Кыргыздын тиричилиги короосундагы төрт түлүк малы менен. Акча керекте сатат, той-ашта казанга салат же кошумчага жетелеп барат. Жайлоого батпай дүпүрөгөн мал – медалдын бир тарабы. Экинчи бети – жайыттардын абалы. Адистер туяктын көптүгүнөн жердин кыртышы бузулуп, жайыттар эрозияга учурап жатканын айтып коңгуроо кылышууда. Учурда жайыттардын абалы кандай? Деградация болгон жайыттарды кантип калыбына келтирсе болот? Адистерди угуп көрөлү.
Мыктыбек Каландаров, Айыл чарба министрлигинин мал-чарба жана жайыт бөлүмүнүн башчысы: “АЛЫСКЫ ЖАЙЫТТАРДЫ ПАЙДАЛАНУУ КЕРЕК”
– Өлкө боюнча 9 миллион гектардан ашык жайыт бар. Анын 1,6 миллион гектардан ашыгын отоо чөп баскан. Айыл чарба аянтынын 85 пайызын түзөт. Учурда 2 миллионго жакын ири мүйүздүү мал бар, Союз тушундагыдан да көп. Малдын санынын өсүшүнөн улам жайыт жерлердин тапталышы климаттын өзгөрүшүн тездетет. Ошондой эле тоютка жараксыз чөптөрдүн өсүшүнө жеткириши мүмкүн. Жайыт жерлер эрозияга учурап, деградация болуп отуруп 2020-жылга чейин жайыттар 25 миң гектарга кыскарды. Жакында жаңы мыйзам даярдалды, анда натыйжалуулугу начар жайыттарды фермерлерге бак өстүрүүгө, дыйканчылык кылууга көп жылга ижарага берүү каралган. Мисалы, Баткен облусунда киши башына 3-4 сотых үлүш жер туура келет, ошол жерлерди каалоочулар дыйканчылык үчүн иштетсе болот. Ар бир айылда жайыт комитети бар, алардын функциясы – жайыттардын абалын жакшыртуу, туура пайдалануу жана бөлүштүрүү. Учурда аталган комитеттин иш алып баруусунда кемчиликтер бар, анткени көпчүлүк айыл эли өздөрүнүн айылына жакын жайыттарды гана пайдаланышат, ал эми алыскы жайыттарга жетүү кыйын, шарт жок дегендей. Жайыт комитеттери элден түшкөн жайыт салыгын чогултуп ошондой иштерди жасашы керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок, министрлик аларга сөгүш да жарыялай албайт, анткени мыйзам боюнча биз алардын ишин тескей албайбыз. Учурда айылдардагы жайыт комитеттерин айыл өкмөттөргө кошуу аракети жүрүп жатат, эгер ишке ашса айыл өкмөт алардын ишин тескеп, көзөмөл кылып калмак. Биздин максат – малдын санына эмес, сапатына көңүл буруп, өлкөдө асыл тукум чарбаларды көбөйтүү. Эт, сүт багытындагы бодо мал, жүндүү кой, тыбыттуу эчки баккыла деп жатабыз. Малдын санынын көптүгүнөн жайыттар деградация болуп жатат, ал жерлер калыбына келүү үчүн көп жылдар керектелет. Бизде да жайыттарды көп жылдык ижарага берүү маселеси курч, ушунун айынан Өзгөн менен Кара-Кулжа району, Нарын менен Кочкор району жайыт талашып келишет.
Жеңишбек Токторбаев, Жогорку Кеңештин депутаты: “МАЛГА САЛЫК САЛУУ ЖАЙЫТТАРДЫН АБАЛЫН ЖАКШЫРТАТ”
– Кыргызстан тоолуу өрөөндө жайгашкан мамлекет. Көпчүлүк эл мал жандык кармайт. “Малга салык киргизели” деген сунушумдун бир себеби ушул маселе. Байлардын малынын көптүгүнөн жайыттарда жапжашыл, бийик өсчү чөп азыр жок. Жайыттар такырайып жылдан жылга чөптүн түрү азаюуда. Жайлоолорго барсаң чөп жок, чаңып жатат, дарыянын жээктери малдын кыгына толуп бүттү. 30 жылдан бери өлкөбүздө бир да малга салык төлөнгөн эмес. Жарандарыбыз малы үчүн жайыт акыны жергиликтүү шарттарга жараша, мисалы, бодо малга 60 сомдон төлөшөт. Статистикага таянсак, учурда өлкөдө 2 миллиондой ири мүйүздүү мал, 700 миңжылкы, 8 миллион кой-эчки бар. Бодо малга 250 сомдон, кой-эчкилерге 100 сомдон салык төлөсөк, жергиликтүү бюджетке 1 миллиард 475 миллион сомдун тегерегинде каражат түшөт экен. 100-250 сом бир куту тамекинин акчасы да. Эгерде сунушум колдоо таап, ишке ашса айыл өкмөттүн да бюджетинде каражат көбөйүп, алыскы жайыттарга жол салууга шарт түзүлмөк.
Абдижапар Аккулов, эколог: “МИНТИП КЕТЕ БЕРСЕК ЖАЙЫТТАРДЫ БИРОТОЛО ЖОК КЫЛАБЫЗ”
– Жайыттардын аянты жылдан жылга кыскарып, кунардуулугу төмөндөп, керектөөдөн чыгып жатат. Эң башкы себеби – жайытка нормадан ашыкча малдын жайылып жатышы. Айрыкча айылдардын жака-белиндеги жайыттар жыл бою пайдаланып, дээрлик көбү керектөөдөн чыгып калды. Мисалы, 4 короо кой багыла турган жерге 10 короо коюн багып, бирок 4 короо койдун салыгын төлөгөн шылуундар бар. Жайыт комитеттеринин, айыл өкмөттөрүнүн ишин дыкат текшерип көзөмөлдөш керек. Бул маселеде коррупциялык иштердин да учугу чыгат. Кыртыштын бети мал-жандыктарынын туягынын таасири астында ныкталып, ар убак (жаандуу күндөрдө жана кургак абалында да) интенсивдүү механикалык бузулууга дуушар болуп, кыйма-чийме тилмеленген көрүнүшкө ээ болуп калды. Айрыкча жылкылардын жана ири мүйүздүү малдын туяктары кыртышты бузуп жатат. Жер ушунчалык ныкталгандыктан жаан-чачындын кыртышка сиңүү мүмкүнчүлүгү жок. Чөп катмарынын курамында тоюттук маанидеги түрлөрү азайып, жалпы фитоценоздун көп түрдүүлүгү да жоголот. Көктөмдө чөп жер жарып чыгары менен мал жеп баштайт. Эл дагы “жайлоого барса деле малыбыз арык келүүдө” деп нааразы боло баштады, анткени тоют аз. Чабандар элден толтура мал чогултуп алып талкаланган жайыттарда бакса кантип тоймок эле? Деградация болгон жайыттарды кошумча тоют чөптөрүн сээп болсо да калыбына келтирбесек, жакынкы жылдары такыр эле колдон чыгарып алышыбыз мүмкүн. Алыскы жайыттар пайдаланылбай, ортоңку жана жакынкы жайыттар талкаланып бүттү. Чаткал, Аксы, Ала-Букадагы көптөгөн жайыттарды тоо-кен казуучу компаниялар талкалап жараксыз кылышууда. Экология министрлигинин жумушу нөл, жер кыртышын изилдеп, анализ жүргүзүп баасын бериши керек эле. Жайыттарды талкалап жаткан адамдардын жоопкерчилиги да каралууга тийиш. Элге жайытты туура пайдаланууну түшүндүрбөсө, эртең элдин өзүнө эле кыйын болот. Мал кармоонун деле пайдасы жок болуп калат.
Союз мезгилинде колхоз, совхоздордун короо-короо койлору болчу. Бирок алар эрте жазда алыскы жайлоолорго айдалган бойдон күз мезгилин ортолотуп кайтып келишчү. Чөп чабык жерлердин аянттары көп болуп, жайкысын ири көлөмдө тоют камдалып турчу. Азыркы учурда жерди, жайытты, чөп чабыктарды которуштуруп, эс алдырып пайдалануу зарыл. Жергиликтүү бийлик, тийиштүү мекемелер, эл деле бизди курчап турган чөйрөгө, анын ичинде жайыттарга карата кайдыгер мамиле кылып калды, бул өкүнүчтүү.
Бакыт Турдубаев, Куршаб айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин башчысы: “КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ КАРА-КУЛЖАЛЫКТАР МЕНЕН ЖАЙЫТ ТАЛАШЫП КЕЛЕБИЗ”
– Биздин Куршаб айыл өкмөтүндө 24 миң калк бар. Көпчүлүгү мал чарбачылык менен алектенет. Союз мезгилинде биздин айыл өкмөткө Алайкуудан 63 миң гектар жайыт беришкен, бирок ал жакка жетүү азап, жолдору абдан начар. Бирок мал көбөйгөндө айла жок баралы десек жергиликтүү тургундар ал жайлоолорго үй салып короолорун 5 гектардан кылып тосуп алышыптыр. Биз азыр Кара-Шоро жайлоосуна мал жаябыз, бирок ал жак тар, өкмөткө, президентке кайрылып жатып Кара-Кулжа айыл өкмөтүнө караштуу 93 миң гектар жайытты бизге убактылуу колдонгонго беришкен. Ал жакка баралы десек жергиликтүү тургундар дагы каршы чыгып “бул жерлерден алтын чыгат, өзүбүз иштетебиз, өзүбүз мал жаябыз” деп митинг кылып болбой коюшту. Жайыт комитеттери коррупциялык иштерге малынган, прокуратура текшергени барса жайыт комитетинин эсепчиси каза болгондо отчёттордун баарын өрттөп жиберишиптир. Ошол боюнча элден түшкөн жайыт салыгынын эсеп-чоту жок. Бул кандай болду, Кара-Кулжанын өзүндө 400 миң гектардан ашууну жайыт жер бар. Анча жерди басып жатканда эмне, жайыты тар болуп жаткан башка райондун жарандарына да пайдаланганга мүмкүнчүлүк бериш керек да. Мен жакында Курултайга делегат болуп шайландым. Буюрса, Курултайда бул маселени президентке айтам. Эл кыйналды, жайытка тиешелүү көйгөйүбүздү чечип берүүсүн суранам.
Лунара Бекиева