайсы бир деңгээлде бүтөп калат. Балдардын дем алуу системи чоңдордукуна салыштырмалуу жакшы өөрчүгөн эмес, ошондуктан балдар бронхитке көбүрөөк кабылышат.

Ооруну эмнелер козгойт?

Оору адамдан адамга аба аркылуу: шилекейи, чүчкүрүгү, өбүшүүсү аркылуу жугат. Оорулуу колдонгон идишти таза жуубай пайдаланганда да жугуу коркунучу бар.

Ооруну козгоочулар:

• A жана B сасык тумоосунун вирустары, парагрипп;

• Метапневмовирус, риновирус, аденовирус, коронавирус;

• Тамеки түтүнү, булганган аба, чаң, өсүмдүк чаңчалары;

• Бактериялар, негизинен стрептококк. Тонзиллит (ангина), фарингит, ларингиттен дарыланбаганда же жарым-жартылай дарыланганда оору козгогучтар тамактан ылдый бронхторго түшүп, бронхит жаралат. Тамак ооруларын стрептококктон тышкары вирус, пневмококк, козу карын сымалдар козгойт. Негизинен, бронхитти сасык тумоонун вирустары козгойт.

Оорунун жалпы белгилери

• Жөтөлүү, шалдыроо, көкүрөктүн, баштын жана булчуңдардын оорушу;

• Дене табынын бир аз жогорулашы, тердөө;

• Какырыктын чыгышы, дем ала албай муунуу.

Бронхит башталгандан бир нече күндөн кийин адамда жеңилдөө күтүлбөсө, анда бактериалдык инфекция да кошулуп кетти деп түшүнүү керек. Какырык саргыч же жашыл сымал болуп, жагымсыз даамы жана жыты болсо, анда бактериялар кошулуп кеткендигинин белгиси.

Дарттын курч кармаган жана өнөкөт түрү бар. Курч кармаган учурда дарылабаса же чала дарыласа, оору өнөкөт түрүнө өтүп кетет.

Курч кармаган түрү

Курч кармаган түрү 3 аптадан ашыкка созулбайт.

Оору козгогучтар алгач мурунга, тамакка кирип, анан бронхторго тарайт. Бронхтор сезгенген соң жөтөл пайда болот. Сезгенүү дем алуу жолдорун ичкертип, дем алуу кыйындайт, демигүү жаралат. Дарыланган соң дем алуу жолдору калыпка келет. Бронхит суук тийүүнү, сасык тумоону коштоп жүрүшү же өз алдынча жаралышы мүмкүн.

Оору кургак жөтөлдөн башталат жана түнкүсүн күчөйт. Адамдын уйкусу бузулат. Бир нече күндөн кийин какырык чыгып баштайт.

Жөтөл 1 айга созулса сезгенүүдөн башка себеп барбы деп пульмонологго кайра текшерилүү зарыл. Жөтөл менен кошо кан чыкса, кургак учуктун же өпкөнүн рагы болушу да ыктымал.

Өнөкөт түрү

Мунун негизги белгилери – узакка ыкшып жөтөлүү, демигүү. Өнөкөт бронхиттин 85 пайызынын козгоочусу – тамеки чегүү же күн сайын анын түтүнүнөн дем алуу. Өнөкөт бронхити барлар дем алуу жолдорунун башка ооруларына да көбүрөөк чалдыгышат. Бронхит өтүшүп баштаганда ириңдүү какырык чыгып баштайт. Бул түрүн деле вирустар козгойт. Эгер бактериялар кошулуп кетсе, вирустуу-бактериялуу бронхит жаралат.

Обструктивдүү бронхит

Мында орто жана майда бронхтор көбүрөөк жабыркайт. Алардын чел кабыктары шишип, какырык көп чыгат, өпкөгө абанын барышы кыйындайт. Какырыктуу жөтөл көбүнчө эртең менен уйкудан туруп кыймылдай баштаганда, жылуу жерден муздакка чыкканда кармайт. Бронхиттин бул түрү чоң адамдарда дем алуу учурунда кырылдоону, ышкыргандай үндү жана катуу жөтөлүүнү пайда кылат. Кыймылдап иш кылганда энтигүү күчөйт.

Балдардын көкүрөк булчуңдары ооруп, бронхтордо спазм пайда болот. Какылдап тынбай жөтөлөт, акырындап демигүү жана дем ала албай муунуу жаралат. Мындайда дароо ооруканага алып барбаса же тамакка бронхторду кеңейтүүчү чачма дарыны чачпаса, баланын абалы оорлоп кетет.

Аллергиялык бронхит

Бронхторго аллергендер өтүп кеткенден жаралат. Тамеки чегүү, абанын кирдиги, чаң, жаныбарлардын жүндөрү, жаздык, жууркандарга салынган канаттуу жүндөрү, өсүмдүктөрдүн чаңчалары, үйдү жыйнап-тазалоодо колдонулуучу химиялык каражаттардан жана тамак бышыруудан чыккан жыттар, автоунаалардан чыккан газдар оорунун себепкерлери болот. Аллергендер бронхтордун былжыр челин сезгентет.

Белгилери:

• Кургак, приступ сымал жөтөл. Бул айрыкча түндө күчөйт. Какырык оңою менен чыкпайт;

• Дем алуунун кыйындашы, көкүрөк туштун оорутушу;

• Ооз, көз, мурундун былжыр челдери жана кеңилжээр шишийт. Андыктан мурун бүтөт, көздөн жаш агат. Көздүн конъюнктивит оорусу жаралат;

• Шалдыроо, баштын оорутушу.

Аллергик балдар бронхитке жакын келишет. Андыктан алар жаткан бөлмөдө от жагылбашы, үйдө тамеки тартылбашы, аба таза болуусу зарыл. Дене табын түшүрүү үчүн курамында кулпунай, бүлдүркөн бар сиропторду бергенге болбойт.

Диагноз жана дарылоо

Диагноз үчүн жалпы жана бактериялык анализ (кан, какырык), көкүрөктүн рентгендик сүрөтү жана башкалар керектелет. Дарылоодо бронхторду кеңейтүүчү, какырыктын бөлүнүп чыгышын азайтып жана анын чыгышын жеңилдетүүчү, жөтөлдү жок кылуучу дары-дармектер берилет. Эгер вируска бактерия кошулуп кеткен болсо, анда антибиотик ичүү да сунушталат. Абаны нымдаштыруу жардам берет. Анткени кургак жана муздак аба жөтөлдү, демигүүнү күчөтөт.

Аллергиялык жөтөлдү дарылоодо антигистаминдик каражат сөзсүз кошулат.

Бронхитти дарылабаса эмне болот?

• Өпкөнүн аба менен камсыздалуусу бузулат. Мындайда адамдын өңү көк тартып турат (өзгөчө эрини);

• Пневмовиброз оорусу келип чыгат;

• Жүрөктүн оң карынчасы менен боор чоңоёт, бут шишийт;

• Организм кычкылтек менен жакшы камсыз болбой баштаганда жасалма дем алдыруу керектелет.

Оорунун алдын алуу

Бронхит жаралуучу шарттарда иштегендер: шахтёрлор, тигүүчүлөр, цемент, көмүр сатып иштегендер бронхит жаралбашы үчүн башка ишке өтүшү керек. Үйгө от жагылса бөлмөлөр жакшы желдетилиши зарыл. От жагуучу атайын бөлмө болушу шарт. Тамак бышырганда каңырсыган жыт чыгып кетиши үчүн форточка ачык турушу кажет. Иммунитетти чыңдоо жана суукта жылуу кийинүү зарыл.

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1040, 11-17-ноябрь, 2022-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан